Роза Шакирова, ырчы: “ЖОЛДОШУМ КАНДАЙ УНАА ТАНДАП БЕРСЕ АЙДАП ЖҮРӨ БЕРЕМ”

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

Үлгүсү – Land Rover Range Rover 4

Эң жогорку ылдамдыгы – Саатына 180 чакырым

Кыймылдаткычынын көлөмү – 3600 сантиметр куб

Түсү – Кочкул жашыл

Чыккан жылы – 2006-жыл

Баасы (3 жыл мурун) – 23 миң доллар

Азыр орточо баасы – 10-12 миң доллар

Ырчы Роза Шакированын рулга отурганына 9 жыл болуптур. Ырчынын жолдошу мурун унаа сатып иштегендиктен, сатууга коюлган ар бир машина Розанын сынынан өтчү. Дегеним, сатыктагы унаалардын кардары табылгыча ырчы айдап жүргөн. Розанын кандай айдоочу экенин маектен окуңуз. – Роза, кандайсың? Машина тууралуу сүйлөшөрдөн мурун мүнөзүңө токтолсок. Шашма, бир нерсеге бат реакция кылган адамдай көрүнөсүң?

– Саламатсыңарбы? Ооба, кээде токтоо, кээде шашмамын.

– Рулга отурганда ошол мүнөзүңдүн таасири тийбейби? Мисалы, шашып кетип жол эрежесин бузуп...

– Рулга отурганда токтоомун. Себеби айдоочунун кызымын да. Атам 50 жыл айдоочу болуп иштеген. Ыраматылык атам КамАЗ айдачу, бирок ал кезде машина айдаганга кызыкчу эмесмин. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, айдоочулук жөндөм менде да бар. Бирок жаныма “псих” бирөө отуруп алып “акырын, токто, бул жакка, тиги жакка” деп үйрөтө берсе шашып калам.

Чынында мыйзамга баш ийген айдоочумун. Кокус жол эрежесин бузсам, айып пулду сөзсүз төлөйм.

– Чыныңды айтчы, айдоочулук күбөлүктү окуп алдың беле?

– Айдоочунун окуусун кичине окудум, бирок практикада 3 жыл жүрдүм десем жаңылышпайм. Рулга автомектепте окуганга чейин отурган элем. 3 жыл айдоочулук күбөлүк жок айдап жүрүп МАИчилерге далай түштүм. Акыры 2009-жылы автомектептен окуп, айдоочунун күбөлүгүн алып чыктым. Андан сырткары жашоодогу устатым жолдошум болду.

– Жаныңда эч ким жок, биринчи жолу рулга отурганыңды айтып берсең?

– Жолдошум экөөбүз унаа базарга барып машина алдык. “Айдаганды билесиңби?” десе, камырабай “билем” дедим. Рулга отурарын отуруп алып, базардан айдап чыга албай уят болгом. Андан кийин Ысык-Көлгө барып калдык. Биз менен ырчы Нурбек Дайырбек уулу да комуз алганы барган. Кайра келе жатканыбызда жолдошум рулду мага берип койду. Нурбек "рулду Розага бербеңиз" деп кыйкырып, коркконунан арткы орундукта чүмкөнүп отурду. Жамгырга карабай жакшы айдап келгем.

– Алгачкы унааңдын маркасы кандай эле?

– Алгачкы унаам Honda үлгүсүндөгү машина эле, бирок кайсы модель экени эсимде жок. Себеби ал кезде жолдошум машина сатып иштечү. Ошон үчүн бир жылда 2-3 унаа айдап калдым, албетте, алар сатылып кеткенче.

– Азыркы машинаң канчанчысы?

– Азыркы машинам сегизинчиси болуш керек. Мунун жакканын да, жакпаганын да билбейм, баарын жолдошум тандайт. Жолдошум кандай унаа тандап берсе айдап жүрө берем. 3 жылдан бери ушул машинаны айдап келе жатам.

– Мурун “1 жылда 2-3 машина алмаштырчумун” дебедиңби, 3 жылдан бери ушул унааны айдап жүргөнүңө караганда жолдошуң машина сатуу менен алектенбей калган окшойт...

– Ооба, ошондой.

– Күнүнө майга канча акча коротосуң?

– Күнүнө 1000 сомдой кетет. Алыска чыксам андан да көп.

– Машинаң бузулуп жолдо калсаң ким сүйрөтүп келет?

– Мен кээде майын деле карабай айдап кете берем. Майым түгөнүп же дөңгөлөгүм жарылып калган учурлар болуп калат. Анда жолдошум жардамга келет.

– Машинаң бузулса, анча-мынчасын оңдоп жибербейсиңби?

– Айдагандан башка эч нерсесин түшүнбөйм.

– Акыркы жолу коомдук унаага качан түшкөнсүң? Бир жолу бир ырчы коомдук транспортко түшүп, бетин колу менен жаап аябай ыңгайсыз болгонун көргөм. Андай учурда сен да өзүңдү ыңгайсыз сезбейсиңби?

– Машинам жок болуп калганда коомдук унааларга, таксиге түшөм. Ал эми троллейбуска көптөн бери түшө элекмин. Түшкөндө уялбайм, эмнеге уялмак элем? Троллейбус, автобустарда эле жүрчүбүз да. Бизди колдогон, ырыбызды уккан, күйөрмандык кылган, Роза Шакирова деп атымды чыгарган эл да. Эл бар үчүн биз ырчы болуп, атыбыз чыгып жатат.

– Коомдук унааларда жол кире канча сом?

– Маршруттук таксиде 10 сом, троллейбуста 5 сом.

– Троллейбустарга 5 сомдук кезинде түшкөн экенсиң, азыр аларда жол кире 8 сом.

– Аа, ошондойбу? Кымбаттаптыр да.

– Маегиңе рахмат, машинаңды дайыма жакшылыктарга айдап жүр.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(7)
23.10.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уй булоолук бакыт ишине ийгилик каалайм! Жан дуйносу таза жасалмалуулук деген жок эн мыкты аял затысын,ушунундан жазба.
23.10.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тарсылдап бетке, эч нерсени жашырбай айтканы жагат да.
24.10.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майында карабай айдап журо берем дейби отоле .....
24.10.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazgul20, бензинди айткан жок, башка майын айтиы тосол мосол дегендерин
24.10.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизге камкор жана куйумдуу жолдошунуз бар экен.Бактылуу болунуз!!!
25.10.2018. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10 жыл мурда 50000$ эле деп да жазып койгула ошончо болду
26.10.2018. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы..мен деле 6 жылдан бери кудай сактасын авария тартип бузуп мыкендерге тушо элекмин кээде за ремень..баланы астынкы орундукка отургузуп деп тозбосо баары жакшы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо