ЖАҢЫ АКЫЙКАТЧЫ ТОКОН МАМЫТОВ ЭСКИ АКЫЙКАТЧЫНЫН ИШИ БОЮНЧА ОТЧЁТ БЕРДИ

№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл

Парламент Акыйкатчы институтунун 2016-2017-жылкы ишинин отчётун укту. Бул жылдары Акыйкатчы институтун Кубат Оторбаев жетектеп турган. Оторбаевдин 2 жылдык иши боюнча акыйкатчы болуп шайланганына 1 ай боло элек Токон Мамытов отчёт берди.

Парламент өзү шайлаган жетекчилерди отчётун укпай туруп кызматтан кетирүүсү Кыргызда кадимки көрүнүшкө айланды. Акыйкатчы эмес, соңку 7 жылда парламент өкмөт башчыларын, министрлерди, башкы прокурорлорду отчётун укпай туруп отставкага узатып келди. Баарынан “кызыктуусу” Сапар Исаковду кызматтан бошотуудан кийин болду. Быйыл апрелде Исаковдун өкмөтүн парламент ишенбестик көрсөтүү аркылуу отставкага кетирген. Кийин жаңы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча парламентке отчёт берип, аны депутаттар “канааттандырарлык” деп табышты. Исаков өкмөттү 2017-жылдын августунан 2018-жылдын апрелине чейин жетектеди. Парламентте Исхак Масалиев, Мыктыбек Абдылдаев өңдүү депутаттар Исаковду “ишиндеги кемчиликтери үчүн” деп кетирип, бирок анын өкмөтүнүн ишин “канааттандырарлык” деп табуу суроо жаратарын айтып чыгышкан. Бирок көпчүлүк добуш менен өкмөттүн иши колдоого алынды. Муну менен парламент Исаков премьер катары жакшы иштегенин моюнга алган.

Афтандил Добулбеков

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо