ПРЕЗИДЕНТТИН КУДАСЫ АЛИЯРБЕК АБЖАЛИЕВ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ НААРАЗЫ

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл

Парламент депутаты Алиярбек Абжалиев «Азаттыкка» берген маегинде журналисттерге жана анын дарегине сын айткан коомчулукка карата нааразычылык айтты. Алиярбек Абжалиевдин бир тууган агасы Ыктыярбек Абжалиев өткөн аптада «Мегаком» компаниясынын логистика бөлүмүнө башчы болуп дайындалган. Бул дайындоо Абжалиевдин кесиптеши, депутат Акылбек Жамангуловдун «Мегакомго» директор болуп баргандан кийин болгону да көңүлдү бурат. Коомдогу сын-пикирден улам бир аптадан кийин Ыктыярбек Абжалиев кызматтан кетти. «Анын бул кызматка барышына менин тиешем жок. Резюмесин карап кызматка чакырышыптыр. Кечээ аны журналисттер көтөрүп чыкты. Ал да оокатын кылышы керек, аны бирөө бакпайт да. Мурун шоопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге барса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат. Журналисттерге да Кудай бар»,- дейт Абжалиев. Полковник Ыктыярбек Абжалиев бажы кызматында иштеп, пенсияга чыккан. «Ушундай дэңгээлде иштеген экен, бөлүм башчылыкка эмес, «Мегакомго» директор болуп барууга да татыктуу экен» деп, жакшы жагын да айтыш керек да»,- дейт депутат. Айта кетсек, Алиярбек Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.
2 жолу үй-бүлөлүк башкаруунун запкысын тарткан Кыргыз коомчулугунун кайрадан үй-бүлөлүк башкарууга, жогорку кызматтарга президенттин туугандарынын дайындалышына каршы коңгуроо кагып жатканы бийликтегилер нааразы боло турган көрүнүш эмес.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо