№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл
21-октябрда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында бильярд боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, анда кыргыз спортчусу Дастан Лепшаков жеңүүчү аталды. Аталган мелдеште Орусия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Молдова, Беларусь жана Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 240 спортчу күч сынашты. Бул мелдеште Дастан Лепшаков жалпы 7 беттеш өткөрүп, анын бардыгында жеңип алды. Финалда орусиялык Иосиф Абрамов менен кездешип, партиялар эсебинде 5:2 менен утту. Мелдештин байге фонду 7 миллион рублду түзүп, 1-орунду ээлеген спортчу 1 миллион 600 миң рублга ээ болду. Азамат!
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |