Гүлзат Мамытбек, ырчы: «АКЧАМА БРИЛЛИАНТ АЛГАНДЫН ОРДУНА БИЛИМГЕ КОРОТКОНУМ ЖАКШЫ»

№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл

Гүлзат Мамытбек жашоодо кандай адам болду экен деген суроо эл катары менде да жаралып келген. "Элим, турагой" деп элди ойготкону же өтө ашыкча каткырган күлкүлөрү айрымдар үчүн кадимки көрүнүш болсо, мен үчүн чынында өөн учурачу. Гүлзат айым менен сүйлөшүп отуруп чындыгында жан дүйнөсү бай адам экенине, анан да жашоодо адекваттуу эле инсан экенине көзүм жетти.

– Гүлзат айым, саламатсызбы? Жылдын башынан бери элге дем берип келе жатасыз. Жыйынтыгы болуп жатабы?

– Саламатчылык. Ишенесизби, мага миңдеген кат келет. “Мен сизди башында түшүнчү эмесмин, жек көрчүмүн. Бул эмне эле жыргап жатат, оорукчанбы деп ойлочумун. Менин жашоомду, көз карашымды өзгөрттүңүз деп жазгандар көп. Сизге бир окуяны айтып берейин. Өткөндө бир эже сүрөткө түшөлүчү деп калды. Сүйлөшө кетсек анын жалгыз уулу каза болуп, күйүтүнөн улам ооруканага түшкөн экен. "Жашоо мага кызыксыз болуп калган. Интернеттен сенин видеолоруңду көрүп, жаткан жеримден туруп басып кеттим" деди. Бул чындык.

Тажикстандын “Озоди” деген радиосунан байланышка чыгышты. "Биздин аялдар үйдөгү зомбулукка туруштук бере албай өздөрүнө көп кол салып калышкан. Статистика мурункуга караганда азаюуда. Ага сиздин салымыңыз зор" дешти. Аны угуп алып кубанганымдан көзүмө жаш тегеренди. "Тажик аялдарына да дем берип коюңузчу" дешкенинен түз берүү аркылуу болгон жакшы сөзүмдү арнадым, дем бердим. Ал эле эмес Украина, Орусияда семинарларда мени көрсөтүп, кызыктай аял, ушундан үйрөнгүлө дешет экен.

– А өзүңүз энергияны кайдан аласыз?

– Энергияны мен билимден алам. Мен материалдык байлыкка жакын эмесмин. Эң биринчи максатым – билимимди тереңдетип алуу. Акчама кымбат машина же бриллиант алгандын ордуна окууга төккөнүм жакшы. Мен барган окуу курстары 3000 доллардан 50 000 долларга чейин жетет. Бүткүл дүйнөгө таанымал болушум керек деп азыр тапкан акчамдын баарын окуума салып жатам.

– “Мен бала кезден эле амбициялуу кыз элем” деп айтып жүрөсүз. Сиз көрсөткөн сүрөттөн амбициясы ашып ташкан айымды көрө алган жокмун. Кантип ушундай абалга түштүңүз?

– Турмуш куруп жатканда максатка караш керек экен. Эгер түгөйүң менен бир максатты көздөсөң, эриш-аркак кетесиң. Эгер ар кимдин өзүнүн максаты болсо, ар ким өз жагына тартып түшүнбөстүк жаралат. Жолдошумдун максаты – үй-бүлө, иши, үйү болчу. А мен болсо бүткүл дүйнөгө жылдыз болуп, Кыргызстанды тааныта турган адаммын да. Мен апамдын мажбурунан улам турмушка чыкканымды баары билишсе керек.
Турмушка чыгып жатканда менин 3 өлкөдө “Hight time” англис тилин үйрөтүүчү 10 мектебим, 2 килтейген жип унаам бар болчу. Ал эми болочок жолдошумду карасам, карапайым жигит, апама аны менен жашай аламбы десем, “бизди өзүң көтөрмөлөп, айылдан алып келбедиңби. Аны деле көтөрүп аласың” деди. Апамдын сөзүнө ишенип турмушка чыктым.

Ошентип үй-бүлөлүк жашоо башталды, чыр-чатактар чыкты. Апама көп жолу жашай албайт окшойм деп бардым. “Балдардын тагдырын ойло. Эл эмне дейт?” деп мажбурлап жашатты. Жолдошум кызганчаак болчу, катын үйдө отуруш керек деп иштетпей койду. Үйдө ачка отурган күндөр болду. Жолдошум Орусияга акча тапканы кеткенде мен басынтуу жок, эркин жашай баштадым. Ата-энемдин мажбурлоосу менен жашасам 1-2 жылдан кийин өлүп эле калмакмын. Анткени күндө чыр-чатак, согуш болчу. Жолдошум жаңы алган компьютеримди сындырган кездер болду. Үйдөн чыгып кеткенден кийин жыргап калбадымбы, эч ким басынтпайт, эшек, акмак дебейт, сөкпөйт.

– Азыр элге таанылып, жылдыз болуп чыга келбедиңизби. Апаңыз эми сизди түшүндүбү?

– Ой, атагың чыгып калгандан кийин баары өзгөрөт экен да. Апам азыр мен Гүлзат Мамытбектин апасы болом деп сыймыктанат. Бизде эл эмне дейт деген “түрмө” бар да. Апам да ошол “түрмөгө” батып калган. "Таякелериң эмне дейт, кошуналар уят" дейт дечү. Азыр болсо "ырас ажырашкан экенсиң. Өзүңдүн максаттарыңа жетип жатасың" деп кубанып жүрөт.

– Сиздей позитивдүү адамга баш кошчу мырзалар да табылып жатса керек?

– Андайлар көп. Өзүңдөн жаш жигиттер сөз айтса кызыктай болот экенсиң. Кандай эркек менен сүйлөшпөйүн, аялы бары деле, жогу деле 20 мүнөттөн кийин жакшы көрүп калышат. Себеби мен ар бири менен мээр төгүп сүйлөшөм. Менин токолум болбойсуңбу же аялым менен ажырашайынбы дегендер да бар. Бойдоктору да менин аялым болбойсузбу дешет. Аларга мен “кана, жигиттерге койгон 40 талабымды карайынчы” деп тамашалап теманы башка жакка буруп салам.

– Ушундай ийгиликтериңизди көрүп мурунку жолдошуңуз кайра турмуш куралы деп сунуштаган жокпу?

– Ал ажырашпайм деп, мен чыр-тополоң менен үйдөн чыгып кеткем. Мен мурунку жолдошумду эч качан кызганган эмесмин. Сен ажырашам десең кете бер. Менин башымды бошотуп кой дечүмүн. Анткени мен өзүмдүн деңгээлимди билем.
Мен байкасаңыздар, буга чейин негативдүү маалыматтарды айтчу эмесмин. Бул ирет жаштарга өзүмдүн мисалымда өзүнө тең адамга гана баш кошуш керектигин айткым келди.

– Сиз эл арасында “хайп” жаратып, эми ырчы катары чыга баштадыңыз. Мунун баары чыгармачылыктын алдындагы пиар беле?

– Ырчылыкка мен бала кезден эле кызыгам. Кичинекей чагымда апам ырдасам “ырдаба, уйдай ырдайт экенсиң” дегенде “өчкөм”. Бул жерде эненин таасирин да айткым келет. Балдарга абайлап сүйлөш керек, анткени байкабай жөнөкөй эле нерседен балдардын тагдырын чечип коёт экенбиз. Ошондон кийин үнүм чыкпай калган. Эми минтип билимимди тереңдетип, вокал жактан сабак алып, бала кездеги кыялымды аткарып жатам. Жакында "Кыргызым менин" деген ырга тартылган клибим жарыкка чыкты. Андан сырткары Эквадордон клип тартып келдим. Ал жактагылар да Кыргызстан каякта деп кызыгып сурашты. Тур, турагой деген сөздүн да, ырчылыктын, Голливуддун дагы негизги максаты – 2030-жылы Кыргызстанды №1 өлкө кылуу. Өзүмдүн атымдан Кыргызстанды таанытуу.

Тарыхта кытайлар кыргызга салык төлөгөн. Ошол кезде кыргызды жоготуу боюнча эл аралык саясат жүргөн. Кыргыз эли дүйнө жүзүн багындырган эл. Дүйнөдөгү согуш, атомдук бомба, коррупция мунун баары аң сезимдин оорусу. Биз бири-бирибизди өлтүрбөй, тонобой, артка тартып, коррупцияга малынбай эле ынтымакта жашасак болот.

Мен дүйнөнүн көп жерине бардым. Аларга биздин үйрөтчү нерселерибиз абдан көп.

Азыр шоу-бизнес деп алып жылаңачтанып экрандын алдында бөлөк-салак болуп арам нерселерди аралаштырып жинди болуп жатышат. Чыныгы искусствону жок кылышууда. Искусство – бул жылаңачтанып чечинүү, оозуңду, башка жагыңды көптүрүп шишитүү эмес, руханий байлык. Эгер биз билим алып, искусствону өнүктүрсөк Кыргызстан бат эле көтөрүлөт.

– Маегиңизге рахмат.

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Гүлзат Мамытбек: "Сүйүктүүмө жолукканга чейин менден акылдуу адам жок деп ойлочумун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(26)
04.12.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Билимдуу экени талашсыз!
04.12.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аябай жагат да ушул кыз!
04.12.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Создорундо билим бардай жакшы адамдай чындыгында ошондой эл эмне дейт жашоодобуз
SUPER.KG видео
04.12.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озумо дем алдым десем болот. Азаматсыз
04.12.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында тан калам.кыйынсыз!
SUPER.KG видео
04.12.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул 1 ай шыпыр,жуу дегени кандай андан кийин ким кылат кайненесиби же кайнатасыбы
04.12.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулзат кичине шарият илиминен да билим алып койсон жакшы болот эле ХХХХ журо бербей ошондо уй було, куйоо, бала, ата эне, талак деген нерселер жонундо да билип алмаксын
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 14:28:54
04.12.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Билимдуу адам.Мурда жакчу эмес.Азыр сыйлайм.
04.12.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен да башында бул кызды тушунчу эмесмин. Азыр туура тушунуп калдым. Кечке жашоого арызданып жаткандан коро, ушундай шандуу жургону жакшы го.
04.12.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында билимдуу, ошол эле учурда ХХХХ. Бирок адам катары сыйлайм.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 18:21:24
04.12.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Snejana, этика нормаларын сактаңыз.
05.12.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!
05.12.2018. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынында эл эмне дейт м.н жашайбыз,анан да эстеп кеттим ..эшикте кыйкырып жатсам чон апам "Ай дангырабай уйго кирип акырын ырда,кошуналар качып кетет "деп кудгон эле ..ошондон кийин ырдабай калгам....коп нерсени эске салды
05.12.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Men uchun uibulo en yiyk,kuioosun tashtasa da baldaryn tashtabai ele koiboptur,balaga enedei echkim kuiboit,,stress degendi allah gana jardam beret ,Instagram emes
05.12.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен бул кызды биринчи чыкканда эле жакшы кордум.Конулум чогуп отурсам эле видеосун коруп калдым.Кулуп жибердим.Кийин инстадан катталдым.Мына,убакыт отуп Гулзатка негатив жазгандар азайганын байкадым.Азаматсын,!
05.12.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото билимдуу олуп ## кетсин деп ЖКга барып депутат болуп салынчы
05.12.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым алдыга умтулуу мн жашаган кыз
05.12.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачы тез осконго
07.12.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз, ичинде кыпындай кири жок, ачык-айрым инсансыз, сизге дагы что-чон ийгиликтерди каалайм!
07.12.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакында чыккан ыры, клиби да эн сонун болуптур
08.12.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apan jaman tochna aytkan ekenda ХХХХ ununjz bar eken birok kapa bolbosonuz
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-10 11:51:43
08.12.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле биздин эл,бири бирибизди басынтып,рутта чалабыз.Чын эле батып бара жатабыз. Уй булодо бир ай жле короо шыпырып,идиш жууп андан кийин эркиндике чык деп жаш кыздардын психикасын бузбай.Уй-булого да билим алууга да жетишкиле деп мотивация берсениз жакшы болот эле.
08.12.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы кайра-кайра кийим алып,чыгаша кылган жакпайт.Бул койногумду эл корду деп кийинки тойго созсуз койнок кийишет.
09.12.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башы иштеген айым жана ой жугуртусу башкача, илим билимге басым жасаганы жакшы экен.
11.12.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Кандай гана болбосун ар ким оз максатына жетуу учун ушундай куч жумшаш керек.
Медиа-портал
06.02.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм эмне себептен... Бирок ушул айымды корсом кыжырым кайнайт. Бут баардык нерсеси жакпайт... Жакын арада эле жигити менен бир унаада кеткен элем. Гулзаттын эмнесин суйосун деп сурайын деп, тил билбегендиктен сурай албадым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо