Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢИП, ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАР

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл

Ар бир адамдын тагдыры ар башка. Бирок биздин жашообуздун келечеги өзүбүздүн аракетибизден гана көз каранды экени талашсыз. Кээ бири алгачкы кыйынчылыкка туш болгондо эле ага моюн сунса, дагы бири тоскоолдуктарга карабай максатына бет алат. Дал ушундай адамдар кадыр-баркка, ийгиликке жана байлыкка жетишет. Төмөндө кыялдарынын артынан кыйынчылыкты басып өтүп, ийгилик жараткан спортчулар тууралуу сөз болмокчу.

Акча табуу үчүн беттештерге катышкан Мейвезер

Профессионалдык карьерасында бир да жолу жеңилбеген Флойд Мейвезерди “Форбс” журналы 2018-жылдын эң бай спортчусу деп атады. Бул белгилүү мушкердин балалыгы оор турмушта өткөнүн баары эле биле бербесе керек. Ал мектепте окуп баштаганында баңгизатын сатуу менен алектенген атасы камалып кетет. Акчанын аздыгынан Флойд 7 бир тууганы менен бир бөлмөлүү кичинекей тамда жашоого аргасыз болушат. Ал эми апасы баңгизатын колдонгонунан катуу ооруга чалдыгат. Жыйынтыгында Флойд окуучулук күндөрү менен коштошуп, жумуш издөөгө мажбур болот.

Мушкер кичинекей кезинен спортко жакын болуп чоңойгон. Анткени анын атасы да, таякеси да өз кезегинде профессионал мушкерлерден болгон. Бокс менен машыгып жүргөн Флойд акча табуу үчүн кичине кезинен беттештерге катыша баштайт. Алгач бокс сүйүүчүлөрү арасында 90 беттеш өткөрүп, анын 84үндө жеңишке жетишкен. 1996-жылы өткөн Олимпиадада коло байге тагынган. Ушул эле жылы ал профессионалдык бокско аттанат. Алгачкы беттешинде мексикалык Роберто Аподаканы 2-раундда эле чоң айырмачылык менен жеңип алат. Ал 22 жылдык профессионалдык карьерасында 50 беттеш өткөрүп, баарын тең жеңиш менен аяктаган жалгыз мушкер катары тарыхта жазылып калды.

Кезинде бир туугандары менен 1 бөлмөлүү үйдө турган Флойд Мейвезер азыр Лас-Вегас шаарында жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн хан сарайда жашайт.

19 жашында атасына там сатып берген Карлос

Футбол боюнча Бразилия курама командасынын оюнчусу Роберто Карлос Бразилиянын Гарса шаарында туулуп, жакыр үй-бүлөдө чоңойгон. Анын атасы айдоочу болуп эмгектенсе, апасы 4 баласына тарбия берип үйдө отурган. 3 жашынан баштап топ тепкен Роберто, 8 жашында жергиликтүү клубдардын биринде ойной баштайт. Атасы тапкан акча үй-бүлөсүнө жетпегендиктен, спортчу иштегенге аргасыз болот. 12 жашында мектепти таштап, текстилдик фабрикага жумушчу болуп кирет. Бирок өзүнүн сүйүктүү оюнун таштаган эмес. Эртең мененки саат 10дон 2ге чейин иштеп, 3төн 5ке чейин футбол менен машыккан. Машыгуусу бүткөндө кайра фабрикага барып ишин улантчу.

1988-жылы Бразилиянын Жогорку Лигасында ойногон “Унион Сан-Жуан” командасы менен келишим түзөт. Футболдогу карьерасын баштаганда Роберто атасына там сатып берүүнү максат коёт. Себеби алардын үйү болгон эмес. 19 жашка чыкканда ал кыялын ишке ашырып, атасына үй алып берген. Кийин мадриддик "Реал" клубу менен бирге Чемпиондор Лигасын 3 жолу жеңүүгө жетишкен.

Алсыз баладан Дүйнө чемпионуна айланган Тайсон

Эң белгилүү мушкерлердин бири Майк Тайсон бала чагында алсыз жана коркок болгону баарыбызды таң калтырса керек. Тайсон өзүн-өзү коргой албагандыктан кемсинтүүлөргө жооп кайтара алчу эмес.

Атасы Майк төрөлгөнгө чейин эле үй-бүлөсүн таштап кетет. Апасы болсо ар кайсы жумуштарда иштеп 3 баласын багууга аракет кылган. Бирок балдарынын жүрүм-турумун карап, тарбия берүүгө убактысы болбой калар эле.

Майк канаттууларды абдан жакшы көргөндүктөн көгүчкөндөрдү бакчу. Күндөрдүн биринде бир топ балдар аны жолунан тосуп алып кыйнашат. Алардын ичинен бирөөсү Тайсондун колундагы көгүчкөндү өлтүрүп коёт. Эң жакшы көргөн канаттуусунан айрылган 10 жаштагы баланын жини келип, аны сабап салат. Ал баланын Тайсондон жашы дагы улуу, бою дагы узун эле. Бул окуяга көз салып турган балдар Тайсонду жабылып ургандын ордуна, анын кылган эрдигин баалап, өздөрүнүн катарына кошуп алышат. Ошентип Тайсон майда-чүйдө кылмыш кылып жүргөн ал балдарга кошулуп, өзүн-өзү коргогонду үйрөнөт. Келечектеги мушкер дагы кылмыштарга аралашып, өспүрүмдөр үчүн камактарда отуруп чыккан учурлары болгон.

Кезектеги кылмышы үчүн жазасын аткарып жаткан кезде ошол учурдагы көпчүлүктүн кумири болгон Мухаммед Али менен жолугуп калат. Дал ушул жолугушуудан кийин Тайсон мушкер болууну кыялдана баштайт. 13 жашында штат бийлиги аны атайын жашы жете элек кылмышкерлер окуган мектепке которушат. Ошол жакта ал мугалим болуп иштеген, өз кезинде мушкер болгон Бобби Стюартты жолуктурат. Ушул адам анын алгачкы машыктыруучусу болуп, чоң спортко кадам таштоого жардам берген. 15 жашынан баштап ал беттештерге чыгып, спорттук карьерасын баштайт. Бокстун аркасы менен Тайсон 300 миллион доллар табууга жетишкен.

Балалыгы көмүр кампасында өткөн Ди Мария

ПСЖ футбол клубунун “Кесме” деген каймана атка ээ оюнчусу Анхель Ди Мария Аргентинанын Росарио шаарында туулган. Анын ата-энеси эртеден кечке көмүр кампасында иштешчү. Тапкан айлыктары балдарын багууга толук жетчү эмес. Алар эч бир шарты жок кичинекей кепеде жашашчу. Ошол себептен Ди Мария да 2 эжеси менен кошо ошол жерде иштеп, ата-энесине жардам беришчү. Келечектеги футбол жылдызы 3 жашынан баштап топ тээп, бош убактысын жалаң футбол ойноо менен өткөрөр эле. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү иштесе да ата-энесинин кичинекей Ди Марияга бутса сатып берүүгө шарттары жок эле. Ошондуктан ал жылаңаяк футбол ойноого мажбур болгон.

7 жашында жергиликтүү клубда ойной баштаган Ди Мария 13 жашка чыкканда «Росарио Сентраль» клубуна өтөт. 2007-жылы жаштар арасында өткөн Дүйнө биринчилигинде футболчунун жылдызы жанып, ошол эле жылы аны Португалиянын “Бенфика” клубу өз катарына кошуп алат. Алгачкы алган айлыгына үй-бүлөсүнө там алып берип, атасынан көмүр кампасында иштебей эле коюусун суранган. Азыркы учурда жылына 13 миллион евро таап, "ПСЖ" клубунун негизги курамында ойноп келет.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(8)
27.11.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Майк Тайсон чындап бокс тарыхындагы эн кучтуу мушкер. Беттештеринин 80% нокаут менен бутурсо керек.Анын беттештерин коруп жатып,каршылашына жалко болуп кететго
27.11.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бокс негизи жакшы спорт эмес. Бул адамдар каарыганда аябай кыйналышат.
27.11.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
В возрасте 13 лет Тайсон был отправлен в
спецшколу для несовершеннолетних
преступников, расположенную в северной
части Нью-Йорка . К этому моменту он
считался неисправимым и отличался
огромной для своего возраста физической
силой. В школе, в которую определили
Тайсона, учителем физкультуры работал
бывший боксёр Бобби Стюарт. Попав
однажды в карцер, Майк заявил, что хочет
стать боксёром. Стюарт согласился
тренировать его при услови
27.11.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
что Майк не
будет нарушать дисциплину. Спустя
некоторое время Стюарт заключил с ним
ещё один договор: чем лучше Майк учится
в школе, тем больше Стюарт занимается с
ним боксом. Тайсон, которого до этого
считали умственно отсталым, сумел
заметно повысить свою успеваемость. Уже
в 13 лет Майк мог поднять 100
килограммовую штангу в жиме лёжа. Через
некоторое время Стюарт понял, что его
ученик уже перерос его, и познакомил
Майка с
27.11.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
с легендарным тренером и
менеджером Касом Д’Амато . Кас создал
вокруг Тайсона профессиональную
команду: тренеры, секунданты, массажисты
30.11.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо эмнеге орусча жазганга жол берип жатасынар. Бул гезит кыргыз тилдуу болгон учун гана сыйлачуу элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо