Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

АШКАБАКТАН ТҮРЛӨП ДААМ ЖАСАҢЫЗ

Ашкабак – табияттын сыйкырдуу жашылчасы. Бул жашылчаны тибет элдик медицинасында боорду, бөйрөктү, гастритти, ашказан жарасын айыктырууда колдонуп келишкен. Сиз да ашкабактан түрлөп даамдарды жасап, ден соолугуңузду чыңдап, менюңузду байытыңыз.

Ашкабак самсасы

Керектелүүчү азыктар:

Каттама камыр – 400-500 грамм

Ашкабак – 500 грамм

Пияз – 2 баш

Өсүмдүк майы – 5 аш кашык

Жумуртка – 1 даана

Туз, мурч – татымына жараша


Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабакты ичиндеги уругунан тазалап, кабыгын аарчып, сүргүчтөн өткөрүп же майда туурайбыз.

2. Пиязды аарчып, ичке туурап, өсүмдүк майына 5 мүнөттөй кууруп алабыз.

3. Куурулган пиязды ашкабактын үстүнө салып, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

4. Каттама камырды 50-60 граммдан бөлүп алып, тоголоктоп, ар бирин 2-3 миллиметр калыңдыкта тегерек формада жаябыз. Камырдын ортосуна 2 аш кашыктан туурамжы салып, шар формасындай кылып түйөбүз. Камырды ашкабактын формасына окшоштуруу үчүн чыгырык жипти камырды айланта ороп, бөлүктөргө бөлөбүз. Камырдын түйүлгөн жагы асты жагында калышы шарт.

5. Самсанын эң үстүнө жыпар мончоктон (гвоздика) же грек жаңгагынын маңызынан саябыз. Бул “ашкабак” самсанын сабагы. Эми самсанын бетине жумуртканын сарысынан сүртүп, 220 градуста иштеп турган электр мешине кызартып бышырып алабыз. 


МАФФИН

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 750 грамм

Сүт – 400 миллилитр

Жумуртка – 3 даана

Ун – 250 грамм

Кумшекер – 50 грамм

Каймак май – 100 грамм


Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабактын кабыгын аарчып, чакан бөлүктөргө бөлүп, манты касканга салып бууга бышырып алабыз.

2. Бышкан ашкабакты эзип, сүт, кумшекер, жумуртка, каймак майды, унду салып жакшылап аралаштырабыз. Табитиңизге жараша мейиз, шоколад күкүмдөрүн кошсоңуз болот.

3. Кекс бышыруучу калыпты бир аз майлап, тең жарымына чейин аралашмадан куюп, 180 градуста иштеп жаткан электр мешинде кызартып бышырып алабыз. Маффиндер муздаган соң бетине кумшекер упасынан себелеп, дасторконго койсок болот.


КУЙМАК

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 500 грамм

Банан – 1 даана

Кумшекер – 2 аш кашык

Көбүрткүч (разрыхлитель) – 1 чай кашык

Ун – 200-250 грамм

Өсүмдүк майы – 200 миллилитр

Туз – татымына жараша


Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабактын кабыгын аарчып, үстүнө 1 стакан суу куюп, жай отто эзилип бышканча кайнатып алабыз.

2. Бышкан ашкабакка бананды туурап кошобуз да, эзебиз. Татымына жараша туз, мурч кошулат. Эми буга ун менен көбүрткүчтү аралаштырып салып, өтө суюк эмес, өтө коюу эмес ботко даярдайбыз.

3. Көмөч казанга майдан куюп, боткодон 1 аш кашыктан салып, эки тарабын тең кызартып бышырып алабыз.


АШКАБАК НАНЫ

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 250 грамм

Ун – 500 грамм

Ачыткы – 1 чай кашык

Суу – 3 аш кашык

Майонез – 80 грамм

Кумшекер – 2 аш кашык

Жумуртка – 1 даана

Сүт – 1 аш кашык

Туз – 1,5 чай кашык


Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабактын кабыгын аарчып, үстүнө 1 стакан суу куюп, жай отто эзилип бышканча кайнатабыз.

2. Ачыткы менен бир аз кумшекерди аралаштырып, үстүнө 3 аш кашык жылуу суу куюп, 10-15 мүнөткө тыныктырып коёбуз.

3. Бышкан ашкабакты эзип, ага майонез, туз, кумшекер, ачыткыны кошуп аралаштырабыз да, үстүнө унду салып камыр жууруйбуз. Камырды жылуу ороп, ачытып алабыз.

4. Ачыган камырдан кадимкидей нан жасап, бетине жумуртканын сарысы менен сүттүн аралашмасынан сүйкөп, электр мешинде кызартып бышырып алабыз. Ашкабак кошулган нан таттуу жана жумшак болот. 


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
23.10.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго бышырып корушум керек экен.
23.10.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашкабак самса жегим келип жатат)) Наны сонун болот да былкылдап
23.10.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аш кабакты обожаюго ))) Чокко бышкандан баардык турун жактырамын,нанын жасап коруш керек экен.
23.10.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зору
27.10.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде суроттору ачпай жатат админ
27.10.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Скуга бышырып Кадимки котлетке да сухаринин оордуна кошом сочный болот
30.11.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тандырга жапкан нанга дагы ашкабак кошуп жабат элем нан катыбайт жумшак болуп даамы да сонун болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо