№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл

Руслан Абылов, ырчы: «10 ЖЫЛ ИШТЕП, УШУЛ ЖЫЛЫ ҮЙЛҮҮ БОЛДУМ»


«Башка жанга чалба», «Бийкеч», «Кыргызымдын сулуу кыздары», «Дария» аттуу ырлары менен эл оозуна алынган ырчы Руслан Абылов үстүбүздөгү жылдын март айында үйлүү болду. Ырчынын үйү менен таанышууга бардык.


– Руслан, үйүң кут болсун. Канча жыл батирлеп жүрдүң?

– 11-классты Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынан бүтүп келип, 2006-жылы Исхак Раззаков атындагы техникалык окуу жайына тапшыргам. 5 жыл жатаканада жашадым. Андан кийин 6-7 жыл ичинде 3-4 батир котордум.


– Каражатты чыгармачылыктын аркасы менен таптыңбы?

– 2-курста окуп жүргөндө эле иштеп баштагам. Мен иштебеген иш калган жок. Официант, машина жуугуч, таксист да болдум. 5-курстан тарта музыка чөйрөсүнө аралаштым. Канча жумушта иштебейин, жашоо-тиричиликтен ашпай келди.

Мен иштей баштагандан бери он жыл өтүптүр, үстүбүздөгү жылдын март айында ушул үйдү сатып алдык. Бир аз акча жетпей, банктан насыя алдык. Аны деле төлөп бүтүп калдык. Чакан дүкөнүм бар эле, аны, унаамды, айылдагы торпокторду саттым. Элимдин жакшылыгында ырдап тапкан акчамды коштум, ата-энем, бир туугандарым жардам берип, бир үйдүн акчасы чогулуп калды.


КИРЕ БЕРИШ+АШКАНА

– Бул үйдү ушундай оңдоп-түзөөсү менен сатып алдык. Негизи бул жер башында бут чечүүчү жер экен. Бирок мурунку кожоюндар ашкананы да бул жерге жайгаштырышыптыр. Чакан үй-бүлөгө ыңгайлуу эле болуп калат экен.


КОРИДОР
КОНОК БӨЛМӨ

– Конок бөлмө чоң, болбосо ар бир кыргыз кысылат болушу керек. Анткени бизде келип-кеткен киши көп болот эмеспи. Апамдын кан басымы жогору. Дарыгерлер Чүйдө жашаш керек дегенинен беш жыл мурун Токмоктон үй алганбыз. Азыр ата-энем ошол жакта турушат. Ата-энем Токмокто жашайт деген эле аты болбосо, эки күндүн биринде эле келип турушат. Апам бүгүн атайын конокторуңду тосушайын деп Бишкекке келди. Ушул жерден апамды мактап кетейин. Апам Фарида Шоконова мыкты ырдайт. Учурунда мекенибизде өткөн «Жаз» фестивалынын лауреаты болуп, Орусияга чейин барып ырдаган. Алтын фонддо апамдын үнү менен жазылган ырлар да бар. Мага талант апамдан өткөн.


– Быйыл концерт берерде сахнага кие турган кийимдеримди жаңырткам. Гардеробумдагы эң кымбат кийимим ушул, баасы 40 000 сом болду. Акыркы учурда дизайнер-модельер Арзубек Вонама менен иштешип жатам.


УКТООЧУ БӨЛМӨ

– Мурунку ашкана азыр уктоочу бөлмө. Бул бөлмөдө менин сыйлыктарым да бар.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ырчы Руслан Абылов: "8 жыл батирлеп жүрүп, ушул жылы үйлүү болдум"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
30.10.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кут болсун
30.10.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ак жолтой уй болсун.Бизге да жуксун!Ар бир уй алам деген адам тилегине жетсин.
30.10.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чыгармачылык ийгилик каалаймын,уйу ырыскылуу,куттуу,берекелуу уйлордон болсун,энесин сыйлаган жигит болсун.
30.10.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кут болсун!Ак жолтой уй болсун.
31.10.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер Инфо Салам кандайсыздар? Руслан Абылов жонундо жеке жашоосу туралуу кенениреек маалымат бериниздерчи интервью га.рахмат уй кутту болсун фанаткан
31.10.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rozagul, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
31.10.2018. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун уйун бизге да жуксун
02.11.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы кана? Жакшынакай үй-бүлөөсү бар го
03.11.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм. Чакан соонун уй экен. Бизге да насип этсин. Жакшылыктарда жакшыы адамдардын курчоосундв. Болуп журо беришине чын журогумдон тилектешмин
03.11.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйн кут болсун,ак жолтой уй-болуп жакшылыктар гана болсун уйундо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо