АЙТЫЛУУ ЫРЛАРДЫН АВТОРЛОРУ

№400 2-8-июль, 2010-ж.

Тааный жүрүңүз

“Ыр талаадан жыйган сайын бир түшүм,
Кайра барктап, каңтарбаса кыртышын.
Экинчи ирет эл алдына чыгалгыс,
Эңгиреген кездер келет ырчы үчүн...”-
деп Жолон акын жазгандай, чын эле акын эмгек кетирип, ал эми ырчы ырдап атактуулукка жетет.


АЛТЫНБЕК АЛЫМОВ
Туулган жылы, айы – 17.02.1975.
Кичи мекени
– Жети-Өгүз району, Ак-Терек айылы.
Үй-бүлөлүк абалы
– Бойдок, бирок жакында үйлөнөт.
Баалаган акыны – Турар Кожомбердиев.

Алтынбекке таандык ырлар:
Ильяз Абдыразаков, ”Жаным ай”, “Энекем”, “Азап”, “Арманым”, “Сагынамын сени” ж. б.
Бактыгүл Бадыева, “Ашыкмын”;
Дайыр Исмадияров, “Жүрөк дарты”;
Кундуз Канатбек кызы, “Бир сен үчүн”, “Сагынам”;
Даниель, “Айдагы сулуу”;
Темир Назаров, “Балама”, “Алла” ж.б.

ЖАШАП ЭМЕС, ЖАСАП ЖАЗГАН АЛТЫНБЕК
Алтынбек Алымовду ыр жазгандардын арасына кошордон мурда ырчы экенин да эске салып өтсөк. Ильяз Абдыразаковдун 90 пайыз ырларынын “атасы” да Алтынбек. 1995-жылдан баштап калем кармап ыр жаза баштаган. Тааныш-билишке бекер эле, ал эми айрымдарга атайын заказ менен да ыр жазат. Ырлары мейли сүйүү жөнүндө болсун, мейли жашоо-турмуш жөнүндө болсун, жүрөгү менен сезип жазат. Бирок алардын баары турмушунан алынган эмес. “Жасап эмес, жашап жазгыла” деген чоң акындардын сөзүнө анча көнбөйт. Себеби алардын саптары обондуу ырга төп келбейт деп билет. Чыгармачыл жан эмеспи, ошол ырлардын тексттерин жазып берген ырчылар менен аш-тойлордо бирге отуруп калат. Кээ бирлери “ушул ырың сонун” деп аткаруучуга айтышса, ырчы маңдай-тескей отурган авторду атап койбогонуна кейийт. Бирок “мен жазгам” деп бой көтөргөндөн алыс.


КУНДУЗ КАЧКЫНБАЕВА
Туулган жылы, айы
– 1.03.1986.
Кичи мекени
– Талас району, Жон-Арык айылы.
Үй-бүлөлүк абалы
– Бойдок.
Баалаган акыны – Алыкул Осмонов.

Кундузга тиешелүү ырлар:
Мирбек Атабеков, “Күндөр жаңырат”, “Кыргызстан”, “Сагынам”, “Махабат”;
Султан Садыралиев, “Сүйүү тамчысы”;
Арсен, “Максатыма таянам”;
Бекчоро, “Ай чырай”;
Даниель, “Арзуулар” ж.б.

ЖАШЫН СҮРҮП, БАШЫН БИЙИК КӨТӨРГӨН КУНДУЗ
Жашоодо бар үчүн жакшы адамдар, жашыңды сүр, башыңды бийик көтөр” деген сөздү кайталоодон тажабаган Кундуздун атын угуп, балким, өзүн көрө элек чыгарсыз. Жон-Арыктын акын кызы мектепте окуп жүргөндө эле ыр ышкысына арбалып өскөн. Анда лирикалык ырлардан таасир алып, жалаң сүйүү ырларын жазып жүрсө, студент кезинде обондуу ырларга сөз жаза баштаган. Алгачкы обондуу ырга жазганы “Кыргызстаным” деп аталат. Ооба, Мирбек Атабеков ырдаган ыр. Эң алгач бул ыры радиодон кеткенде жетине албай абдан сүйүнгөн. Мына ошол ырдан баштап аты белгилүү бир канча ырчыларга 40тан ашуун ыр жазган. Кундуз бир да ырын акчага жазган эмес. Анын жүрөгүнөн агылып чыккан ыры – “Сагынам”. Дал ушул ырда акын кыз улуу махабатын, сагынычын, кусалыгын чагылдырган. Анан бул ырын классташы Мирбек ийине жеткире ырдаганына сүйүнөт.


КУДРЕТ ТАЙЧАБАРОВ
Туулган жылы, айы
– 18.07.1985.
Кичи мекени
– Алай району, Коруул айылы.
Үй-бүлөлүк абалы
– Бойдок.
Баалаган акыны – Кыялбек Урманбетов.

Кудреттин калемине таандык ырлар:
Айдин Шер, “Махабат – өмүр көркү”, “Сүйүү мага келе элек”;
Анжелика, “Өмүр багы”;
Эрлан Андашев, “Кайгырба”;
Зари, “Кыздын жүрөгү”;
Гүлнур Сатылганова, “Жөлөгүм сен”;
Кундуз Канатбек кызы, “Жоопсуз сүйүү”ж.б.

ТАЙКҮЛҮК ТАШЫ БУТ ТОССО, ЧЫҢАЛГАН КУДРЕТ
“Алма сабагынан алыс түш­пөйт” деген макалды дал ушул жигитке айткым келет. Анткени Кудреттин атасы журналист, ал эми чоң энеси кыйын кошокчу болгон. Канында кайнап турган талант Кудретти да мектеп курагынан калем кармап, ыр жазууга үндөгөн. Ырга шыктуу болушунун себебин Кудрет: “Атам адабий китепти карматып, окуп, маанисин айтып бер” дечү. Мүмкүн, ошондон алган таасирлер ыр жазууга түрткү болгондур”,- деп түшүндүрөт. Анын үстүнө шаардан айылга барган бала ат үстүндө Алай тоолоруна суктанып, далай ырларды пародияга салып ырдап баштаган. Студент кезде Кудретке бир кыз ашык болуп кат жазса, ал “мага сүйүү келе элек” деп ыр менен жооп берет. Ошентип, ошол ырын азыр Айдин Шер ырдап жүрөт.
Кудрет айрым “жылдыз оорусу” бар ырчыларга ыр жазып берүүдөн оолак болгусу келет. Анан да ырды акчага эмес, бекер эле жазып берет. Ырчылардан Ильяз Абдыразаков менен Омарга жакшы ыр жазып берсем деген ниетте жүрөт.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  25 
Комментарийлер(7)
05.07.2010. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер мындан2,3жыл мурун менин дагы калемиме таандык бир ыр жарык коруп ырдалып журот деп уктум эле ал озумдун апама арнагам. Ырды НазираТоконова менден озу алды эле Н.Токонова тууралуу маалымат бере аласыздарбы.
06.07.2010. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз деген ким? деп ойлой берчуу элем.
06.07.2010. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынбек менин айылымдан экен да! атамдан сурайынчы.....
06.07.2010. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз эн жакшы ырларды жаратыптыр, ийгилик сага!!!
09.07.2010. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз Мирбекти Мирбек кылган сен турбайсынбы азамат! Алтын сап калемин колундан тушпой жакшы ырларды жарата бер!
15.07.2010. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Эрлан Андаш, “Кайгырба”; эмес, Эрлан Андашев эмеспи..

жаш акындарга ийгилик.
15.07.2010. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, Андашев деп такталды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо