Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дамира, Бишкек шаарынын тургуну: “БӨЛӨМДҮН УУЛУ ЗОРДУКТАП, 15 ЖАШЫМДА ЭНЕ БОЛДУМ. БАЛАМДЫ БАШКАГА БЕРИП САЛЫШТЫ...”

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

Алдымда кайрадан аялзаты отурат арманын айтып. Он гүлүнүн бири ачыла элек 18 жаштагы кызда эмне арман? Эмнеге мынча үшкүрөт? Эмнеге мынча көз жаш төгөт? Каарманымдын башынан өткөн окуясына чогуу күбө бололу.

“ОРУСИЯДАН КЕЛСЕМ, АПАМ 1 ЖУМА МУРУН КАЗА БОЛУП КАЛЫПТЫР”

– Айтайын дегеним мен жашыра турган же өзүм жашына турган окуя эмес. Андыктан келечегим үчүн баарын ачыкка чыгарайын деп чечтим.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы айылдардын биринде чоңоюп-өстүм. Өз атам Ноокаттан болот, ал 6 жашымда өтүп кетип, өгөй атанын колунда калдым. 8-классты бүткөндөн кийин Орусияга кетүүмө туура келди. Анткени чоңойгон сайын өгөй атанын үйүндө анын балдары менен батышып жашоо кыйын болот экен. Апам да көп ооруйт эле, бөйрөгүнө эле 3 жолу операция жасалган. Апам “кызым, сен турмуш кандай оор экенин түшүнүшүң керек. Мен жок жашоого көнүшүң керек” деп, мени Орусияга жөнөттү. Москвада 1 жылча жүрдүм окшойт, акыркы күндөрү апам түшүмө кирип, өзүмдү жаман сезип эле туруп алдым. Аны менен бир ай мурун сүйлөшкөн элем. Ошол боюнча байланыша албай койдум. Анан чыдабай Кыргызстанга келдим. Үйгө келсем апамдын каза болгонуна 1 жума болуптур. Суук кабарды укканда нес болдум, мурдумдан кан кетти. “Эмнеге мага айткан жоксуңар?” деп ыйласам, “сени кыйналбасын, келгенде эле угузабыз деп ойлодук” деп коюшту. Ошентип апамдын муздак ордун сыйпалаган боюнча калдым.

“АДИЛЕТ МЕНИ ДАГЫ БИР НЕЧЕ ЖОЛУ ЗОРДУКТАДЫ...”

– Апамдын бир эжеси, 2 иниси бар. Инилери Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашашат. Мени таежем алып кетти. Таежемдин эки кызы, бир уулу бар. Ошол уулунун Адилет (каармандын аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) деген мени менен тең баласы, анан бир кызы бар. Адилеттин ата-энеси Москвага кетти да, бир үйдө таежем, 2 небереси, анан мен калдык.

Таежем арак иччү, кээде жумалап үйгө келбей калар эле. Адилет мен ал үйгө баргандан баштап ары-бери өткөндө кармалап кетип мага тийише берчү. Ачуусу чукул эле, бир нерсе деп каяша айтсаң тура калып муунтуп же чаап жиберчү “жетимсиң, бар үйүңө кет” деп. Коркконумдан унчукпай жүрө берер элем.

Бир жолу таежем дагы ичип үйгө келбей калды. Кыш, январь айы эле, жылуулугуна карап баарыбыз бир бөлмөдө жатчубуз. Адилет телефондон уят видеолорду көрүп отурган. Бир маалда эле келип мени баса калып, ой-боюма койбой зордуктап салды. Таежемди таене дейм, Адилетке “сени таенеме айтам” деп эле ыйлап калдым. Ал “сага ким ишенет, билгениңди кыла бер” деп койду. Айтам деген менен андай нерсени айта албайт экенсиң. Кимге айтам, эч ким ишенбейт да?! Ошентип убакыт өтө берди, Адилет андан кийин да мени бир нече жолу зордуктады. Акыры боюма бүтүп калыптыр.

“ТАЕЖЕМ “ЖЕТИМ, МЕНИН ТӨРҮМДӨ ЖҮРҮП ТУУП КОЙБО” ДЕЧҮ. ОШОЛ СӨЗҮНӨ ПЕРИШТЕЛЕР ДУБА КЫЛГАН ОКШОЙТ”

– Ошол маалда таежемдин турмушка чыккан эки кызы тең ажырашып үйгө келип калышты. Ошондо гана үйдө ынтымак орноду. Адилетти болсо атасы Москвага чакыртып алды. Адилетке этек кирим келбей жатканын, боюмда бар экенин айтсам “менден эмес, анткени мен бала жасаганга жашмын” деп моюнуна албай койду. Алдырып салайын десем, “биринчи баланы алдырып салса кийин төрөбөй калат” дегенди уккам. 15 жашта элем, курбуларымдын бири да билчү эмес, анткени ичимди бек таңып алат элем. Орозо кармаганымда ичимдеги бала тыбырчылай берчү. Ошондо “ии, тирүү жүрөт” деп койчумун. Өзүм толугураак кыз болгондуктан, айланамдагылар “толуп баратасың” дегени эле болбосо, эч ким байкаган жок. Октябрь айы келип, мектептен “алма терем” деп суранып алдым. Ошентип октябрдын экисинде уулдуу болдум.

Таежемдикине келгенден баштап ал мага “жетим, менин төрүмдө жүрүп тууп койбо” деп айтар эле. Ошол сөзүнө периштелер дуба кылып койгонбу, билбейм, ушундай окуя болуп кетти. Ичим ооруп баштаганда “сен сокур ичеги болуп жатасыңбы, ооруканага алып барыш керекпи же төрөтканагабы?” деди. Мен ыйлап эле туруп бердим. Анан таежемдин кызы четке алып чыгып сураганда “Адилет зордуктап койгон, бала силердики” дедим. Ошентип төрөтканага барып, уул төрөдүм.

“БАЛАМДЫ БИРӨӨГӨ БЕРИП САЛЫШТЫ...”

– Милиция кызматкерлери келип, мени 1 жума төрөтканадан чыгарбай коюшту. “Ата-энеси жок, жашы жете элек кыз силердин үйдө жүрүп төрөп жатат” деп таежемдерди суракка алышты. Таежемдин кызы мага телефон чалып “менин макулдугум менен ушундай иш болду деп айт. Антпесең, Адилет да, апам да камалып кетет. Эгер алар камалса, өзүң дагы, балаң дагы тирүү калам деп ойлобо!” деди. Анын айтканын аткардым. Таежем төрөтканада “бала да, кыз да меники, экөөнү 18ге чыкканда үйлөнтүп коём, чөбүрөлүү болдум” деп жаткан. Мен “ии, балам аман-эсен чоңоёт экен” деп сүйүнүп калдым.

Үйгө чыгып келгендин эртеси таежемдин кичүү кызы сабап, мага “баланы бакканга шартым жок, эмизе албайт экем. Өз ыктыярым менен бердим” деп тил кат жаздыртып алды. Туугандардын баары мага каршы чыгып, “сен биздин баланы жаманатты кылдың. Башкадан эле төрөдүң” дей башташты. “ДНК тест кылдыргыла” дедим айлам кеткенде. Менин үнүмдү уккан жан болгон жок, баламды алып, бирөөгө берип салышты. Ким экенин, кайда алып кеткенин да айтпай коюшту. Балам менен бир күн эле болдум, ошондон бери аны көрө элекмин.

“БИР ЭМЕС, ЭКИ ЖУМАЛАП АЧКА КАЛГАН КҮНДӨРҮМ БОЛДУ”

– Барып арызданайын десем корком. Кайда барбайын, телефон чалып “каякка жеттиң?” деп жетер-жеткиче кайтарып, көзөмөлдөп турушат. Ошентип күндөр өтүп кетти. Таежем “улуу кызым карызга батып калды, Орусияга барып иштеп жардам бер” деп мага паспорт алып берип, Москвага жөнөттү. Эжемдикине баргандан кийин 5 күн пол жууп иштедим да, алган 5 миң рублду дароо колуна санап бердим. Биз менен чогуу батирде баш-аягы 15 киши жашачу. Алардын көзүнчө эле эжем мени шылдыңдап, “жетим болуп туруп төрөп алды” деп, дагы башка жаман сөздөрдү айта берди. Ошол жерде бейтааныш адамдар эмнени түшүнмөк эле?! Бир күнү эжем жумушка кеткенде кийимдеримди жыйнап алып чыгып кеттим. Кыргызстандан Москвага чогуу келген байке-эжелердин номерлерин алган элем. Бирөөсүнө “байке, мен эжем менен урушуп кетип көчөдө калдым, жардам бере аласызбы?” деп чалдым. Ал менин жетим экенимди билет эле. Кайрылуумду четке какпай батир таап бергени үчүн ага рахмат.

Ошол маалда футбол боюнча чемпиондукка даярдык болуп жаткан. Үч ай стадиондо иштедим, батиримдин акчасын жапканга жетерлик каражат тапчумун. Андан кийин жумуш табыш кыйынчылык жаратты. Паспортум болгону менен, көпчүлүк жерде “18ге чыга элексиң” деп жумушка албайт эле. Күнүмдүк майда-чүйдө жумуш чыкса иштеп калам. Бир эмес, эки жумалап ачка калган күндөрүм болду.

“МЕН АТАМ-ЭНЕМ ДЕП ЖҮРГӨН АДАМДАР МЕНИ БАГЫП АЛЫШКАН ЭКЕН”

– Баягы эжем менен дагы уруша кеттик. Ал “сени Кыргызстандан алып келиш үчүн 20 миң сом кетти, ошону төлө” дейт. “Ушуну кайсы бетиңиз менен айтып жатасыз? Менин тагдырымды талкаладыңар. Силердин балаңар мени зордуктады – бул бир. Баламды сатып жибердиңер – бул эки. Эми баарыңарды соттотом. Мен жөн калбайм, баламды издеп табам. Эми мен тарткан азапты силер тартышыңар керек” дедим. Эжем “Эгер колу-бутуң узарып калса, колуңдан келгенин кыл. Сенин бизге эч кандай жакындыгың жок. Сен бизге эч ким эмессиң. Сенин атаң да, апаң да башка. Кыйын болсоң ошолорду таап ал” деди. Көрсө, мен атам-энем деп жүргөн адамдар мени багып алышкан экен. Бир жолу апам “кызым, сени багып алганбыз” деп айтканда жаман болуп “апа, сиз тамашаладыңыз, ээ?” десем, “тамашаладым, албетте, менин эле кызымсың” деп койгон. Көрсө, мени аяган экен. Мени өз апам таштап кетип, азыр жашоом кандай болуп жатат? Балам да ошондой таштанды жашоо көрбөсө экен дейм, эртеңки жашоосуна кайгырам.

“БОЛОЧОК ЖОЛДОШУМДУН АЛДЫНДА ЖҮЗҮМ ЖАРЫК БОЛУШУН КААЛАЙМ”

– Орусияда жашаган таякемдикине барып, анын баласын карап туруп калдым. 7 ай жашадым. Анан алар өзүмдөн 18 жаш улуу адамга турмушка беребиз деп чыгышты. “Сен төрөгөн неме болсоң, башка ылайыктуу деле адам чыкпайт. Үй-жайы бар экен, ушуга турмушка чыга бер” дешти. “Өзүмдөн өзүм бузулуп кетип төрөгөн жокмун да. Менин укугум тебеленди. Сүйбөгөн адам менен кантип жашайм? Мени Кыргызстанга жөнөткүлө” дедим. Таякем колума 10 миң рубль берип, бул жактагы досуна жөнөттү, “ушул кызга каралашып тур” деп.

Келгенден кийин төрөтканада жүргөндө менин ишимди алып барган тергөөчүгө чалдым. Ал таежемди, Адилетти чакыртып суракка алды. Алар сурактан чыккандан кийин мени издеп башташыптыр.

Адилеттин карындашы менен сүйлөшүп турам кээде, ал мага чалып “айылдагылардын баары келгениңизди билет экен. Абайлаңыз, сизди издеп жатышыптыр. “Караларга” салып жок кылабыз” деп жатышат” деди. Аны тергөөчүгө айтсам, “азыр 1-2 иш бар. Аларды бүтүрсөм эле сенин ишиңди баштайм” деген. Ушинтип иштин чоюлуп келе жатканына 2 жылдын жүзү болду. Мендей зомбулукка кабылгандардын үнүн ким угат? Укугун ким коргойт? Баламды ким алып бере алат? Болгон максатым – баламды колума алуу. Баламдын кандай чоңойгонун да элестете албайм. Оюма өзүмдүн башыма келген оорчулуктар келе берет. Азыр бир байке “мага турмушка чык” деп жүрөт. Мурда үйлөнүп, балалуу боло албай ажырашкан экен. Ал “балаңды ал, кор кылбай багып алам. Ал баланын артынан дагы бала келсин” дейт. Бирок азыр турмушка чыгайын деген оюм жок, баламды өз колума алсам ыраазы элем. Эмнеге окуямды коомчулукка жарыялап жатам, анткени атымды тазалагым келет. Көчөдө басып жүрүп төрөбөгөнүмдү, мени күч колдонуп зордуктаганын далилдегим келет. Болочок жолдошумдун алдында жүзүм жарык болушун каалайм. Бардык эркектерге күнөө коюуга да болбойт, баарына кыз күнөөлүү деген ой да болбошун каалайм.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(31)
23.10.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+57
Тооба кылдым чогулуп жардам бериш керек экен,жетим деп ардеке кылышканго ыйлагым келип кетти
23.10.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Missing-u,туура. Анан тиги тергоочудон да сурабайсынарбы супер. Эмнеге 2жылдан бери иш козгобойт??? Жообун кутобуз кийинки санда
23.10.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
байкуш аял заты...Бизде эмнегедир аял кишини аябай эле кордойбуз.Жетим болсо ата энеси жок болсо кудай барго баарын коруп билип турган...Арткы дуйнодогу жоопкерчиликтен коркушпайт бекен.Бирок жашоо кайтар дуйно дейт баары оз алчусун алат...Эч ким жоопкерчиликсиз калбайт.
23.10.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Эх ыйлагым келип кетти.Неге унчукпай журдун баштан.
23.10.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ыйлагам келип кетти((. Он гулунон бир гулу ачыла элек кыз. Башынан кандай гана сыноолор отуптур. Бактылуу болсон экен ылайым...
23.10.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Эххх, байкуш. Биздин коңшу айылда болгон окуя. 2-3жыл мурун уккан элем.
23.10.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошон учун кыздардын ан сезимин которуу зарыл. Бир жагынан ушул кыздын окуясы коптогон жаш кыздарга сабак болуш керек. Адамдар баарыбыз окшошпуз. Айтмакчы, бироонун жашоосунан сабак алыш керек. Ушундай жамандыкты коруп, жакшылыка уйронобуз.
23.10.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Молодец кыз экен бирок, бир аз жардам берип колдоп койсо аркысын өзү эптеп кеткидей. Бактылуу болушуңа чын жүрөктөн тилектешмин, жакшыы жигитке турмушка чыгып бактылуу аял,эне бол сиңдим!
23.10.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Колубуздан келген жардамды берели. Чогулуп коомдо которуло турган тема экен.
23.10.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Журогум ооруп чыкты.Ичип кочодо жургон жан болсо бироонун эмес озунун баласына тарбия бере албагандан кийин,балдар уйуно эле откоруп берсе болбойт беле? Бешиктен бели чыга элек кыздын жашоосун талкалап,аз келгенине уруп-согуп,иштетип акчасын алып,кордоп.Жаш болсо да анча мынча нерсеге акылы жетет экен кызыды,ДНК дегенди мен 15 жашымда билбейт элем.Эми озуно бекем бол синдим сенин бул тагдырынды угуп оздорунчо боору ооруп ,жардам берген киши болуп сенден башка нерсе талап кылгандар толтура.
23.10.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Неге мынча аял затын физикалык жактан алсыз кылып жаратып койду экен? Ар бир баланы оз ата-энеси менен кыйнасын кудайым.
23.10.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Көп жашаган эмес көптү көргөн билет дегендей. Жапжаш туруп ою менен акылы менен чоноюптур да. Байкуш. Энени баладан,баланы энеден ажыратпасын. Сурак берчү күн да бар
23.10.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх кандай окунучтуу.Эне баланы эч км ажыратпасын
23.10.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Супер инфо ушу кызга жардам берсенер жакшы болмок.
23.10.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-34
Дамираны жакшы билбесем да ,бирок биз мн чогуу окуган болчу ,адашпасам 11-клда тороп койгучекти билген эмеспиз ,оа жетим деп эле ушунча кордолуптур ,бирок эстейм эжекелер,классташтар бааары кечип кеткен бул кыздан ,атыны атабагыла дешчу , берки бала да классташ эле башка клда окучу , бирок азр бирообузда байланышпайбыз ,себеби биздин атыбызды булгаган деп эххх бактылуу болсун
23.10.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
ACMAH,ошо ежекелерин да оздорунун артын ойлогон да иштен айдалабыз деп дым дымм кылып
24.10.2018. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ACMAH,ХХХХ ошон учун байланышпай журосунор акылынар болсо биринер ахывалын сурап койбойт беленер
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-24 11:09:40
25.10.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ACMAH,акылсыздар...Бироону сындасанар башынарга келет
23.10.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ошол тергоочу ким? данныйын бергилечи? териштирели бул иш эмнеге 2 жыл созулуп кеткенин? ким деген тергоочу карап атты эле?
24.10.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым жардам берсин. Коммент окусан личкама жазып кой. Колдон келишинче жардам берейин.
24.10.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кызга юридический жардам бериш керекго, адвокат жалдап, ушу кантип болсун жетим деп эле ушунча кордошкон, укугу тебеленип тепселип калыптыр вообще бул кыздын, балким бироо жарым чыгаар жардам берген,
25.10.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акылдуу кыз экен,багын ачылсын ылайым
25.10.2018. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогум ооруп,уйкум качып,ыйлагым келип жатам.Байкуш кыз.
25.10.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарын таап сотко бериш керек,бактылуу бол карындашым! Баары жакшы болот.
25.10.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи орунда атандын жашаган жерине барып тууган уругунан кимден багып алганын тактап тапсан, анан баланды изде дейт элем. Байкуш кыз кичине болуп туруп акылы тетик экен.
25.10.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мага тийсен алам тамашасы жок
27.10.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Elaman_Arypov,Эркек экенсин. Молодец. Сендей жигиттер бар дуйно сакталып турат.
27.10.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
муну кылгандар, коруп билип туруп, ошол милиция, анан ошол айылдагы билгендер жардам кылбагандар Алланын астында жооп бересинер
27.10.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таежесинде экен куноонун баары .Жетимсин деп жерип журуп жаш кыздын багын талкалаптыр .Балдары да озуно окшоп тарбиясыздар экен.Синдисинин багып алган кызы болобу,родной кызыбы кандай болгон кундо да жакшы мамиле кылса олобу .Жетимдин башын сыласа Аллах мин эселеп сооп берет деген соз бар элибизде
28.10.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларга алланын каардуу азабы болсун
29.10.2018. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол айылда жашаган адамдар жардам бергендин ордуна кайра басынтасынар. Уят
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо