Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжайна Атаканова, телеалпаруучу: “БИРӨӨНҮ СҮЙГҮМ ДА, СҮЙҮЛГҮМ ДА КЕЛБЕЙ КАЛДЫ”

№834 26-октябарь - 1-ноябрь, 2018-жыл

Гүлжайна Атаканова “тасмаларда тажаал аялдардын образын жаратканым менен, жан дүйнөм назик” деп көп айтат. Аны сахна, теледен көргөн көрүүчү, албетте, буга ишенбеши мүмкүн. Мен бүгүн жашоодогу Гүлжайнаны көрдүм. Көңүлү бош, ыйлаак телеалпаруучу көз жашын төгүп кайра-кайра “көкүрөгүм күйүп жатат” деп жанымда сыр төгүп отурду. Жарым сааттай сүйлөшүп, сырдашып отуруп, анан маекти баштадык. Ортобузда кандай сөз болгонун, эмнеге көөдөнү өрттөнүп жатканын, албетте, айтпай эле коёюн. Балким, маектен сөздүн төркүнүн түшүнөрсүздөр.

– Гүлжайна айым, сизди күчтүү аялзаты деп билчүмүн. Чын эле, өзүңүз айткандай, сүйүүнүн алдында алсыз окшойсуз?

– Адам катары күчтүүмүн, өзүмдүн жемимди бирөөгө жегизбейм. Бирок чын эле аялзат катары алсыздардын катарын толуктайм. Ал эми күчтүүлүктү эркектерге таандык сапат деп билем. Өкүнүчтүүсү, аялдардын күчтүү болушуна эркектер себеп болуп жатат. Азыр аялдын эсебинен күн көргөн алсыз эркектер көп.

– Алсыз эркек десеңиз, жакында бирөөнү сабаганыңыз эске түштү. Эркекти катуу сабашыңызга олуттуу себеп болсо керек? Анын жеке жашооңузга тиешеси барбы?

– Ооба, тиешеси бар. Аны сабагандыгым чын, денесин жабыркаткам, машинасын талкалагам, анткени ал ошондой мамилеге татыктуу болчу. Мисалы, мен аялмын, бир да эркекке күчүм жетпейт. Ал акылдуу болсо ушул нерсеге жеткирмек эмес. Арсыз, намысы жок болгону үчүн менден таяк жеди. Мени тааныш байкелер таанып кармап калганда ал качып кетти. Качпаса андан да жаман кылмакмын.

Мен негизи кек сактаганды жаман көрөм. Бирөө менен урушуп кетсем эртеси кайра сүйлөшө берем. Ал эркек 3 жыл мурун менин атымды булгаган, андан кийин да артымдан сөз айтканын койбоду. Убактысы келип калды эле, ызамды чыгардым. Телефонун алып койгон элем, эртеси “телефонумду бер” деп чалыптыр. Белгилеген жерге барсам милиция кызматкерлери менен жетип келиптир. "Мени сабап койду" деп милицияга арыз жазыптыр. Элестеткиле, эркек болуп туруп мени сабады деп арызданганын (күлүп). Мен күнөөмдү моюнума алдым. Тиги "акча берсин" деген экен, акчаны да аяган жокмун, 60 миң сом бердим. Анткени анын акчага муктаж экенин жакшы билем, ошону менен арызын алды.

– Жолдошуңуз менен ажырашты деп уктук эле. Бирок колуңуздан нике шакегиңиз түшпөйт. Же кайра табышкансыздарбы?

– Жолдошум экөөбүз эки башка жолго түшкөнбүз. Бирок кийин деле жарашалы деп көп сунуштады. Жолдошумдун менден 6 жаш кичүү экенин баары эле билсе керек. Аны жамандагым келбейт, анткени ал жакшы адам. 2-3 ай болду, ал үйлөнгөн. Үйлөнөр алдында мага келип кеткен. Каршы болгон жокмун. Себеби мен ага татыктуу эмесмин. Анарбек үйдүн кичүүсү болгондуктан үйдө отуруп, кирин жууп, тамак жасап, апама (ред.: кайненеси) ысык чай берген келин керек болчу. Мен болсо гастролдоп жүрүп келиндик кызматымды аткара алган жокмун. Күйөөмдү сыйлаганым үчүн азыркыга чейин нике шакегимди чечпей жүрөм.

– Экөөңүздөр сүйүшүп баш коштуңуздар беле?

– Эгер ар бир эркек Анарбектей жубайын сүйсө көп аялдар бактылуу болуп жашамак. Азыр деле ал мени жакшы көрүп, сыйлап турат. Экөөбүз эки жылдай сүйлөшүп баш кошконбуз. Албетте, баш кошор алдында ортобуздагы жаш айырмачылыкты ойлогом. Бирок жаш деле роль ойногон жок. Ажырашуубуздун эң негизги себеби ден соолугума байланыштуу. Мени дарыгерлер жашагың келсе 7 жылдай төрөбөшүң керек дешкен. Ал эми жолдошум жаш, балалуу болуш керек эле. Ошондуктан урушуп-талашпай түшүнүшүп эле ажыраштык.

– Жашоодо чын эле назик, жашык адам экенсиз. Азыркы көз жашыңызга ким себепкер?

– Өзүң деле күбө болдуң. Тасмадагы Жайна менен жашоодогу Жайна башка. Тилекке каршы, өз кызыкчылыгы үчүн бирөөнүн сезимдери менен ойногон адамдар бар экен. Ою ишке ашып же капчыгы толгондон кийин башка кишиге айланышат. Мен ишенчээктигимден дагы деле жабыр тартып келем. Акыркы эки жылда эле кабаттуу үйдөн 1 бөлмөлүү батир алгам. Бир жылдай ичпей-жебей акча чогултуп, курбу кызыма акчаны бергем. Жыйынтыгында же үйдөн жок, же акчадан жок ортодо калдым. Ишеничиме кирген кыз Кыргызстандан качып кетти. Андан кийин эле “мен сени эч кимге эч качан алдатпайм, дайым жаныңда болом” деп жакшы сөздөрүн жаадырган адам да залакасын тийгизди. Ошондон кийин эч ким менен жакын мамиле кургум келбей калды. Баары менен сый мамиледе болгонго аракет кылам.

Жаш болсом да башымдан көп сыноону өткөрдүм. Бул кыйынчылыктар бир күнү түштөй болуп калат деп ойлойм. Кудай сүйгөн пендесине сыноо көп берерине ишенем. Учурдан пайдаланып бирөөнүн жан дүйнөсү менен ойногон, ичине гүл болуп кирип, тикенек болуп чыккан адамдарга, мен силерди кечирем, бирок экинчи бирөөнүн жашоосун талкалабагыла дегим келет.

– Сүйүү бар экенине ишенесизби?

– Жолдошумдун сүйүүсүнө ишенчүмүн. Аны эч качан үйлөнбөйт деп ойлогом. Анарбек башкага үйлөнгөндөн кийин сүйүүгө ишенбей калдым. Ошондуктан азыр мен бирөөнү сүйгүм дагы, сүйүлгүм дагы келбейт. Анткени мени ашыкча сүйүп, катуу кармап, кол тийгизгенге чейин баргандар болду. Катуу сүйүүдөн жинди болуп кеткендерин да көрдүм. Азыркы менин көз жашыма себепкер адам да мени мерез адамга айландырып койду. Мен эми ата-энем, бир туугандарымдан башка эч кимге ишенбейм. Саналуу досторумдун кеңешин угам, бирок ишенбейм.

– Эми келиңиз, кызыңыз тууралуу да айтып бериңиз. Чыгармачыл адамдар үйдө аз болушат. Кызыңызга жетишерлик көңүл буруп жатасызбы?

– Менин жалгыз кызым бар, ошол кызым үчүн жашап келем. Бассам-турсам “менин ишенгеним сенсиң. Мен сени менен сыймыктанып жашагым келет” деп айтып турам. Кызыма жетиштүү тарбия берем. Ашыкча акча карматпайм, эркелетпейм. Учурда 6-класста окуйт. Менталдык арифметикадан сынакка катышып, Сингапурга жолдомо алды. Жакында сынак тапшырып, түрк лицейине окууга өттү. Кызым менин сыймыгым, анын бар экенине кубанам. Гастролго чыксам сиңдим карайт. Ошондо да видеочалуу аркылуу көзөмөлдөп турам. Канчалык эркектерге ишенимим жоголсо да, кызымды жалгыз калтырбай инилүү же сиңдилүү кылгым келет.

– Маек соңунда сизге эркин сөз берели. Балким, эркектерге кайрылууңуз бардыр...

– Кыргыз жигиттеринен суранат элем, күчтүү, эрктүү болуңуздар. Биз сиздер колдосоңуздар колдооңуздарды, кордосоңуздар кордогонуңуздарды да көтөрүп, көпкө чейин чыдайт экенбиз. Аялзаты төрөлгөндөн өлгөнгө чейин сиздерге аманат болуп берилет. Аманатыңыздарга кыянат кылбаңыздар! Намыссыз, арсыз жигиттер, эркек деген атка татыктуу болуңуздар!

"Эркектердин арасында көп жүрөм. Алардын тескери жолго баскандарын көрсөм бетине эле "туура эмес кылып жатасың" деп айтып салам".
"Адам катары күчтүүмүн, өзүмдүн жемимди бирөөгө жегизбейм".
"Кызымдын жалгыз калышын каалабайм. Ошондуктан эркектерден көңүлүм калса да аны инилүү же сиңдилүү кылышым керек".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Гүлжайна Атаканова: “Күйөөм менен ажырашсам да нике шакегимди чечпейм”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
30.10.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии байкушум стресс болуп жаткан турбайсынбы
30.10.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайтар дүйнө.Биринчи эрин бул таштаса экинчиси буну таштап
30.10.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар бир пенде бактылуу болсун
30.10.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушунтип эле элдин баарына сырын айта бербей озунун жашоосун сыр эле сактаса болмок. Тим эле жакын адамына айтып жаткандай тогулуп алыптырда.
30.10.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Куйоосун дагы эле суйот окшойт
30.10.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми артисстер ушу да,бирде ыйлап ,бирде кулуп элди жайгарышат. А биз болсо шыпшынып ишенип калавыз,ии байкуштар ушундай экен да булардын жашоосу депчи
Nanei түзөттү 2018-10-30 12:04:09
SUPER.KG видео
30.10.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз баары алдында....
30.10.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Куйоом балалуу болуш керек ошону учун уйлонууго уруксат бердим дейт. Кайра куйоом уйлонот деп ойлогон эмесмин дейт. Эжеке бираз токтоо эстуу болунузчу
30.10.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
love.me.again,мен да ушуну айтайын дегем
30.10.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам озунун кулк мунозун ондомоюн Жараткан аны ондоо учун сыноо берет деп бироо айткан экен,ойлонуп корбойсузбу бул жагын дагы.
30.10.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Угушума караганда Каныбек Разыковго куйоого чыккан эле. Куйоонун атын башкача атаптыр го. Же жанылыш укканмынбы?
30.10.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сырын эмнеге айтат? Мурда кучтуу, эрктуу, кыйын элестетсем азыр байкуш элестетип башка ойдо калдым. Омур бою эле ушинтип элестетебиз да эми, ошончун убактылуу кыйынчылык, эмоцияларды ката билген жакшв, бир чети тушунуп турсам бир чети жаман коргондой эле болуп калдым
30.10.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызын ойлосо, токтоо болуп, ойлонуп жооп берсе болмок ыйлактабай. Окуган адамга башы айланып жургондой элес калат. Чопчон эле катын суйдум-куйдумун чыгарбай эле койсо болмок экен.
30.10.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол сен тепкилеген эркектен чындап кечирим сурап кой, чын-журогу менен кечирсин. Эркек кишини тепкилебейт. Балалуу болбой же торобой каласын деген ырым-жырым бар.
03.11.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Talgat89,аялды тепкилесе боло береби сенин оюнча .озунорду пир тутпагылачы арсыз эркектер
30.10.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХ берсен ошондой болотда.Аял киши деген скромная женственная болуш керек
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-31 10:44:53
30.10.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш туруп башыман даалайды откоздум дейт го. Жаштыгы калдыбы 40ка чыкса да суйуу -куйуу ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-31 10:45:37
31.10.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibyikem, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Билдирүү түзөтүлдү!
31.10.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайноо оо Жаку Жайноо мен сенден суранам ошол Анарчикти унутчу колундагы шакегин чечип сатып жиберчи же ыргытып сал. Ошондо сен жашоого башка коз менен карап озуно достойный бир эркекти жолуктурасын. Анан баса эч качан озунон кичуу адам менен суйуу эч кандай мамиле курбачы, озунон 2,3 жашка улуу эркек менен турмуш курчу суранам Жакоо.
31.10.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн намысына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
31.10.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз
31.10.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх турмуш кимди гана сындырбайт. Тарсылдап ачык жургону жагат. Кучтуу бол. Ийгилик!
31.10.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосунун аты Канболот эле го кит деп койушчу кайсы Анарбек
01.11.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitik, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, мазактоого жол берлибейт. БАН!
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-01 10:03:44
01.11.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nigina93,жарнама жана коммерциялык нуктагы билдирүү, шилтеме калтырууга тыюу салынган БАН!
01.11.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ХХХ жакшы аялды эч Ким таштабайт озунузду Бир сырттан карап корсонуз
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-01 12:11:21
01.11.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
amirrus, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз.
01.11.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сени менен жашаган эркеке рахмат. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-02 10:55:08
02.11.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MTu, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Билдирүү түзөтүлдү.
01.11.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз.эркектер ошондой..
02.11.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буйруса сага дагы куйоо табылат.
03.11.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обу жок катын осурак уй саайт дегендей
04.11.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
XOWO, ха- хахахаааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо