№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл
Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкулов шайланды. Анын талапкерлигин парламентте 105 депутат колдоого алды. Жаманкулов буга чейин аталган министрликке караштуу Туризм департаментин жетектеп келген. “Премьер-министрдин сунушу күтүүсүз болду. Биз аскер сыяктуубуз, каякка жиберсе ошол жакка барып иштей беребиз”,- деди Жаманкулов. Министрликти буга чейин жетектеп келген Султан Жумагулов оорудан улам жакында каза тапкан. Ал министрликке КСДП фракциясынын квотасы менен барган. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |