Нурмат Садыров, ырчы: “ЖАКШЫ КЫЗ ТАПСАМ СҮЙБӨСӨМ ДА ҮЙЛӨНӨ БЕРЕМ”

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

Сахнада бир мүнөз, токтоо Нурмат Садыров жашоодо абдан тамашакөй, куудул экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Бул аптанын каарманы Нурматтан дарыгерлерге нааразычылыгын, жеке жашоосу тууралуу кызыктарды уктук.

– Нурмат, учурда тойдун сезону эмеспи. Бир айда орточо канча тойго барасың, эсептеп көрдүң беле?

– Азыр көбүнчө аймактарга чыгып жатам. Эгерде Бишкекте болсом жок дегенде 2-3 тойдо ырдайм. Жума, ишемби, жекшемби күндөрү 5-6 тойго жетишебиз. Көп адамдар ырчылар акчаны долларлап таап жатышат дешет. Бирок тапкан каражаттардын көпчүлүгү чыгармачылыкка жумшалат. Мамлекет ырчыларга эч нерсе төлөп бербейт да. Ошондуктан өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Кээ бирлер “ырчылардын айткан ставкасы асмандын башы” деп сындашат. Мен арзан да эмес, кымбат да эмес, 200-300 долларга ырдайм. Эң негизгиси, той ээсин ыраазы кылам.

– Тойлордо тамадалар менен ырчылар ортосунда келишпестик көп болот экен. Сенде да мындай маселе болгонбу?

– Андай сөзсүз болот. Кээ бир тамадалар биздин жумушту түшүнүп, көп күттүрбөйт. Ошол эле учурда кечке күттүрүп, өзүнүн программасын өткөрүп туруп алгандар бар. “Бир тосттон кийин ырдатам” деп коюп, сөзүндө турбай аябай күттүрүшөт. Кан басымым көтөрүлүп чыкса да өзүмдү кармап, “сабырдуу бол, Нурмат” деп алаксытам. Айрым тамадалар кээде психологиялык жактан чарчатып коюшат.

– Орусия шоу-бизнесин Алла Пугачёва, Иосиф Кобзон тескешчү дешет. Биздин ырчыларга таасир көрсөткөн адамдар барбы?

– Бизге да багыт көрсөткөн адам болсо жакшы эмеспи. “Менин укугум бузулуп жатат” деп арызданып бармакмын, маселемди чечип алмакмын. Кыргыз эстрадасындагылар азыр ар ким өз көйгөйүн өзү тартып жүрөт. Биринин да сөзү эч кимге өтпөйт.

– Айылдарга гастролго барганда жергиликтүү эркектер кыр көрсөтүп, “доля” сурашат экен. Бул маселеге мен кезиккен эмесмин десең ишенбейм...

– “Бир кумалак бир карын майды чиритет” дегендей, ар бир айылда караңгы адамдар бар. Ошондуктан мен алыс жакка чыксам жоопкерчиликтүү бирөөнү ээрчитип алам же барган аймактан бирөө менен сүйлөшүп алам. Мурун гастролдо көп жүрүп андай жагымсыз окуяларга тушукчубуз. Концерт учурунда залга аты менен кирип кеткендер болгон.

– Чыгармачылыкка кетирген мээнетиң, чыгымдарың акталдыбы?

– Кетирген чыгымдар эч качан акталбайт го. Чыгымдан сырткары өмүрүм да, ден соолугум да кетти. Жаштыгыбыз деле кетип жатат. Чыгармачылык деп жүрүп өмүрүбүз дөңгөлөк үстүндө өтүүдө. Ырчы болом деп жүрүп мени пайдаланган кесиптештерге деле туш болдум. Бирок башымдан өткөн кырсыктар, сыноолор, баарын сабак катары кабыл алам. Бир кезде мени пайдаланган ырчылар азыр мага өйдө карап сүйлөй алышпайт. Анткени ошол кезде чоң катачылык кылышкан.

– Бир жолку "Сармерден" кыз-жигит айтышында сени “жандуу ырдай албай калды” деп сындашты эле. Мындай сынды кандай кабыл аласың?

– Анда комуз менен жакшы эле ырдагам. Жанымда улуу муундагы адамдар отурганда, балким, сүрдөгөндүрмүн. Бул жашоодо кыйын эч ким жок. Дүйнөнү укмуш таң калтыра ырдасам азыр башка мамлекетте ырдап жүрмөкмүн. Өтө жаман ырдасам мындай ийгиликтерге жетмек эмесмин. Бир эмес, бир нече угармандарым бар, “тембриң жагат” деп мени баалашат. Алар кантип калп айтмак эле? Жандуу үн менен ырдашымды далилдейин деп былтыр ноябрда концерт бердим. Анда да алдын ала тамагым ооруп калбаса экен деп коркуп жаттым эле, коркконумдай болуп калды. Бирок жакшы, күйөрмандарым колдоп, туура түшүнүштү.

– “Тамагымды дарылатам деп таң калычтуу окуяга туш болдум” дедиң. Кандай окуя, ошол тууралуу айтып берсең.

– Бизде жоопкерчиликсиз дарыгерлер бар экенин билген эмес экенмин. Эртең концерт деген күнү үнүм бүтүп, тамчылатма дары алыш керек болду. Түндө ооруканага барсак нөөмөттөгү дарыгер жигит мас экен. “Эмне мас болуп жүрөсүң?” десек моюнуна албай кайра бизге атырылды. Эптеп дары жазып бергенине ичибиз чыкпай башка ооруканага бардык. Ал жактан жакшы дарыгерлер карап, укол сайып беришти. Күтүлбөгөн жерден баягы кызуу дарыгер ошол жакка да бир кемпирди алып келиптир. Бет кап кийип алган экен, тим эле ичимдиктин жыты буруксуп сыртка чыгып жатат. Ага “биз го мейли, тамагыбыз ооруп келдик, өлөйүн деп келген болсо кантип сактайт элең?” десек дагы деле атырылып туруп алды. Окуянын баарын видеого тартып алган элек. Дарыгерлер суранып, мас врач да күнөөсүн моюнуна алып кечирим сураган соң чыгарбай калганбыз.

– Тилекке каршы, беш кол тең эмес да. Эми өзүңө кайрылалы. Дайым эле “жүрөгүм бош” деп келесиң. Кыздарга көңүл бурганга убакыт барбы өзү?

– Убакыт жок, чынында. Жаңы алган үйүмдө деле апамдар менен бутту сунуп отуруп чай иче элекмин. Дос-тааныштар “эртерээк үйлөнбөйсүңбү?..” дей беришет. Мен аябай деле убактым өтүп кетти деп кейибейм. Анткени жаман жолдо жүргөн жокмун, кыялдарымды ишке ашырып келатам. "Жаш өткөн сайын кыз тандап каласың" дешет го. Мен, балким, сүйүү жашынан өтүп кеткен болсом, жакшы кыз тапсам үйлөнө берем.

– “Эркек киши сүйбөсө кийин басып кетет” дешет. Ал жактын жоопкерчилигин да аласыңбы?

– Бул жактан да, албетте, ойлоном. Менин аябай сүйүшүп-күйүшүп баш кошкон досторум да, ошол эле учурда “жакшы кыз” деп сураштырып үйлөнгөндөрү да бар. Салыштырып көргөндө жакшы кызга үйлөнгөн досум аябай бактылуу. Балким, сүйүп алармын, балким, досумдай болуп жөн эле жакшы кызга үйлөнөрмүн.

– Эгер баш айланган сүйүүгө кабылып, бирок кыз талаптарыңа жооп бербесечи?

– Мен өзүмдүн жүрөгүм самап жаткан нерсени эле эмес, апамды, жакындарымды да ойлойм. “Бир нерсени каалап жатам” деп өз билгенимди кыла бербейм. Сөзсүз бирөөлөр менен кеңешип, анан иш кылам.

– Рахмат маегиңе! Кыялдарыңа жет!

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Нурмат Садыров:“Жакшы кыз тапсам сүйбөсөм да үйлөнөм”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(16)
23.10.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чыгармачылык ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
23.10.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ушул ырчы.
SUPER.KG видео
23.10.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой бой которбогон баладай
23.10.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец апасынын оюн угуп үйлөнсө жаман болбойт,туура айтасың,сүйүү никеден соң башталат.
23.10.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нурмат ушул сыныңан эч жазба. Чыгармачылыңа дайыма ийгилик. Апаң менен кеңешип эртерек үйлөн, иш бүтпөйт. Үйлөнүп алып деле, жубайың менен бирге максаттарыңа жете бересиң. Өзүңө жарашкан жакшы кыз жолуксун.
SUPER.KG видео
23.10.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сүйлөшкөн кызы бар го
23.10.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйсөң жакшы көрүнөт да
23.10.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр эркек эмес кыздар апасын укпаган заман молодец.
23.10.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы бала озу жонокой
23.10.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Башыңа сүйүү келгиче ушинтип турасың да. Сүйүп калганда анан ой, албасам өлөм талам деп баштайсың)))
24.10.2018. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын
jon.as түзөттү 2018-10-24 06:34:36
24.10.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы онорун оркундой берсин
24.10.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
азыр мага ойдо карап суйлой алышпайт деп катуу кеткен экен. азыр мега жылдыз болуп кеткенсип))
24.10.2018. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм
26.10.2018. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмоттон жардам жок ырчыларга дейсин.
.хорошо ырдап жанынды бага бер алты санын аман..биздин окмот оорукчан тошокто жаткандарга жардам бере албай келет кайдагыны айтпачы ырчы болбосок да жан багып атабыз догурунбай эле...
27.10.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала негедир жагат мага .Жонокой,сылык -сыпаа . Бактылуу бол иним!Сага колукту болчу кыз эн бактылуу кыздардын болот болуш керек. жаман создон ,жаман коздон алыс бол ! Ийгилик!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо