№837 16-22-ноябрь, 2018-жыл

ТАТТУУ НОЯБРДА ТАТТУУ ДЕСЕРТ


КРАФФИН

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 350 грамм

Ачыткы – 1 чай кашык

Сүт – 110 миллилитр

Кумшекер – 80 грамм

Туз – 0,5 чай кашык

Жумуртка – 3 даана

Каймак май – 150 грамм


Даярдоо ыкмасы:

1. Ачыткыга 1 чай кашык кумшекер, жарым стакан жылуу сүттү куюп, аралаштырып, 10 мүнөттөй жылуу жерге коюп коёбуз.

2. 40 грамм каймак майды эритип алабыз. Жумуртканы чагып, ага кумшекерди кошуп көбүргөнчө чалабыз.

3. Чоң идишке унду элеп, ортосун оюп, ал  жерге жумуртка менен кумшекердин аралашмасын, каймак майды жана ачыткы куюп, камыр жууруйбуз. Жыйынтыгында жумшак камыр жуурулат. Аны 10 мүнөттөй тынбай ийлегенде колго жабышпай калат. Камырдын үстүн жана ал салынган идиштин ичин бир аз каймак май менен майлап, ачыганча, 1-1,5 саатка жылуу ороп коёбуз.

4. Ачыган камырды 3кө бөлүп, ар бирин улпактан себелеп болушунча жука кылып жаябыз. Эми үстүнө каймак майдан тегиз сүйкөп, тыгыз оройбуз. Камырдын бетине каймакты сүйкөгөндөн кийин табитиңизге жараша мейиз, майдаланган грек жаңгагын себелесеңиз да болот.

5. Оролгон камырды курч бычак менен узатасынан тең ортосунан тилип (аягына жеткирбей), спираль сыяктуу ороп, аяк жагын түбүнө алып келип бекитебиз. Эгер камыр чоң болсо 2 краффин чыгарсаңыз болот.

6. Кекс бышырган калыпка камырды салып, үстүн целлофан баштык менен жаап, 20 мүнөттөй тыныктырабыз. Бул аралыкта камыр дагы көтөрүлөт.

7. Камырды 200 градуста иштеп турган электр мешине алгач 10 мүнөткө, андан соң бетине фольга жаап дагы 10 мүнөткө салабыз. Кийин фольганы алып салып бети кызарганча бышырып алабыз. Муздаган соң краффиндин бетине кумшекер упасынан себелеп дасторконго коёбуз.


БАДАМБУРА

Керектелүүчү азыктар:

Каймак май – 150 грамм

Жумуртка – 4 даана

Сүт – 200 миллилитр

Ачыткы – 1 чай кашык

Туз – 0,5 чай кашык

Ун – 4 стакан

Бадам – 250 грамм

Кумшекер – 250 грамм


Даярдоо ыкмасы:

1. Бадамдын кабыгын тазалап, блендерге майдалап алабыз да, кумшекер менен аралаштырабыз.

2. Сүттү жылытып, ага ачыткыны жана 1 чай кашык кумшекерди салып 10 мүнөткө тыныктырып коёбуз.

3. Сүткө жумуртканын сарысын, эритилген каймак майды, тузду жана унду салып камыр жууруп, 10 мүнөттөй ийлейбиз. Андан соң камырдын бетин целлофан баштык менен жаап, жылуу ороп, 30 мүнөткө тыныктырып коёбуз.

4. Камырды тең экиге бөлүп, кайра ар бирин 5-6 бөлүккө бөлүп тоголоктойбуз. Андан соң аларды тегерек формада, 1-2 миллиметр калыңдыкта жука кылып жаябыз. Кеңеш: камырды жаюу жеңил болушу үчүн ун менен крахмалды теңме-тең (1:1) өлчөмдө аралаштырып, улпактасаңыз болот.

5. Жайылган камырлардын бетин каймак май менен майлап, кабаттап тизип, рулет сыяктуу кылып тыгыз оройбуз.

6. Оролгон камырды 3 сантиметр узундукта өлчөмүндө кесип, ар биринин ортосун ачып, чөйчөк формасына келтиребиз.

7. “Чөйчөктүн” ортосуна 1 аш кашык бадам менен кумшекердин аралашмасынан салып, оозун бекитебиз.

8. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, камырдын түйүлгөн тарабын ылдый каратып тизебиз.

9. 170 градуста иштеп турган электр мешине 25 мүнөт бышырып алабыз. Бадамбураны өтө кызартып бышырууга болбойт, саргыч тартып турушу шарт. Муздаган соң бетине кумшекер упасынан себелеп дасторконго берсек болот.


БАЛ ТОКОЧ

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 1 даана

Бал – 2 аш кашык

Кумшекер – 70 грамм

Каймак май – 75 грамм

Ун – 200-220 грамм

Ашкана содасы – 0,5 чай кашык

Күнжүт – 2 аш кашык


Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртка менен кумшекерди аралаштырып, көбүргөнчө чалабыз.

2. Эми бул аралашмага балды, ашкана содасын жана бөлмө температурасында эриген каймак майды кошуп, дагы чалабыз. Андан соң унду салып, камыр жууруйбуз. Жыйынтыгында жумшак камыр жасалат. Аны 1 саат муздаткычка салып коёбуз.

3. Камырды муздаткычтан алып чыгып, көлөмүн грек жаңгагындай болгон бөлүктөргө бөлүп, тоголоктойбуз. Андан соң күнжүткө оонатып алабыз.

4. Электр мешинин табасына тизип (аралыктарын 3 сантиметр кылып), 200 градуста 12-15 мүнөттө бышырып алабыз. Ысык чай жана кофеге десерт даяр!


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(7)
20.11.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнжүт деген эмне?
Akzholtoi_Zhamashbekova түзөттү 2018-11-20 14:35:38
20.11.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akzholtoi_Zhamashbekova, кунжут кадимки
20.11.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
radostmoya, орусчасы кандай укпаптырмын?
21.11.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akzholtoi_Zhamashbekova, кунжут эле
20.11.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akzholtoi_Zhamashbekova,тмин же сейдана
21.11.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xnurgul_gul,Сейдана(чёрный тмин) менен кунжут эки башка.Сейдана кара тусто жана уч кырдуу болот.Кунжут жалпак,тамчы формасында болот.Болбой бара жатса гуглдан сурасанар таап берет.
21.11.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба, Кунжут да орусчасы да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо