Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл

(Башы өткөн сандарда)

ххх

Күңүрт күндөр өтүп жатат. Кайсы күн экени белгисиз. Сен деп ойгонуп, сен деп азап тартып, сен деп уктап жашамыш этип жүрөм. Телефонумду талкалап салгандан бери сырт менен байланыш да үзүлдү. Сен чалбайсың, билем. Сен чалбаган соң телефондун эмне кереги бар? Бирок байкем чалат беле? Эжемчи? Досторчу? Жок-жок, эч ким чалбай эле койсунчу. Бирөөнүн көзүнө көрүнгөндү кой, өзүмдү-өзүм күзгүдөн карагым келбей жүрөт. Ооба, карагым келбей калды. Менде от өчүптүр. Көздөрүм жансыз. Ичим деле быкшып жатат. Кыйратпайм го... Шөлбүрөп калыпмын. Сакалым өсүп, көзүм чуңкурайып баягы сен белек кылган “бул деген свитшот” деп мактап кийгизген кийимиң чоң келип, далым куушурулуп калыптыр. Эч убакта ушундай болуп калам деп ойлогон эмесмин. Болгондо да аялдын айынан. Баягы жалындаган, сөзү өткүр, өзү курч, жетем дегенине жетип, алам дегенин алган Мурат жок. Көчөдөгү үмүтсүз кайырчы менден өткүр көрүнсө керек азыр...

ххх

Баарына өзүм гана күнөөлүүмүн. "Аялга эркиндик бериш керек! Аял деген сенин менчигиң эмес! Аны колдошуң керек! Бул болсо Голливудга өсүп жете турган актриса. Сулуу жүз, талант, деги койчу бүт баары бар. Муну алтын капасыңа камап койсоң, күнөөгө батасың. Искусствого балта чапкан болосуң". Ушинтип какшай беришти, какшай беришти... Жарнамачылар адамга 15 жолу бир эле маалыматты кайра-кайра көрсөтө берсе, адам аны байкап баштайт дешет. Андан ары ага ишене баштайт. А мен 15 эмес, миң, миллион жолу укпадымбы. Кайран кемпай! Искусствого балта чаппайын дедим... Көк мээмин. Анан калса өзүм заман талабына ылайык жашай алган, Жозефинага татыктуу, түшүнүктүү күйөө болуп көрүнгүм келбедиби. Сенин толтура жоруктарыңды билип туруп, улам бир эркекти кылгыра караган көзүңдү көрүп туруп “түшүнүктүү” болуп койдум. Башкалардын төшөгүнө сени өзүм салып бериптирмин! Акмак! Акма-ак! Кайдан жолуккам сага?!

ххх

Азыр мен Айгеримди эстедим. Сонун кыз болчу. Мыкты аял болмок. Мыкты эне болмок. Бадырайган кыз болчу. Баатыр төрөй турган кыз эле. Кытайдан келген сайын тээ Кеминден келе калып аэропортто күтүп турчу. Кубанып күтчү. Сагынып күтчү. Ал азыр кайда болду экен? Табасы канып отургандыр. “Кана, Жози деп чандың эле го, бүт республикага мүйүзүңдү көрсөтүп отуруп калдың го” деп жаткандыр... Азыркы абалымды көрсө эмне демек?

Байкуш кыз мени катуу сүйгөн экен. Же... Бирок ал кезде Муратты кимдер гана сүйбөдү? Сен да "сүйдүм" дебедиң беле?! Эмнеге Айгерим кызыксыз, сен кызыктуу болдуң мага? Сен мастансың! Сен арбайсың да! Жылан!

Балким, Айгерим баарын ачык кылып койгону үчүн кызык болбой калган чыгар? Ал жабыша берчү, жакшы көрөм дей берчү, талып карап калчу, кол жеткен жерде болчу, башка жигиттин колун кармаганды кой, башка эркек турган тарапты карачу эмес. Ушундай жөнөкөй, кызыксыз, “фишкасы” жок, сыры жок болчу. Баарынан да ысык илеби жок болчу сеникиндей... Ага сезимим арсар болчу, тажап кетчүмүн. Көрсө, байкуш менден үмүтү чоң болгон экен. Ушуга баатыр төрөп берем деген кыялы бар болчу тура. Мен сени көргөн күндөн тарта Айгеримдин аты унутулуп, үмүттөрү урап, кыялдары сапырылып калды. Ооба, сенден келген ээн-эркин эрке жел Айгеримдин менин жүрөгүмө эптеп-септеп куруп жаткан анын кыялдарынын көрксүз шаарчасын бырын-чырын кылып салды. Сен жүрөгүмө Айгеримге окшоп шаар курган жоксуң. Сен ысык-муздак шамалдарыңды алмак-салмак жүрөгүмдү аралатып, бир ысытып, бир муздатып жинди кылып салдың. Күн сайын кубулдуң. Туйладың. Арбап алдың. Мен жеңилип бердим. Ырахаттанып, мышык болуп жеңилип бердим сага!

ххх

Айгерим, анан досторум менен отургам. Кытайдан келип эле клубга кирип кеттим. Чуулдап бирөөлөр жүрүшкөн экен.

– Тиги жанагы актриса го,- деди бир убакта Айгерим сен тарапты карап. “Жозефина беле?”- атыңды эстегенге аракет кылды.

– Ушул актрисабы?- дедим таң калып. Кипкичинекей кыз болчусуң. Кийингениң жупуну эле. Араң 18ге чыгыптырсың. Сен тарапты карап жатканда сен жанагы арбаган көздөрүң менен көз карашымды кармап калдың. Ушинтип карай алган сени көрдүм. Көзү менен кучактап, көзү менен өөп, көзү менен жинди кылып коё алган сени көрдүм. Торго түшкүсү келген, жигиттин кучагына өзү кулагысы келген кыздар болот. Ошондой экенсиң. Менин тизмемде актриса жок болчу. Стюардесса, ырчы, бизнес-леди жана башкалар болгон. Бирок
актриса... “Бүгүн сени десертке жейм” дедим ичимден жанымдагы Айгеримди унутуп. Ал кезде мен курч болчумун. Ошол тапта Бишкекте
BMW X5 айдаган 3 эле адам бар эмес беле. Ошонун бирөө мен элем. Акчам чөнтөккө, өпкөм көкүрөккө батпай турган...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ЖОЗЕФИНА. ЖАКЫНДА ЖАҢЫ СЕРИАЛ 833-сан
ЖОЗЕФИНА. ЖАКЫНДА ЖАҢЫ СЕРИАЛ 834-сан
ЖОЗЕФИНА. ЖАКЫНДА ЖАҢЫ СЕРИАЛ 835-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ. 836-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 837-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 839-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 840-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 841-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ 842-сан
ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). 843-сан
Комментарийлер(15)
27.11.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул сериал
27.11.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кучтуу чыгарма экени байкалып калды! Кобурооктон жазышыныздарды суранабыз! Китеп кылып чыгарсаныздар андан жакшы болмок!
27.11.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баатыр тороп бермек,он сегизге чыга элек элен...Могу чыгарма точно эле бироолор жонундого
27.11.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягына чейин чыдап окуйлучу, билип билбейХХх ХХХ бекеринен куноого бата бербегилечи. Акырында тушунуктуу болотко.
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-27 15:56:51
27.11.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вааай кызык болду го эми
27.11.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Oreanda,love_you,barakcha, такталбаган маалыматтарды жазуудан алыс болгула. Билдирүүлөр түзөтүлдү жана өчүрүлдү! Эскертүү!
27.11.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким жонундо экени тушунуктуу эле болду.Ай Жозефина Жозефина....
27.11.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен элестеткенди,башкаларда элестетиптир ээ.Мурунку сериясындагы,машинадан уйпаланып тушкон жерин,ушул биз элестетип жаткан актрисанын инста комментарийлериненда окудум эле.Аны Мурат эмес,башка жон эле адам жаздыле,козум менен кордум деп.Уйпаланып,эри туруп,башканын машинасынан ошентип тушконун.Озунон башкасын кор,дудук,кемчонтой ойлойтго бул актриса менимче
28.11.2018. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asel-89a, купияма жазып койчу, сураныч, кайсыл актрисаны элестетип окуюн
01.12.2018. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asel-89a,мага дагы айтып койгулачы, аябай кызыгып жатам Ким экенине
27.11.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйгузот го ей мунун
28.11.2018. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жозефинаны элестетип окуйм го чиркин. Коздорун...18жашын....
28.11.2018. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эгер бул чыныгы окуя болсо кино тартчуай эле турмуштук сабак болуптур.Окуяны жазган адам Мурат деп аты аталып турат го,Ким экенин жон эле билип койсо болот.Дагы чыгышын кутобуз.Бирок Муратты кучтуу жигит деп ойлойм жон эле жашоого,сыноого женилбеген.Жозефинасы деле кечке эле учуп журо бербейт да.Кудай турат баарын таразалачу.
30.11.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ким экенин айтып койгулачы билгендер
26.04.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да билдим ким экенин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо