2018-ЖЫЛДЫН ТАНДООСУ – ЭҢ МЫКТЫ ГЕЗИТ “СУПЕР-ИНФО”

№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл

23-ноябрда Бишкекте "Жылдын тандоосу" фестиваль-сынагы жыйынтыкталды. Анда "2018-жылдын мыкты гезити" номинациясы Кыргыздагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитине ыйгарылды. Эл аралык "Жылдын тандоосу" фестивалы Кыргыз өлкөсүндөгү белгилүү жана сапаттуу товарларды жана кызматтарды жайылтуу үчүн жыл сайын өткөрүлөт. Долбоордун башкы максаты – белгилүү бир товардын же кызматтын сапатын жана популярдуулугун бирдиктүү баалоо болуп саналат. Баалоо керектөөчүлөр жана дасыккан эксперттер тарабынан жүргүзүлүп, ар бир номинация боюнча лидерлер тандалат.

Аталган фестиваль Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Украина, Беларусь, Казакстан өңдүү өлкөлөрдө өткөрүлөт.

Өлкөдө бийликти бир беткей мактап, Акаев доорунан бери кайталанып жаткан катачылыктарга көз жумуп, коомчулукка чыныгы абалды айтпай жаткан ЖМКлар ар дайым жетиштүү. Кыргызда бардык президенттер эл көзүнө ЖМКлар акты ак, караны кара деши керек, чындыктан тайбашы зарыл деп айтып жүргөнү менен, иш жүзүндө андай медиа эч бир бийликке жаккан эмес. Көз карандысыз медиаларга ар кандай ойдон чыккан дооматтарды коюу менен күчкө салып жаап салууга аракет эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында көп жолу болуп келди. Мындай өлкөдө коомчулук альтернативдүү маалымат булагына муктаж. Көз карандысыз “Супер-Инфо” гезитинин “жылдын мыктысы” деп табылышы андай муктаждык бүгүнкү күндө деле жогору экенин билдирет.


 

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо