ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ.

№836 9-15-ноябрь, 2018-жыл

Редакцияга көптөгөн каттар келет. Сунуш, ой-пикир, нааразычылыктар... Бирок бул жолку кат таң калтырды. Ооба, урматтуу окурман. Бул бир аз башкача кат экен. Жок, кат дагы эмес. Адегенде чоң анан калың конвертти карап, ичинде мынчалык эмне бар болду экен деген ой келди. Көрсө, ичинде кадимки калың дептер экен. Ушунчалык кирдеген, ботала, кээ бир жерине кофе, кээ бир жерине кан, дээрлик бардык барактарына сары суу тамган, эскилиги жеткен, сырты капкара карандаш менен оң-тетири боёлгон дептер.

Эмнеге ал түшүнүксүз дептер тууралуу бадырайтып гезитке жазып жатат деген турасызбы? Ал дептер тууралуу жазууга туура келди, окурман. Аталган эски дептер күндөлүк экен. Жөн эле күндөлүк эмес. Республикага таанымал актрисанын күйөөсүнүн күндөлүгү. Сөз ким жөнүндө болуп жатканын айттырбай эле билсеңиз керек. Андай көңүл чордонунда жүргөн актрисалардан бизде, тилекке каршы, (балким, бактыга жараша) бирөө эле. Ал актрисанын күйөөсү бир жылдан бери таптакыр дайынсыз болуп, кайда жүргөнүн билдирбей келет. Андыктан актриса аялы экөөнө байланыштуу акыркы окуялар жалпыбызга таптакыр түшүнүксүз болуп кала берген. Себеби актриса эжекебиз да комментарий берүүдөн баш тартып келет. (Балким, эми жооп кылаттыр. Эмнеси болсо да, биз анын оюн угууга даяр экенибизди белгилей кеткибиз келет.) Эми болсо минтип күндөлүк келди. Почта аркылуу...

Технология өнүккөн заманда, биз дээрлик бардыгыбыз электрондук кат алышып калганбыз. А бул жолу колго жазылган калың дептер. Ойку-кайкы жазылган тамгалары менен. Албетте, шашпай бардыгын барактап окуп чыктык. Бул ошол актриса эжекебиздин күйөөсүнүн күндөлүгү экендигинде шек жок. Бул күндөлүктү редакцияга жиберүүнүн бир эле максаты болсо керек. Күндөлүктүн ээси анын жарыяланышын каалап жатат. Дептерди редакцияга жибергенинин башка логикалык жообун тапкан жокпуз. Бирок ал (күндөлүктүн ээси) өзү кайда? Тирүүбү? Азырынча бизде күндөлүктүн акыркы бетиндеги “бардык суроого жооп болот. Ишенгиле!” деп бадырайта жазылган аты, койгон колу гана турат. Окуп чыгып ал күндөлүктү жарыялайлы деп чечтик. Биз билгенден актриса эжекебиз буга чейин акыркы окуялар тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бир беткей эле маалымат берген. Күндөлүктө болсо биз билип-билбеген толтура нерселер, эжекебиз айткан “чындыктан” башка да чындык бар. Эмесе, назар салыңыз, урматтуу окурман! (Эскерте кетчү жагдай: Биз бул күндөлүк кандай жазылса, ошол бойдон жарыялайбыз. Эми, албетте, айрым каталар оңдолот. Бирок күндөлүктө кайсы бир дата же күн, же жыл белгиленбегендигин эскерткибиз келет. Антсе да маалымат жеткиликтүү жана түшүнүктүү. Ушул жерден актриса эжекебиздин күйөөсү ишкер экенине карабай өз оюн так жеткире, жаза аларына суктанып койдук. Баса, Мурат мырза, биз сиздин күндөлүктү жарыялап баштадык. Окуп, байланышка чыгасыз деген үмүттөбүз.)



ххх

Мен баары бир жазышым керек. Ооруп жүрөм. Акылымдан айнып калбасам болду. Кыйкырып жатам. Кыйкырып жатам... Мына бул көөдөндөгү муздак аба мени үшүтүп, кыйкырсам да сыртка чыкпай жүдөттү. Эмне болгон муздактык бул?

Күндөн коркуп калыпмын. Терезени чылкый кара маталар менен жаап койдум эле. Чекесинен сызылып күндүн нуру тийип калыптыр. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Кирбе! Мени көрбө! Мага тийбе деп кыйкырдым. Нурду кубалап жибердим. Жарык көргүм келбейт. Жашагым келбейт. Бирок өлгүм да келбейт. Бир кызыктай абалдамын. Телевизорду жандыруудан корком десең. А эгер ал жактан сени көрсөтүп калсачы? Дагы убакыт-сааттын канча болгонун билбей эңгиреп ыйлагым келбейт. Бирок башка жактардан көрбөсөм деле элесиң турбайбы. Кетчи! Жоголчу! Кантип сени эсимден чыгарам? Эх, мээмдин сен жашаган бөлүгүн, жүрөгүмдүн сен ээлеп алган бурчун кесип алып салсам го! Жыргай түшөт элем. Бирок көздөрүмдө калып калмаксың, үнүң кулагымда жаңыра бермек. Акыл-сезимим кайра сенин элесиңди тартмак. Кайра жүрөгүмө кирмексиң. Сенден кутулууга мүмкүн эмес! Кайдан жолуктум сага?!



ххх

Бул кайсы күн, кайсы саат экени белгисиз. Мен дагы эле караңгы үйүмдөн чыга элекмин. Дагы эле күндөн коркуп жүрөм. Күндөн уялып жүрөм. Бүгүн адам менен сүйлөштүм. Пицца алып келди. Акчамды каалганын жылчыгынан чыгарып, “ошол жерге таштап кет” дедим. Ошол нерселерди сүйлөп бүткөнчө өзүмдөн-өзүм жийиркенип кеттим. Же жашай албаган, же өлө албаган мен киммин деги?

Эх, Жозефина!- көрсө, жашоо мага сен болгон экенсиң. Сен жок мен караңгылыкта жашап калдым. Жози, Жозефина... Акмак, саткын, эшек! Жылан... Ооба, сен жылансың! Арбайсың, коюнга киресиң. Өлтүрөсүң! Жылан! Сен жөнүндө жаман сөз айтканда жарам күчөйт. Жози, Жозефина... Мен сени сүйөм!..

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
ЖОЗЕФИНА. ЖАКЫНДА ЖАҢЫ СЕРИАЛ 833-сан
ЖОЗЕФИНА. ЖАКЫНДА ЖАҢЫ СЕРИАЛ 834-сан
ЖОЗЕФИНА. ЖАКЫНДА ЖАҢЫ СЕРИАЛ 835-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 837-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 838-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 839-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 840-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 841-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 842-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). 843-сан
Комментарийлер(19)
13.11.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммммммммм бул ким болду экен ???
13.11.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ актриса эмес да дагы жакшылап ойлонгулачы. Мага абдан кызык болтат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-15 12:22:10
13.11.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tokitok,ХХХ актриса бир жыл мурун ажырашкан.
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-15 12:22:23
13.11.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балким кундолук эскиргенине караганда мурунку актрисалардан окшойт.
13.11.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо бул чындыкпы? Же бироонун ою,фантазиясыбы?
13.11.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Актриса деп турат,еще Эски Кан деп журот,ХХХ ХХХ уйлонгондон баштап жазса деле анча эскирбесе керек,эмнеге Кан болмок эле,вроде экоо жакшыле жашашты пока ушакчылар ажыраштырып тынганча,бул улуу муундагы актрисага таандык окшойт
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-15 12:22:51
13.11.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлонтуп койдунарго супер инфо. Бизде андай конул чордонунда жургон актрисалар жок экен ойлонуп корсом. Баары эле ырчылар.
13.11.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ куйоосу бир жылдан бери дайынсыз эмес го, менимче жон эле чыгарма окшойт.
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-15 12:23:09
13.11.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгарма эле ,акырында чыгарма ишендинерби бизге деген жаны ачылган шоу программа дейт го. Кундолугун эч ким бербейт го.
14.11.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikan1966,обада кулку келтирет,окурман арттырыш учун чыгарманы деле фантазия кылып омур баян кылып коюшат
13.11.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ күйөөсү дайынсыз эмес, өзү комментарий бермектен жамандап эле жүрбөйбү күйөөсүн.
Чыгарманын кызыгын арттыруу үчүн, көңүл буруу үчүн атайын ушинтип баштаса керек
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-15 12:23:25
13.11.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инстаграммдан суротунду карайм деген жери бар анонсто демек акыркы 5 жыл ичиндеги эле окуя
14.11.2018. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ, кайсы актриса жөнүндө сөз болуп жатат кичине подсказка кылбайсызбы, алыста жатып алып ичим бышты)
14.11.2018. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жозефина бул биздин Жоли. Окуя да окшоп кетет экен. Кээде маалматты бурмалоого туура келет. Артист деп так маалмат берсе соттоп салбайбы.ХХХ ХХХХ А бугунку каарман ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-15 12:23:49
14.11.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен эмнегедир Таттыбубуго деп ойлодум.
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-15 12:24:01
17.11.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Janum84,Оба, Таттыбубунун инстаграмдагы баракчасы бар болчу
17.11.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janum84,Оба, Таттыбубунун инстаграмдагы баракчасы бар болчу
21.11.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fortuna1987,Уч жолу айтуунун кереги жок))).Кундолук эски тытык дегенден улам ойлодум.Корсо азыркы эле убактын окуясы же тагдыры турбайбы.
17.11.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janum84,Оба, Таттыбубунун инстаграмдагы баракчасы бар болчу)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо