Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛАРДЫН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДОГУ ГОНОРАРЛАРЫ ТАЛКУУДА

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл

Юрист Нурбек Токтакунов президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында шайлоо алдында жана үгүт кампаниясында жумшалган акчалар делинген Excel файлды коомчулукка жарыялап, бул маалымат бир аптадан бери талкууга алынууда. Анда миңдеген долларга бааланган кызматтардын арасында шайлоо учурунда Жээнбековдун үгүт иштерине катышкан ырчылардын да аты аталып, гонорарлары көрсөтүлгөн.
Чуу жараткан файлдагы ырчылардын тизмесинин башына Бактияр Токторов “Биз” тобу менен, ошондой эле Нурлан Насип 18 миң доллар гонорар менен коюлуп, ал эми Сайкал Садыбакасова, Гүлжигит Сатыбеков, Гүлзада Рыскулова, Самара Каримова 15 миң доллар, Гүлнара Тойгонбаева, Съездбек Искеналиев, Ырыскелди Осмонкулов, Иса Өмүркуловдор 10 миң доллар деп белгиленгени таблицада көрсөтүлгөн.
Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул маалыматты фейк деп атап, "андай маалыматтар комментарийленбейт" деген. Ал эми президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов "Таблицада көрсөтүлгөн иш-чаралар, даталар, адамдардын аттары, мен боюнча жазылган маалыматтар чындык" деди. Эл арасында талкууга түшкөн маалыматты тактоо максатында аталган ырчылардын айрымдарына кайрылып көрдүк. Көпчүлүгү "бул маалымат коммерциялык сыр, аны айта албайм" деп абалдан чыкса, атын атагысы келбеген ырчы жигит окуя кандай болгонун айтып берди. “Алгач бизге кайрылышканда баарыбызга бирдей болсун деп 10 миң доллар төлөп беришерин айтышкан. Кийин ар ким менен жеке сүйлөшүүлөр жүрүп, гонорарлар өзгөрдү. Мен, мисалы, 15 миң долларга үгүт иштерине чыккам”,- деп маалымат берди.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(20)
27.11.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уяяят,болбогон ырчыларга ушунча акча коротушса,эл кыйналып атканда
27.11.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушунча акча коротуп келген президенттен эмне күтсөк болот? кыргыз элим бир жыл болду келгениге эмне өзгөрдү?кайра артка кетип жатабыз
27.11.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
salimbek87.kg,ошондо эле билбединизби элдин баары квартира, машиналарды алышкан. Бекер оокат буйрубайт. Бирок булар бир эки ыр ырдаган. Ал жагын кудай билет
28.11.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
salimbek87.kg,туура бирок Сооронбай Шарипович А.Атамбаевден 10 эсе жакшы менин оюмча бул созум эмнеден келип чыкты кыргызтан 2005 жылга чейин 2 миллиард 100 миллион болгон 2005-2010 жылдар аралыгында ошол эле сумма болгон демек Бакиев карыз алган эмес 2010-2011 2жарым миллиардка жеткен карызыбыз 2011-2017 жылдары 4 миллиард 100 миллион болгон демек атамбаев 6 жылда кыргызстанды ойо кесип тойо жеди дегенди билдирет бул статистика
27.11.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир адамга бир миллиондон ашык акча таап жатабы ошондо
27.11.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз 15 жылда ичпей-жебей чогултсак 15 000 доллар чогулабы?
Булар 1 айда ушунча алса ото эле "жирный" толоп бериптир. Ошончо акчаны каяктан алды бул?
27.11.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Shokoladka94,
Каяктан алмак эле,өлкөнүн бюджеттинен алган акча да.Атамбаев колдоп бюджеттеги акчаны чачып жатып президент кылбадыбы.
27.11.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бети жоктор
27.11.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бабанов мындан эки эсе коп тологон. Назира айтып журбойбу «шайлоодон кийин Квартира алдым эмгегиме» деп. Так что
28.11.2018. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25,кайсы Назира
27.11.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элден сыгып алган налог, салыктардын эсебинен биринин оозун бири майлап, анан чекеден квартираларды алып, андан артканынан нарагы Дубай, Египетке барышып, тоюна 200миндик койнокторду кийип чартанбай тебишкен турбайбы кургурлар. Элдин убалы, ХХХ ХХХХ ХХХХ Кара курсактын айынан ХХХХ ХХХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-28 13:50:12
27.11.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1000сомдон алган акчанардын дагы канча азабын тартаар экенсинер байкуш элим.
Aibyikem түзөттү 2018-11-27 23:46:00
28.11.2018. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aibyikem,туп туура айтасың, менин паспортум жок шайлай албадым, биздин айыл баары 1000 сомдон алып акебизди шайлаштыго чиркин
Paprikafm түзөттү 2018-11-28 01:52:17
28.11.2018. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Той кылсам ырчы пырчы чакырбайм
28.11.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооронбай анча ырчыны ырдатып акча коротуп эмне кылат элен, андан коро досун Атамбаевди ээрчитип алсан жакшы и бекер ырдап бермек.
29.11.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлагым келип атат неге кыргызтанда жалан эле озум озум деген саясатчылар неге биздин райондор айылдар онукпойт неге эл учун иштешпейт
30.11.2018. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо мн Соке аябай тирештиго
01.12.2018. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул маданият кызматкерлеринин напсин тыйыш керек болуп жатат! Чиновниктергего жетпейт жеп көнүп калган. 18 000$ уят бир тойго 500-1000$ асмандан акча тапкандар эле чакырбаса охоо. Бир эле Соке эмес бардык депутат президенттер ырчыларга төлөп берет Сокеден ашыкча төлөсө төйлөйт бирок кем эмес ошолордуда териштирип чыгыш керек ырас баштагандан кийин
01.12.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимдин заманы ырчылардын заманы болуп жатат ошого жараша фонограммасыз ырдышса.
03.12.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушунун баарын Сокеге Аша акабиз толоп берсе керек бирок точносун бир кудай билет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо