№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл

Назира Жетигенова, куудул, телеалпаруучу: «ЧАТЫРДА ЖАШАП ЖҮРҮП ҮЙ КУРДУК»


Кыргыз элинде "үңкүр да болсо үйүм бар" дешет эмеспи. Чындыгында эле чарчаганда барып бутту сунчу, түрлөп тамактарды жасап конок тосчу же жөн гана эс алганга үйүм болсо деп баары эле кыялданса керек. Бул ирет биз куудул, телеалпаруучу Назира Жетигенованын жаңы конуштардын бириндеги үй-жайы менен таанышып кайттык.


АШ КАНА+КОНОК БӨЛМӨ
– Биздин үйгө келген адам биринчи эле ашканага баш багат. Бул жер мурун тар болчу, кийин залды бузуп, кеңейтип алдык.

МЕНИН БӨЛМӨМ
– Бул менин бөлмөм. Жана айтпадымбы, конок бөлмөнү бузуп, ашкананы кеңейтип алдык деп, дал ошол кичирейтилген конок бөлмөнү мен өзүмө бөлмө кылып алгам. Алган сыйлыктарым ушул текчеде турат. Арасында силерден алган сыйлыгым дагы орун алган. Быйыл сыя түс мода болуп жатат дегенинен мен дагы модадан калбайын деп бөлмөнү жасалгалоодо ушул түскө басым жасадым. Ак түстү да жакшы көрөм. Ошондуктан обои дагы чаптаттырган жокмун, шейшебиң дагы аппак болсо уктаганда булуттун үстүндө уктагандай болуп, жакшы эс аласың.

АПАМДЫН БӨЛМӨСҮ
– Үйдү жаңы салып жатышканда апамдар дал ушул бөлмөгө биринчи киришкен экен. Бөлмө чоңураак деп күйөө балам менен кызыма бөлүп берели десек апам болбой койду. Ал өз бөлмөсүн абдан жакшы көрөт.

НЕБЕРЕЛЕРИМДИН БӨЛМӨСҮ
– Улуу кызым Айперинин 3 баласы бар. Бул бөлмө ошол неберелеримдики. Аларга арнап атайын сүрөт тартканга доска сатып бердим. Үйдүн дубалдарына сүрөт тарттырбай, мурун эле алып берип койбоптурмун деп ойлоп калдым.

КЫЗЫМ МЕНЕН КҮЙӨӨ БАЛАМДЫН БӨЛМӨСҮ
– Улуу күйөө балам менен кызым биз менен чогуу турушат. Үйлөнүшкөндө аларга да бөлмө бөлүп бердик. Ага чейин бул жерде мен жашачумун.


Чай маек. "ТОЙ БОЛОТ ДЕГЕНДЕ ҮЙҮБҮЗДҮ ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨРДҮК"


– Назира эже, батирден батирге көчүү деген түйшүк менен тааныш болуп калдыңызбы?

– Апамдар менен чогуу жашаганыма 10 жыл болду. Ага чейин батирде жашачумун. Биздин үй-бүлө, тагыраагы ата-энемдер бул жактан 1991-жылы жер тилкесин алып, жаңы көчүп келгенде кызгалдактар эле өсүп турган ээн талаа болчу. Алгач чатырда жашадык. Бул жакта биздин чатыр, дагы бир кишинин вагону, анан кызыл материалдан тосулган даараткана бар эле. Биздикине келгендер ошол кызыл материал аркылуу адашпай таап келишчү. Кийин үй салдык. 2 агам каза болгондон кийин бул үйдө апамдар менен жашап калдым. 


– Гастролдоп төрт дөңгөлөктүн үстүндө жүрүп, тапкан акчаңызды үй салуу, оңдоп-түзөө үчүн жумшаган экенсиз да?

– Үйдүн жасалгасы мурун башкача болчу. Өзүңүздөр билгендей, жакында эле кичүү кызым турмуш жолуна аттанды. 2 жылдан бери оңдоп-түзөө иштерин кылабыз деп такыр убакыт таппай жатканбыз. Той болот дегенде үйүбүздү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп алдык. Менден башка кыздар өз үйлөрүндө жашашат. Мен болсо апамдын колундамын. Эми минтип “өзүм билип, өтүгүмдү төргө илип”, каалагандай кылып жасап жатам. Кичүү сиңдимдин да табити жакшы, буюмдарды экөөбүз чогуу тандаганбыз. Уста жалдасак “20 күндө бүтүрүп беребиз” дешип, 2 айда бүтүрүштү. “Апамдын тамагы жагып калган окшойт” деп күлүп жүрдүк. 



Жаңыл Ниязбекова
Адилет Бектуров

star@super.kg


Назира Жетигенованын атасынан калган үйүндө конокто

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(34)
04.12.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Озу апасынын уйундо жашаса куйоо баласы да жашап алганы жаман экен.куч куйоолор жакпайт кетпейби болунуп бала чакасын ээрчитип.
04.12.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
sabyr86,сынтакпасанчы. Мен Назиранын куйорманы эмесмин,бирок эркек бир тууганы каза болуп калса ,апасын ОЗУ бакпаганда Ким багат?? Же талаага таштап койсунбу??
05.12.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nanei,тушунуп тушунбой эле ответ жаза калбачы мен апасын бакпасын деп атамбы? Назира озу бага берсин куйоо баласын анан балдарын алып келип албай дагы бул чон комнатаны куйо балама берели десем апам болбой койду дейт.Апасынын бут уйун басып алганы аз келгенсип.
06.12.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
sabyr86,бироонун куйоо баласы менен ишин канча сенин??? Мага десе куда кудагыйын киргизип алсын уйуно,сенден оокат сурап багып аткан жери жокко
06.12.2018. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei, Сен кандай тушунбогон немесин куоо баласы озу билип кетпесе мне анан аны кет демек беле.
04.12.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
sabyr86,сынтаккандан кыргыз Эли астына эч кимди салбайт,айрыкча эркек таналар
05.12.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
sabyr86, ХХХХ куйо бала куч куйоо деп эле соз болбосо жашоосу тынч отсо болду да куч куйоо деселе бир сомтур ХХХХ элестетпеш керек кунумдук турмушу норм отуп атабы каерде болбо жашай бериш керек элдер азыр уй салалбай талаалап журушот го гана биз да оз мекенибизде кенен бутту сунуп жатсак
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-05 12:47:01
07.12.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sabyr86, уйдо эркек болсо жакшы да. Алары 3 баласы менен батирлеп журсо, Назира апасы экооле чон уйдо жашаса не кызык. Эркек баласы жок болгондон кийин шартка туура келген куйоо бала жакшыкен.
04.12.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
. Назиранын апасы жакшы Адам,Бермет Эжени жакшы тааныйм. Аман болсун,жузго чыксын. Комнатасын куйоо балам менен кызыма берейин дегени жакпай калды. Апанызды сыйланыз биринчи.
04.12.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Nanei,Даа туура Апасы жакшы айтыптыр озумдун болмомдон чыкпайм деп чон болмого кызы куйоо баласы жаткыдай эмне уй ошолордуку беле, керек болсо апасы озу каалаган комнатада болушу керекда
04.12.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эркек Адам керек да бир уйго бироо болсо да куйоо баласы жашаса эмне болмок
05.12.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
binur5,куйо баласы кийин сонгу уулун берип койсо Назира эже гулдой жашай берет кудай буйруса куйо балага деле уй жай болот мынтип чогу кантип эле калат эле Назира эже эркек неберенизди чонойсо багып алын уйлоп алсаныз ошонун сыйын корос. Бир кем дуйно баарында эле ушундай. Баары тегиз бсо жашоо кызыксыз бп калса керек
04.12.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Жакшы да, баары чоогу. Күйөө бала менен батышып жашаган Назира эже да, күйөө баласы да молодец экен. Өзү гастролдоп кеткенде апасы жалгыз калмак беле, туура кылат. Азаматсыз эже. Сизди жана чыгармачылыгынызды сыйлайм.
04.12.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки агасы каза болсо алардын уй булоосу каякта болду экен. Же уй булоо куто элек каза болушканбы
04.12.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсыз, ынтымактуу уй булоодон болуп журо бериниздер, Апаныздын омуру узун болсун.
04.12.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тооктун аты Шура деген интермедиясы жагатда. Бактылуу болунуздар Эжеке. Уйго баары бир эркек керек. Куйоо баласы эмес озунун баласындай болуп Ынтымактуу жашаганга эмне жетсин.
04.12.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Назира эже жана апасы жакшы адамдар учун кыздары жанында. Аябай ичим жылып калды. Ал эми куйоо баласына асылгандарына айтаарым, алар жаш, келечекте уй луу жайлуу болушушуп алышат, квартиларалап темселегиче, чогуу турганы жакшы. Неберелери да эрмек болот.
SUPER.KG видео
04.12.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамаша дебей эле апам деп эле суйлосо болмок.
04.12.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Силер айткандай КЫРГЫЗ жигити болгондо капкачан бала чакасын алып чыгып кетмек. Биздин жигиттер отто "намыской" жигиттер. Бактыга жараша, Назира эженин куйоо баласы болок улут. Оз уулундай болуп журо берсин. Бакыт каалайм уй булоонузго!
04.12.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Жетигенов агасыбы? же инисиби? деги эле бир тууганыбы?
04.12.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nurkyz1977,жок жон эле одно фамилец. Назиранын Алмаз Жана Чолпон деген агалыры болгон. Каза болуп калышкан
04.12.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nurkyz1977,ал таптакыр эле Ысык-Колдук. булар менен кайнаса каны кошулбайт. фамилия болсо элге бат таанылуу учун алган. супер, такталбаган маалымат деп очурбогуло, мен ал жигиттин айылынан болом
love_you түзөттү 2018-12-04 22:48:25
10.12.2018. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurkyz1977, Ал мурдагы куйоосу болушу мумкун.
04.12.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизгеда ушундай уйлорду насип кылсын; оомин
04.12.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйу абдаг сонун экен! Насип кылсын!
05.12.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыз жигиттери ото "намыской" келишет да, мен ойлогондой эле куйоо баласы башка улуттан экен. Кызыгып, интернетти тытып, карап келдим). Уй-булолук бакыт! Уйу да сонун экен.
10.12.2018. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KOCMOC, Аа ошо мен айттым неге мындай болуп кетти деп.
05.12.2018. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйунун жасалгасы мага жакты,мен жакшы коргон тус. Жакшылыктардын тору болгон уй болсун,сиздердин катарыныздарда бизге да буюрсун.Озунуздун эле комнатанызды берип салында,кызыныз менен куйоо баланызга.
Тамаша аралаш создорун угуп конулум ачылып калды.Сурот.
05.12.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экрандын ары жагынан сындагандар аман эле болгула да! Биз кыргыздар өзү бирөөнүн жашоосуна мурдубузду тыкмайынча жашай албайбыз!
05.12.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нурсат Садыров да апама уй белек кылдым бирок бир комнатасында озу жалгыз жашайт. бир команатасында апасы эжеси жездеси жеендери менен жашайт. Апасына белек кылганы чын болсо бир команатасын берсин апасына.калп эле эл козуно пияр кылбай.
10.12.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86,жездеси озунун уйундо жашасын, кайынэнесинин устуно кирип жашабай
SUPER.KG видео
05.12.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун үй бүлө экен! Бактылуу болушсун! Ынтымакта жашай алышса күйөө баласы менен деле жашай беришсин. Башка үй бүлөдө биздин ишибиз жок да.
SUPER.KG видео
06.12.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Мирлан Жетигенов менен бир тууган эмеспи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо