№837 16-22-ноябрь, 2018-жыл
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кош-Коргон айылынын тургуну аялын сабап, тепкилеп, шыпыргы менен уруп өлтүрүп койгон. Сот зөөкүр күйөөсүн күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты.
ЖЫГЫЛЫП КАЛГАНДА ДА ТЕПКИЛЕГЕН
Жогорку соттун маалыматына караганда, 2015-жылдын 16-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кош-Коргон айылында оор кылмыш катталган. Анда мас абалында үйүнө келген 1976-жылы туулган Бактыяр Бектур уулу 2-3 күндөн бери талма оорусу кармап алсыз абалда жүргөн аялын «ооруй бересиң» деп тилдеп, ичке уруп, жыгылып калганда тепкилеген. Аялы ордунан тура албай жатып калганда сүйрөп четке жаткырып коюп, шыпыргынын сабы менен дагы сабаган. Аялы алган жаракаттарынан улам ошол жерден өмүрү менен кош айтышкан. Анын артында бойго жете элек 5 баласы жетим калды.
Бул боюнча тергөө иштери жүрүп, жыйынтыгында сотко өткөрүлүп берилген. 2016-жылдын 2-февралында Базар-Коргон райондук соту Бактыяр Бектур уулун киши өлтүрүү беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Соттолгон жаран райондук соттун өкүмү менен макул болбой жогорку инстанцияга кайрылган. 2018-жылдын 25-октябрында бул ишти караган Жалал-Абад облустук соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Бактыяр Бектур уулу мүлкү конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында жазасын өтөмөкчү.
«АЯЛЫМДЫ ӨЛТҮРГӨН ЭМЕСМИН»
Күнөөлүү деп табылган Бактыяр Бектур уулу аялын өлтүрүү тууралуу ойлобогондугун, убагында аялына жардам бере албай калгандыгы үчүн өкүнүп жаткандыгын сотто мындайча түшүндүргөн:
– Күнөөмдү жарым-жартылай моюнума алам. Чындыгында келинчегим экөөбүз уруша кеткенбиз. Бирок айыптоодо көрсөтүлгөндөй ичкилик ичкен эмесмин. Бул боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Ооруп жаткан келинчегимди өлтүрүү боюнча оюм болгон эмес. Урушуп-талашкандын эртеси күнү аялымдын талмасы кармап, кайра өзүнө келип сүйлөшүп калган. Убагында ооруканага барбай койгонунан ушундай коркунучтуу окуя болуп калды. Бул үчүн өкүнөм. Бойго жете элек 5 баламдын жетим болуп калганына да жаман болуп отурам.
«КЫЗЫМДЫН БАШЫ ЖАРЫЛЫП, КАБЫРГАЛАРЫ СЫНЫПТЫР»
Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү, маркумдун апасы кызынын өлүмүнөн кийин оорукчан болуп калганын айтып төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– Кызым каза болгондо анын үйүнө барып денесин көргөм. Анда кызымдын башынын арт жагындагы сөөгү жарылып кеткенин, көкүрөктөрү көгөрүп, кабыргалары сынып кеткенин көргөнбүз. Кызымды ушунчалык катуу сабагандыктан ички органдары, алдыңкы жыныс органы тарабынан сыртка чыгып кетиптир. Соттолгон жарандын врач жакын тууганы бар. Ошондуктан ал тааныштары аркылуу экспертизанын корутундусун бурмалап чыгарттырган. Күйөө балам балдарын да ойлоп койбой алардын апасын сабап өлтүрүп койду. Ал түрмөдөн чыккандан кийин деле балдарына жакшы тарбия бере аларына же аларга жакшы мамиле кыларына көзүм жетпейт. Мен болсо кызымдан айрылып, күйүтүмө чыдабай оорукчан да болуп калдым.
Перизат Музуратбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
ar turluuu tagdyrlar bar daa, sen aita beresin , byljyrap jatyp berbei deisin , oorup atsa tigi zookur oshol momentten paidalanyp olturup koiuptur daa, ech kimdin bashyna salbasyn, bul bir munotto bolup kete turgan kyrsyk da.