Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

№833 19-25-октябрь, 2018-жыл

(Башталышы өткөн сандарда)

ххх

 

– Апоу, мен атамды үйгө конокко чакырсам болобу?

– Ал ансыз деле күн сайын келип жатат го.

– Жок, бирок ал мени жеткиргенде эле келет. Эшиктен эле кетип калып жатпайбы? А мен болсо аны тамак жасап алып үйгө чакырсамбы деп жатам.

– А сен эмне, тамак жасаганды билесиңби?

– Жок, сен жасап бересиң да.

Айсулуу күлүп жиберди.

– Мен бошобойм да, кызым.

– Жок, биз дем алыш күнү чакыралы атамды. Сен да бош болосуң ошондо.

– Ал күнү мен эс алгым келет.

– Апа-а, суранам,- кыз жалооруй тиктеди. Кантип бул сүйкүмдүү адамдын суранычын четке каксын апасы?



ххх

– Сен ушул жекшемби күнү биздикине кел, ээ? Тамак жасап коём,- кыз чоң кишидей сүйлөдү. Аны жетелеп келе жаткан атасы аны суроолуу карады.

– А эмнеге? Айсулуу...

– Жок, ал каршы болбойт. Мен аны менен сүйлөштүм.

– Бирок... Тимур?

– Аа, ал жок. Көптөн бери биз менен жашабайт. Сен эмне мени жеткирип барып жатканда анын үйдө жок экенин көргөн жоксуңбу?

– Жумушунда го дегем...

– Жок, ал башка аялы менен жашайт. Ошондуктан сен кам санаба. Дем алыш күнү саат 5ке келсең болот.

– Макул, кызым.



ххх

– Та-ак, атаң канчага келет?

– 5ке.

– 5ке?- Айсулуу чочуп кетти.

– Ооба. Эмне, эртеби?

– Жок. Кеч да. Түшкү 12лерге чакырсаң деле болот.

– Мен 5те деп койгом. Ал ошого келет.

Айсулуу эмне дешти билбей калды. Бирок кызынын көңүлүн кыя албады. Экөө күнү бою ашканада убараланып жүрүштү. Манты жасашты.



ххх

– Келди окшойт,- коңгуроо кагылганда эле Айназик кулак түрүп калды.

– Келсе эшикти ач,- апасынын жообун угары менен кыз тепилдеп чуркап жөнөдү. Ага кошулуп Байэл деле кубанып алган. Кыязы, ал атасы Тимур келди деп ойлоду окшойт.

– Канда-ай?- кыз атасынын моюнуна асылды. А Байэл болсо аларды түшүнбөгөн көз караш менен карап калды. “Бул чоочун киши ким? Айназик, сен эмнеге аны кучактап алдың?” деген суроо балакайдын көздөрүнөн дапдаана эле окулуп турду. Азамат муну дароо сезди.

– Салам,- кызды жерге коюп, балакайга кол сунду Азамат.

– Салам де, Байэл. Бул ата,- Айназик бөбөгүн алдаганга өттү. А бөбөк болсо бакырайган көздөрүн ирмегилеп, артка кетенчиктеди.

– Ыкы, ата меш бу.

– Мен байкемин, ээ? А сен машиналарды жакшы көрөсүңбү? Карачы, мен сага,- колундагы баштыгынан кыпкызыл оюнчук унааны алып чыкты.

– Бул өзү жүрө алат экен. Мына, бул пульт менен башкарса болот,- оюнчук унааны жерге коё салып пульт менен башкарып ордунан жылдырды.

– Эхе-хей,- балакай күлүп жиберди.

– Кана, өзүң кармап көрсөң. Мына, карма,- бөбөк тайсалдап турду. Бирок баш тарта албады. Шып эте Азаматтын колунан пультту алып, анан жердеги оюнчукту көтөрүп колтугуна кысты да ашканадагы апасын көздөй томпоңдоп чуркап кетти.

– А магачы?- жанатан карап турган Айназик атасын үмүттүү карады.

– А сага бул жомок китеп.

– А апамачы?

– Мм... Мен...- Азамат ыңгайсыз болуп кетти. Ал Айсулууга эч нерсе алган эмес болчу.

– Кийинкиде апама белек алганды да унутпа, ээ?- кыз суранды.

– Эмнеге мага белек? Жок, кереги жок. Кир, Азамат. Айназик сени конок болуп кетсинчи деп кулакты жеп койду...- арыдан чыга калган Айсулуу актангандай сүйлөдү. Азамат экөөнүн көздөрү чагылыша түштү.



ххх

– А биз манты жасадык сага. Манты жагабы?- кыз атасынын алдына тарелка коюп жатып сүйлөдү.

– Ооба,- ушул учурда Байэлдин кызыл унаасы келип Азаматтын бутун бир сүздү.

– Ой, бутум,- буту ооругандай түр көргөздү Азамат. А Байэл болсо каткырып жиберди. Анан экөөнүн оюну башталды. Улам унаасын артка жылдырып, кайра-кайра Азаматтын бутун сүзгүлөтүп, анын “о-ой” деп бутун кармай калганына маашырланып каткырып жатты Байэл. Айсулуу ыңгайсыз болуп кетти эмнегедир. Анын үйүндө бир кездеги күйөөсү, кызын алып качып аны азапка салган, өзү түрмөгө каматтырган адам бейкапар гана кийинки күйөөсүнөн төрөгөн баласы менен ойноп жатты. Муну түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес болчу. Кантип ушундай болсун? Кантип ушул Азаматтын ичинде кымындай да таарыныч калбасын? Ушинтип будамайлап туруп өч албайбы бул? Деги бул сообу? Соо адам кантип ушинтсин?

Стол үстүнө тамак коюлуп, баары отурушту. Анан ушул тапта Айназик бир нерсени эстегендей чуркап кетти да, кайдан-жайдан 2 күлгүн түстөгү шам көтөрүп келди.

– Муну күйгүзүп коюп коёлучу?- деди кыз кубанган түр менен.

– Эй, сен муну кайдан алып келе калдың?- ансыз да ар кайсы ойлордон улам өзүн таппай турган Айсулуу чындап чочуп кетти.

– Өзүм алып келгем,- кыз калп айтты. Коңшу кызга кечээ алдырткан болчу.

– Жок, коюп кой ары!

– Апа-а,- бир эле жалооруй тиктеди да, ашканага ширеңкеге чуркады. Кайра келди да ширеңкени атасына карматты.

– Күйгүз, ата!- Азамат Айсулууну тиктеди. Ал да элейип калган экен. Бири-бирин тиктеп жылмайып алышты.

– Булардын алдына да кичине тарелка алып кел,- деди Айсулуу ошол жылмайган калыбында. Шамдар күйдү. Байэл аларды кызыгып карап жатты. Бөлмөнүн ичи аларсыз деле жарык болуп турган. Айназик муну ойлоно калды да, чуркап барып пардаларды жапты. Бөлмө күңүрт тартып, шамдардын нуру чыга келди.

– Мына эми тамак жейбиз,- Айназик кубанып алган. Бардыгы ал ойлогондой болуп келе жатат. Ал дайыма кинолордо бири-бирин жакшы көргөн адамдар ушундай шамдардын жанында тамактанып турганын көрчү. Атасы менен апасына ошондой шарт түзгүсү келген. А балким, дал ушул шамдар экөөнүн ортосуна жакшы көрүү пайда кылаттыр? Атасы менен апасын тиктеди. Экөө тең кызарып алышыптыр...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 793-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 794-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 795-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 796-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 797-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 798-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 799-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 800-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 801-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 802-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 803-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 804-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 805-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 806-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 807-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 808-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 809-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 810-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 811-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 812-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 813-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 814-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 815-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 816-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 817-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 818-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 819-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 820-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 821-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 822-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 823-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 824-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 825-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 826-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 827-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 828-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 829-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 830-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 831-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 832-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 834-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 835-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 836-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 837-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 838-сан
Комментарийлер(11)
23.10.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биринчи
23.10.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бат эле бутуп калды ((. Айназик экоону бириктирсе го... Азамат деле озунчо уй-було кутуп, бактылуу болсо деген ой келет бирок. Жакында жаны сериал дейт. Жакшы болуп бутсо экен "Мамалак".
23.10.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аз го
23.10.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми мантыны жеп буткончо, тиги Тимуру келип калбаса экен эми
23.10.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Latihani,
23.10.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кинодогудай тиктешип турган жернинен бутуп калдыго
23.10.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жазып келе жатып уктап калган жок белеңер же окурмандарды шылдың кылганынарбы
23.10.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кантип эми бир жума күтөм(
23.10.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жатып алыыыыып кенири окуйм деп аткам,чечингиче эле окуп бутуп калдымго.
24.10.2018. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат эркектей болуп озунчо уйбуло кцтущ керек го. Айназик кенири барып келип журо берет
26.10.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат эмне Тимурдун балдарына ата болуп жүрө бересиңби? Айназикке го түшүнсө болот. Мейли. Бир караганда суктанаарлык эркексиң. Бир караганда мыжыккыдайсың.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо