Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ КУРАП ЧЫГЫШТЫ. АЛАР МЫНДАЙ УНААНЫ ЖАСОО ТАТААЛ ДЕЛЕ ЭМЕС ДЕШЕТ

№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл

Мекенибиз таланттарга бай келери дагы бир ирет далилденди. Кыргызстанда алгачкы ирет электромобиль жасалды. Ал электр унааны Жалал-Абад шаарынын тургундары Жумадыл жана Ысмайыл аттуу мырзалар Дэу Матиз унаасынан курашкан. Биз алар менен байланышып, маалымат алдык.

«МЕН ДА ЭЛЕКТР УНААСЫН ЖАСАСАМ ДЕГЕН ОЙ КЕЛДИ”

Электр унаасын курагандардын бири Ысмайыл Валиев бул анын биринчи аракети эмес экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

– Мен өзүм машина, радио-техникага жакынмын, "досмун". Автоунаа оңдоочу жайларда да иштегем. Чет өлкөлөрдөгү электромобилдерди көрүп ушул тармакка кызыктым, мен да электромобиль жасасам деген ойлор пайда болду. Буга чейин да электромобиль жасоого аракет кылып көргөм. Бир нече жыл мурун мен Дэу Тико унаасын электромобиль кылып жасагам. Бирок аны жасаганда жөнөкөй эле аккумуляторду колдонгом. Ошол себептен көпкө жүрө алчу эмес.

Мындан башка электроцикл, электровелосипеддерди жасадым. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга электроколяскаларды жасап, жардамымды көргөзгөм. Биринчи аракеттерим ишке ашпай калса да ойлорумдан кайткан эмесмин.

Былтыр Жумадыл деген жигит менен таанышып калдым. Ал дагы электромобиль жасоого кызыгып жүргөн экен. Ошентип экөөбүз чогуу электр унаасын жасоону баштадык.

“КИЧИНЕКЕЙ ЧАГЫМДАН ТЕХНИКАГА ЖАКЫН БОЛЧУМУН”

Ал эми Жумадыл Мавлянов илим-техника жаатында билими жок болсо да, кызыгуунун артынан электромобиль жасап жатканын айтат:

– Мен кичинекей кезимден эле техникага жакын болуп, унаанын кыймылдаткычынан ар нерсени жасаганды жакшы көрчүмүн. Келечекте электротехника тармагында окусам деген кыялдарым да бар эле. Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, жогорку окуу жайда окуп, билим алууга мүмкүнчүлүгүм болбой калды. Кийин чет өлкөлөрдө электромобилдер чыгарылып жатканын көрүп, ушундай унааларды кантип жасаса болот деп ойлоно баштадым. Анан интернет аркылуу Ысмайыл байкенин Тикодон электромобиль жасаганын көрүп калып, ага байланыштым. Экөөбүздүн ойлорубуз бир жерден чыгып, электромобиль жасоого кириштик. 3 айдан бери Дэу Матизди электромобиль кылып жасоо менен алекпиз. Тетиктерди Кытайдан буйрутма менен алдыртып жатабыз. Ошондуктан тетиктер келгиче убакыт өтүп кетип жатат.

“СААТЫНА 80 ЧАКЫРЫМ ЫЛДАМДЫККА ЧЕЙИН ЖҮРӨ АЛАТ”

– Негизи Матизден башка унааларды деле электромобиль кылып жасаса болот. Бирок биз түштүк жергесинде көп айдашкан Матиз үлгүсүндөгү унааны тандадык. Себеби, биринчиден, анын баасы арзан. Экинчиден, кузову жеңил, бул да маанилүү. Эгер унаанын салмагы оор болсо, электр кубаттуулугу азыраак чакырымга жетет. Ал эми Матиз жеңил болгондуктан жол жүргөндө аз кубаттуулук менен узагыраак чакырымды басып өтүүгө мүмкүнчүлүк болот. Азыр дагы бир аз майда-чүйдө иштери калды, буюрса, 1-2 жумадан кийин толук бүтөт.

Эң негизги деп саналган 3 тетиги бар. Алар: электр кыймылдаткыч, контроллер жана аккумулятор, мына ушулардын баасы кымбат. Аларды дагы Кытайдан буйрутма кылып койдурганбыз. Алгач унаанын бензин кыймылдаткычын чыгарып алып, анын ордуна 10 киловаттык электр кыймылдаткычты кыймыл берүүчү коробкага туташтырдык. Контроллер, анан 14 киловаттык литий темир-фосфаттуу аккумуляторду колдондук. Тесла үлгүсүнүн акыркы унааларында дагы дал ушундай электроаккумуляторлор колдонулган. Ток менен иштей турган меш коюп, дагы ушул сыяктуу майда тетиктерди жасадык. Кыймыл берүүчү коробкасы механика болгону менен, автомат коробкадай болуп калды. Себеби газ менен тормоздун педалы аркылуу эле жүрөт.

Ал эми унаанын аккумулятору кантип кубатталат дегенге токтоло кетсек. Кадимки эле 220 вольттук розеткага сайып, аккумуляторду кубаттандырабыз. Аккумулятор 5 саатта толук кубатталат. Саатына 80 чакырым ылдамдыкка чейин жүрүп, бир кубаты менен 100-120 чакырымга чейин жүрө алат.

“ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ ЖАСОО ТАТААЛ ЭМЕС”

– Негизги маалыматтарды интернеттен алып, ошого карап үйрөнүп жатабыз. Бирок көпчүлүк учурларда өзүбүз тажрыйба жасап, өзүбүз жасоону үйрөнгөнгө аракет кылуудабыз. Жалпысынан алганда, бул өтө деле татаал иш эмес. Болгону заводдон алып келинген тетиктерди туташтырып эле орнотуп жатабыз. Кытайда бардык тетиктер сатылат. Болгону 1-2 өзгөчөлүктөр бар. Ошолорду үйрөнүп, билип алсаң эле болду.

Азыр биздин унаа сыноодон өтүп жатат. Буюрса, биринчи унаабызды жүргүзүп, ийгиликтүү аягына чыгарсак, келечекте дагы чоң пландарыбыз бар.

Бул унаага элдин кызыгуусу аябай чоң. Көчөгө айдап чыкканыбызда бардыгы кызыгып, кантип жасалганын сурашат. Бирок канча акча сарпталганын укканда эле кымбат деп жатышат. Ошол эле учурда унаанын сарамжалдуулугу жана экологияга зыяны жоктугу элди өзүнө бурат. Азыр электромобилдерди айдоо үчүн өлкөдө шарттар да жок. Мисалы, аккумуляторду кубаттай турган станциялар же бузулуп калса аларды оңдой турган атайын жайлар жок. Ошол себептен мындай унааларга талап аз. Бирок электромобиль замандын талабы болгондуктан бул унааларга кызыгуу бара-бара жогорулайт деп ишенем.

“БАШКАЛАРГА ДА ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ ЖАСАП БЕРҮҮГӨ ДАЯРБЫЗ”

– Албетте, электромобилдин дагы терс жагы болот. Мисалы, узак сапарга чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Азырынча бул унаа менен шаар ичинде гана жүргөнгө ыңгайлуу. Бирок кубаттуу кыймылдаткычтарды коюу менен узагыраак жүргөнгө шарт түзсө болот. Унаа толук бүткөн соң ага документ алабыз. Өзүң жасаган машинага атайын документ алуу талап кылынат. Эгер документ алуу жолдору оңой болсо, келечекте башка жарандарыбызга дагы электромобиль жасап берүүгө даярбыз.

Ушул тармакта элибизге кызмат көрсөтсөк деген жакшы ойлорубуз бар. Анткени карапайым калк үчүн электр унаасы абдан жакшы вариант. Жасатууга көп каражат кеткени менен, кийин бензинге кеткен акчаны үнөмдөө менен актоого болот. 10 сомдук электр энергия менен кубаттап, 100 чакырым жолду жүрүүгө болот. Ошондо күнүнө 10 сомдон коротсоңуз, 1 айда 300 сомдун электр энергиясы кетет. Бирок күнүнө 100 чакырымды баары эле жүрө бербейт, анда дагы үнөмдүү болот. Ал эми бензин менен жүргөн унаага 100 чакырым жүрүшү үчүн 400 сомго бензин куясыз.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(18)
04.12.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
5 саат аны зарядтагыча матизге 5 литр куюп ошол 100 км ге барып келген он го))))
04.12.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
originalkgz96, кечинде уктаган убакта кубаттап Анан ошо 100 км жол турса, эки матиз турса электромашынды тандасаң керек эле
04.12.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен кунуго 350 сомдук бензин куям орточо, ошондо 1 айда 10500 с бир жылда 126000 сом эгер электромобиль алсам 126000 сом чонтогумо калат экен.Охоо жакшы нерсе го я?
11.12.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef,светтин акчасы эмне же РЭСте атан иштейби
04.12.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
электромобилди кыргызстанда жасап,сатып чыгарууга БУУ эч убакта уруксат бербейт!Кыргызстан айыл-чарба,чийки сырьего ылайыкташкан олко,мындай нерселерди жасап чыгабыз десе АКШ бир звонок менен тынчытып коёт!
04.12.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Hanzada.sabih, тууган бул жерде өтө чоң бир завод тууралуу сөз болгон жок. Ишин сүйгөн 2 адамдын ийгилигин айтып атат. Кубансаң боло ушул жетишкендиктер үчүн
04.12.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азаматсыңар эң биринчи жакшы ниет. Колуңар дарт көрбөсүн. Келечекте Кыргызстанга завод ачкыла аракет жана аракет. .
04.12.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Зарыл керек болуп калса машинен заряды жок болсо анда дагы больойтко
04.12.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Запасной аккумулятор алып журуп, аккумуляторун алмаштырып, айдап кете бергендер да чыккан.
04.12.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жайында Оштогу ысыкта кундун энергиясы менен аккумуляторду толтурса болсо керек.
05.12.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсыздар,заводтогу электромобилдерге караганда арзан деп жатат. демек элде мумкунчулук бао
05.12.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Көп жазагыла элдерге ошондо суроо талап өсөт
06.12.2018. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн сонун идея онорунор оркундой берсин келечекте чон чон заводторду ачып биринчилерден болуп Орто азиянын рыногуна чыккыла.
06.12.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анча мынча катуураак-шамал болсо свет жумалап очуп калган учурлар кездешип калат)))) анда не болот?)))) Негизи молодцы! Колдоруна береке!
06.12.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы ойлопсунар машинанын устуно солнычный орнотуп ошону туташтырып койсо болоор бекен азайган энергияны кундон толуктап турат
07.12.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такси бизнеси акырындап жоголот окшойт
07.12.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баасы канча болуп калат
07.12.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
элдин баарын баасы кызыктырып жатат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо