Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл

САБИЗ ЧАЧТЫ, ТЫРМАКТЫ БЕКЕМДЕЙТ


Сабиз – чыгыш жашылчасы

Сабиздин жапайы түрү мындан 4000 жыл илгери Ооганстандан табылган. Ал кочкул сыя түстө болгон. Ал эми азыр колдонулуп жаткан сабиздин сорту, башкача айтканда, кызгылт сабиз мындан 400 жыл мурун Голландияда падышанын үй-бүлөсү үчүн атайын чыгарылган жана өстүрүлгөн.

90 пайызы суудан турат

Сабиз – диеталык азык. Анын курамында А, С, D, В витаминдер топтому бар. Анын курамынын 90 пайызы суудан турат жана калориясы аз жашылча (100 грамм сабизде 35 килокалорий).

Эмнеси менен пайдалуу?

1. Тырмакты, тишти, чачты бекемдейт.

2. Сабиздин курамындагы лютеин заты көрүүнү жакшыртат.

3. Терини жылмакай кылат.

4. Сабиздин курамында антиоксиданттар көп болгондуктан организмдеги ууларды чыгарып, организмди жашартат жана иммунитетти чыңдайт. Сабизди кайнаткан кезде андагы антиоксиданттардын өлчөмү көбөйөт. Андыктан андан түрдүү даамдарды жасап жеген туура.

5. Сабиз ширесинде фитонциддер бар болгондуктан вирустар менен жакшы күрөшө алат. Ошондой эле курамындагы калий жана минералдык туздар кан тамырларды бекемдеп, жүрөктүн иштешин жакшыртат.

Эмнеге сабизди көп жегенге болбойт?

Бир нече жума сабиз ширесин ичүү теринин саргайышына алып келет. Бул медицинада каротин сарысы деп аталат. Каротин заты боордун иштешине күч келтирет. Мындан улам сабиздин күнүмдүк өлчөмүн 250-300 граммдан ашырбоо керек.
Сабизди бышырган кезде канттын өлчөмү көбөйгөндүктөн ашыкча салмактан арылууну көздөгөндөргө, кант диабети менен жабыркагандарга көп жегенге болбойт. Ал эми бышырылбаган сабиз ашказан жарасы барларга сунушталбайт.


Сабиз токочу

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 1,5-2 стакан

Сабиз – 2 даана

Каймак – 100 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Мейиз – 100 грамм

Ванилин – 1 чымчым

Көбүрткүч – 1 чай кашык

Туз – 0,5 чай кашык


Даярдоо ыкмасы:

1. Мейизди жууп, суудан куюп тыныктырып коёбуз.

2. Сабизди майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, кумшекерди, тузду, каймакты, көбүрткүчтү (разрыхлитель), ванилинди, мейизди жана унду кошуп аралаштырып камыр жууруйбуз.

3. Камырды 1-1,5 сантиметр калыңдыкта жайып, ар кандай формада кесип алабыз.

4. 170-180 градуста иштеп турган электр мешине 20 мүнөткө коюп бышырып алабыз. Токоч даяр! Муздаганда бетине кумшекер упасынан себелеп койсоңуз да болот.


Диеталык салат

Керектелүүчү азыктар:

Сабиз – 2 даана

Алма – 1 даана

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Мейиз – 2 аш кашык

Алма уксусу – 1 чай кашык


Даярдоо ыкмасы:

1. Сабизди аарчып, жууп, сүргүчтөн өткөрүп алабыз.

2. Алманы жууп, каалаган формада туурайбыз.

3. Алма менен сабизге лимон ширесин, өсүмдүк майын, мейизди жана алма уксусун кошуп аралаштырабыз. Салат даяр!


Сабиз рулети

Керектелүүчү азыктар: (6 порция үчүн)

Сабиз – 500 грамм

Жумуртка – 3 даана

Катуу сыр – 50 грамм

Жумшак сыр – 2 пачка

Майонез – 50 грамм

Көк пияз – 1 тутам

Каймак май – 30 грамм

Туз, мурч – татымына жараша


Даярдоо ыкмасы:

1. Сабизди аарчып, жууп, майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Андан соң каймак майга 5 мүнөттөй кууруп, майын сарыктырып салабыз.

2. Жумуртканы көбүргөнчө чалып, сабизге кошобуз. Бул аралашмага майда тууралган укроп жана татымына жараша туз, мурч кошулат.

3. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө сабиз массасынын калыңдыгын 0,5-0,7 миллиметр кылып тегиз жайып салып, 180 градуста иштеп турган мешке15 мүнөт коюп бышырып алабыз.

4. Катуу жана жумшак сырды сүргүчтөн өткөрүп, ага майда тууралган көк пиязды, майонезди кошуп аралаштырабыз.

5. Сабизди өтө этияттык менен пергамент кагазынан ажыратып, целлофан баштыктын бетине жаябыз. Эми сабиздин бетине сыр аралашмасын тегиз сүйкөп, акырындык менен оройбуз. Рулет даамына келиши үчүн 1 саатка муздаткычка сала туруу керек. Андан соң кесип, дасторконго коёбуз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
27.11.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабиздин бышканын эч жей албайм да.Пловдон да терип салам сабизин.Ашказаным ооруйт.Зрением да начар.Ошондо чийки сабизди коп жегенге да болбойт экен мага.
03.12.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-Sumitraкапа болбо го,бирок сендей сабизди болуп коюп жегендерден жийиркенем.Ото кызыкча корунот табактын чекесине болуп койгондо.-,
27.11.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабизди абдаан жакшы көрөм.
28.11.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабизди абдан жакшы көрөм, өзгөчө кызыл сабизди.Күнүгө сабиз салат жейбиз, зыян болбосо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо