Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№836 9-15-ноябрь, 2018-жыл

ТАТЫМАЛДАРГА БАЙ ГРУЗИН АШКАНАСЫ


Грузин ашканасы дүйнөгө эң таанымал ашканалардын бири. Коңшу жайгашкан өлкөлөрдүн (Түркия жана Иран) таасиринен улам Батыш жана Чыгыш Грузиянын ашканалары бири-биринен айырмаланып турат. Алсак батыш Грузияда жүгөрү унунан жасалган нан жана куш эттери көп колдонулса, Чыгыш Грузияда буудай унунан жасалган нанга жана уй, кой этине басым жасалат.

Жалпысынан алганда грузин ашканасы тамактарына сарымсак, көк чөптөрдү (ашкөк, укроп, шпинат, жалбыз), хмели-сунели, аджика сыяктуу ачуу татымалдарды көп кошкондугу жана жашылчаларды (баклажан, кызылча, капуста) кеңири пайдалангандыгы менен айырмаланат. Ошондой эле бул ашканада сыр, жаңгактын түрлөрү, төө буурчак кеңири колдонулат. Алсак, сырдын 250дөн ашык түрүн жолуктурууга болот. Грузин ашканасындагы тамактардын дээрлик көпчүлүгү майга куурулуп же болбосо отко какталып бышырылат.

Таттуу азыктарга токтолсок, бул ашканада таттуулар көп деле жасалбайт. Анын ордуна ар кандай мөмө-жемиштер, мөмө ширелери, кактары, жаңгактын түрлөрү, бал пайдаланылат.


Хачапури

Керектелүүчү азыктар: (2 даана чоң хачапури үчүн)

Ун – 3 стакан (450 грамм)

Жумуртка – 1 даана

Сүт – 300 миллилитр

Туз – 1 чай кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Крахмал (картошканыкы) – 1 аш кашык

Каймак – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Ачыткы – 11 грамм

Сыр – 400 грамм


Даярдоо ыкмасы:

1. Унду элеп, ага ачыткы, туз, кумшекер, жылуу сүт, өсүмдүк майын кошуп жумшагыраак камыр жууруйбуз. Андан соң аны жылуу ороп, 60-90 мүнөткө ачытуу үчүн коёбуз.

2. Каймакка жумуртканы жана 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштырабыз.

3. Сырды сүргүчтөн өткөрөбүз.

4. Ачыган камырды экиге бөлүп тоголоктойбуз. Андан соң тегерек формада жука кылып жаябыз.

5. Жайылган камырдын ортосуна сырдан салып, тегерек четин ортого жыйнап, түйүнчөк формасына келтирип түйөбүз. Түйүлгөн жери бекем жабылышы шарт.

6. Эми камырды кайра тегерек формада 4-5 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Колдон келсе камырды жайып жатканда тешилишине жол бербеңиз.

7. Жайылган камырды электр мешинин табасына салып, бетине каймак+жумуртка аралашмасын сүйкөп, 190 градуста иштеп турган электр мешине кызарганча бышырып алабыз. Хачапурини көмөч казанга да эки бетин кызартып бышырууга болот. Ошондой эле ортосуна эт, көк чөп, картошка пюресин салууга болот.


Чахохбили

Керектелүүчү азыктар: (4 порция үчүн)

Тоок эти – 800 грамм

Пияз – 3 баш

Помидор – 3 даана

Ашкөк – 1 тутам

Укроп – 1 тутам

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 5 аш кашык

Каймак май – 2 аш кашык

Тоголок кара мурч – 5-7 даана

Кара өрүк кагы – 4-5 даана

Хмели-сунели – 1 чай кашык

Калемпир, мурч, туз – татымына жараша


Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин өтө чоң эмес бөлүктөргө бөлүп, казанга өсүмдүк майын куюп, эттин эки тарабын кызарта кууруйбуз. Анын үстүнө майда тууралган помидорду, тоголок кара мурчту салып аралаштырып, казандын капкагын жаап 10 мүнөт жай отко демдеп коёбуз. Татымына жараша туз салабыз.

2. Пиязды аарчып, жарым тегерек формада жука туурайбыз. Андан соң көмөч казанга каймак майды салып, пиязды жумшарганча кууруп алабыз.

3. Эми казанга куурулган пияз, туз, мурч, хмели-сунели, кара өрүк кагын, калемпирди салып аралаштырып, капкагын жаап дагы 5 мүнөт демдейбиз.

4. Аягында майда тууралган аш көктү, укропту жана сарымсакты салып аралаштырып, 5 мүнөттөй демдеп коёбуз. Тамагыбыз даяр! Чахохбилиге гарнир катары сууга бышкан күрүч жана картошка берүүгө болот.


Харчо

Керектелүүчү азыктар: (6 порция үчүн)

Уй эти – 500 грамм

Суу – 2,5 литр

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 3-4 тишче

Томат пастасы – 2 аш кашык

Жаңгак маңызы – 4 аш кашык

Лавр жалбырагы – 2 даана

Күрүч – 150 грамм

Кинза – 1 тутам

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Татымына жараша туз, калемпир


Даярдоо ыкмасы:

1. Этти майда бөлүктөргө кесип, казандагы майга кызарта кууруп алабыз.

2. Эттин үстүнө майда тууралган пияз менен сарымсакты салып, соолуганча кууруйбуз. Эң негизгиси алар күйүп кетпеши керек.

3. Эми казанга томат пастасын, калемпирди жана майдаланган грек жаңгагынын маңызын салып 3 мүнөттөй кууруп, сууну куябыз. 40-50 мүнөт жай отто шорпону кайнатабыз.

4. Эт жумшарып бышкан соң шорпого жуулган күрүчтү жана лавр жалбырагын салып 4-5 мүнөт кайнатып, отту өчүрөбүз. Тамактын тузун көрүп, майда тууралган ашкөктү салабыз. Эми казандын капкагын 10-15 мүнөткө жаап коёбуз. Бул аралыкта күрүч дагы жумшарат, бирок эзилбейт. Харчо даяр!


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
13.11.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жангактын манызы дегенди кандай тушунсо болот?
14.11.2018. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maxburat,жангактын ичиндеги данеги жей турган
14.11.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хачапури кандай сыр менен жасалат ,хачапуринин коп турлору бар мен озум грузинский кухняда иштейм ар ким ар кандай жасайт сыр жонундо айтпапсынар уй шартында жасагандарга .
14.11.2018. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizatka87d,мазарелла
16.11.2018. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xnurgul_gul,моцарелла
19.11.2018. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо