№837 16-22-ноябрь, 2018-жыл
Гитара менен мукам ырларды созгон ырчы Чыңгыз Турдубеков сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды. Ал ким десеңиз, алыс кетпей эле кесиптеши, ырчы Нуркыз Кожонованын жүрөгүн ээлеген экен. Бул тууралуу Нуркыз: "Биздин ортобуздагы мамиленин башталганына 4 жылдай болуп калды. Сахнада жүрүп эле таанышканбыз. Чыңгыздын мүнөзү жакшы, бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызга жардам берип турабыз. Үйлөнүү той боюнча али сүйлөшө элекпиз",- деп билдирди.
Эмне демекчибиз, сүйүүңөр уланып, үйлөнүү тойго жетип, дагы бир чыгармачыл үй-бүлө пайда болушуна тилектешпиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |