Айдана Дека, ырчы: “КОНЦЕРТИМДЕН КИЙИН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ ТУУРАЛУУ СӨЗ КОЗГОЛОТ ОКШОЙТ...”

№836 9-15-ноябрь, 2018-жыл

Ырчы Айдана Дека үчүн бул жыл жемиштүү жылдардан болду окшойт. Бир нече хит ырларды жаздырып, сапаттуу клиптерди тарттырды. Алгачкы жолуу унаалуу да болду. Ырчы Аваз Акимов менен болгон мамилесин көптөн бери жашырып жүрүштү эле, аны ачыкташты. Жакында дагы бир кыялы орундалып, алгачкы тушоо кесүү концертин өткөрүү алдында турат. Ошондой эле үлпөт той деле алыс эместей...

– Айдана, кандай? Дагы деле тыным албай тыпылдап иштен бошобой жүрөсүңбү?

– Ооба, иштеп жатам. Жаш кезде иштеп-иштеп, тиштеп-тиштеп алалы (күлүп).

– Жигитиң Аваз менен мамилеңерди ачыкка чыгарып, эл көзүнөн качпай ээн-эркин жетелешип калдыңарбы?

– Биз эч качан элдин көзүнөн качып, өзүбүздү чектеген эмеспиз. Болгону акыркы 1 жылда маектерибизде айтпай, сыр деп калганбыз. Азыр эми ачыкка чыктык, баары жакшы. Мурун кандай болсо, азыр деле ошондой, болгону экөөбүздүн мамилени эл билип жеңилдеп калдык.

– Тойду кайсы убакытка пландап жатасыңар? Бул тууралуу сүйлөштүңөрбү? Жигитиң ата-энеси менен тааныштырдыбы?

– Аваз экөөбүз бири-бирибизди ата-энелерибиз менен тааныштырганбыз. Бирок чогуу ырдаган кесиптеш катары эле таанышканбыз. Ал эми “жакында той болот” деген сүйлөшүүлөр боло элек, ал нерсени мен чечпейм, мырза чечет.

– Сен дагы, жигитиң да чыгармачыл адам. Ортодо кызганычтар болбойбу? Мисалы, сен Авазды бийчи, клиптерине тартылган актриса кыздардан кызганбайсыңбы?

– Жок, тескерисинче, мен Аваздын чыгармачылыгын абдан колдойм. Клиптерине “ушул кыз менен тартыл” деп өзүм кыздарды тандап берип, кеңештеримди айтам. Эң негизгиси өзүмө ишеничим күчтүү эле, ошондуктан кызганбайм. Ал дагы мени кызганбайт. Бири-бирибизди колдоп турабыз. Бирок клиптериме жигиттер тартыларда Аваздан уруксат сурайм.

– Жакында алгачкы тушоо кесүү концертиңди өткөргөнү жатасың. Даярдыктар кандай?

– Даярдыктар абдан сонун. Концертим боло турган 16-ноябрды күтүп жүрөм. Саналуу күндөр калгандыктан күн өткөн сайын жүрөгүм дүкүлдөп аябай толкунданып жатам. Продюсерим экөөбүз күзүндө алгачкы тушоо кесүү концертимди өткөрүү тууралуу жазында пландаганбыз. Жаздан бери даярданып келдик. Жеке концертимди берүү кичинемден берки кыялым болчу.

– Концертиңдин өзгөчөлүктөрү эмне болот?

– Өзгөчөлүктөр көп болот. Башка концерттерге окшошпосо экен, жаңылык болсо экен деп ошонун үстүнөн иштеп жаткан учурубуз. Буга чейин “кыргыз шоу-бизнесинде KG-pop деген жаңы багыт ачкым келет” деп айтып келгем. Ошол сөзүмө туруш үчүн концертимде жаңы нерселерди кылуу керек деп күнү-түнү иштеп жаткан чагыбыз. Бийчилер көп болот. Кыргызстандын мен-мен деген бийчилери менен чогуу сонун номерлерди даярдап жатабыз. Андан тышкары көптөгөн жаңы ырларым жазылып жатат. Ошол күнү ал ырларымдын бет ачары болот. Ошондой эле коңшу Казакстандан да конок катары кесиптештерибиз келет. Күтүлбөгөн дуэттер ырдалат. Концертим эң сонун программада, эң сонун шоу менен өтөт деп ишенем, ошондуктан баарыңыздарды чакырам.

– Концертиң музыка аспаптардын коштоосунда, жандуу үн менен өтөбү?

– Менин ар бир ырым бий менен коштолот. Жандуу аспаптар менен репетиция кылып көрдүк, чынын айтсам, ал нерсе мага жаккан жок, кичине окшошпой калат экен. Ошондуктан, тескерисинче, аранжировкаларга басым жасап, жаңы добуштарды кошуп, ошолорго бийлерди коюп өзгөчөлөнөлү, элди кызыктыралы деп жатабыз.

– Кыргыз музыкасына KG-pop багытын (кыргыз поп музыкасы) киргизебиз деп жатасың, бирок ырларың, стилиң К-рор жанрына (корей поп музыкасы) эле окшош. KG-pop багытын киргизүү үчүн ырларыңда, кийимдериңде кыргыз жыттанган улуттук колориттеги нерселер камтылышы керек эмеспи?

– Негизги өзөгү поп жанры да. KG-pop менен К-рор эмнеси менен айырмаланат? К-рор`то, биринчиден, корей ырлары жаңырат, экинчиден, корейлер ырдайт. Ал эми KG-pop`то кыргыз ырлары ырдалат. Биз азыр командабыз менен изденүүдөбүз. KG-pop кандай болсо деп ар кандай эксперименттерди кылып жаткан учурубуз. Бирде окшошсо, бирде окшошпой калууда. Ушинтип отуруп пайдубалы куюлса керек. Ал эми ырларга кыргыз колоритин кошуп жатабыз. Мисалы, “Жигитке” деген ырыма чопо чоорду заманбап кылып кошконбуз, бирок көпчүлүк угармандар аны байкабай калышыптыр. Анан ырларым менен да өзгөчөлөнгүм келет. Жалаң элге дем-күч берген ырларды ырдайм.

– Азыр ырчы айымдардын көбү киного тартылып жатышат. Сага да сунуштар болду беле?

– Сунуштар болду. Бирок баарында тең бир нерсеси жакпай баш тарттым. Сценарий, же менин ролум, же иштеген команда дегендей. Жакшы режиссёр өзүмө жаккан ролду сунуштаса сөзсүз түрдө макул болмокмун. Эгерде менин кесибим актриса болсо, “бул менин жумушум” деп бардык ролдорго макул болмокмун. Бирок мен ырчы болгондуктан элге жаман көрүнүп албайын деп ролдорду кылдаттык менен тандап, жакшысына тартылышым керек. Бирок тасмага тартылуу кыялдарымдын бири.

– Жакында эле жакындарыңдан унаа белекке алдың. Унаа айдоодон кумарың кандыбы?

– Жок. Мен негизи эле автоунааларды аябай жакшы көрөм, кызыгам. Тетиктерине кызыкпасам да жакшы, кооз автоунааларды көрүп калсам жалдырап карай берем. Ошондуктан дагы деле рулга отурганда аябай сүйүнүп, жыргап айдап жүрөм.

– Аваз эмки жылы же концертиңден кийин үйлөнөлү деп жаткандыр?

– Сөзсүз түрдө, кыз-жигит болгондон кийин, ушунча элге жакшы бир олуттуу ойлор бар болгондугу үчүн жарыяладык да. Эртеңки күнү эмне болот деп эмес, сөзсүз түрдө мамилебиз уланат деп көпкө ойлонуп, бири-бирибизге толук ишенген соң элге жарыя кылдык. Бирок мамилебизди жарыя кылгандан бери эле концертке даярданып жүрөм. Азырынча менин көңүлүмдү эч ким башка тема менен бура элек. Баары эле “концертиңди жакшы өткөрүп ал, анан сүйлөшөбүз” деп жатышат. Балким, концертимди өткөрүп, бир кыялыма жетип алгандан кийин үйлөнүү той тууралуу сөз козголот окшойт деп өзүм да сезип жатам (күлүп).

– Ишиңе ийгилик.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айдана Дека: "Аваздын клибиндеги кыздарды мен тандап берем"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(14)
13.11.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кудай буйруса деп суйло Айдана дека. Созсуз ишке ашырам, созсуз болот дээрден мурун. Кудай буйруса десен. Бут нерсе Кудайдын буйругу мн болот. Кандай болсо да ийгилик
13.11.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айдана азаматсын!!!
SUPER.KG видео
13.11.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айдана Дека концерт коет бекен?
13.11.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эми ийгилик каалайм дечи. Изденип журот. Бирок деген жери бар да. Чет эл ырчылары укмуш секирип бийлешип деле, жандуу ырдашат да если что. Бул шылтоон жарабай калды окшойт.
13.11.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Канча адам концертке барат экен аа)))
Толик сынчыдан кутобуз кандай болоорун:)
13.11.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ийгилик бирок жаш ырчыларбыз кобу таланты жок жалан эле шоу, жалтыр жалтыр,пиарлашып газета журналдан тушпой эле журушот, кичине талант, ун, мыкты чыгарма, элге синген Эл оозунда ырдала турган ырлар болсо кана эле
13.11.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сапаты жогору ырчылардын кадырын ушундай дар бузат ХХХ ХХХ чынын эле айтыш керек Айдана сен ырчы болбой эле кой уккулуктуу ырын деле жок, сен толка модага чыгышын керекХХХ ХХХ талант жок болгондон кийин зачем озунду кыйнап сахнага чыгасын? АЛ ЭМИ АВАЗ жубай тандоодо 1аз жанылышып калдын сен деген кандай Гана татына кыздарга пара элен макул эми озун билесин...
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-13 17:20:48
13.11.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Busi06,ичин куйсо, чоп тиште
13.11.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын! Кыйын кыз экенсин. Алдыга бийике уча бер! Бооронго,жамгырга,атүгүл чагылган чартылдаса да
Уча бер бийик жакка! Бирок ар дайым адам бол
SUPER.KG видео
14.11.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кокуй Аваздын бактысына жакшы сен барсын сен болбосоң кантет эле. бечара бала айылда бирөөлөрдү малын багып тирилик кылып калмак. бар бол Аваздын бактысына дагы да көтөрө бер.
15.11.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авазга конкретный намек бериптир да
16.11.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага мисалы бул кыз жагат. Аракетчил, жанылануу, озгочолук, изденуунун устундо журот.Кээ бир ырчылардай бп эски ырды жанылап чыга калбай. Азаматсын!!! Аваз экоонор соонун тугойлордон болосунар буюрса.
16.11.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Бир нече хит ырларды жаратып" деген Супер инфонун сөзүнө кошулбайм. Кайсы "ХИТ" ыры бар? Мен Айдананы жаман көргөндөн, же көрө албаганымдан жазган жокмун...
17.11.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо баары жон эле мандай тер мн эмес оозу калп кыбырап откоруптур да концертин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо