Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭЛЬДИЯР КЕНЕНСАРОВ ЖУБАЙЫ МЕНЕН АЖЫРАШКАНЫ АЧЫКТАЛДЫ

№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл

«Азия Мix” КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаровдун жубайы Камила Абдил социалдык тармактагы баракчасына ажырашканына 1 жыл болгонун жазды. Мындайды күтпөгөн окурмандар бул ажырашуунун ар кандай себептерин жазганга үлгүрүштү. КВНчинин жубайы төмөндөгүдөй билдирүү калтырган: “Мындан 1 жыл мурун ажырашуу тууралуу чечим кабыл алдым. Мен эң жакын деп эсептеген адамымдан колдоо көрө алган жокмун. Бардык түйшүк менин моюнумда болчу. Балдарым төрөлгөндө дагы жалгыз болдум. Себеби сүйүктүү адамым мындан да “маанилүү жумуштары” менен алек эле. Ортодо уруш-талаш болгон жок. Жолдошума ар тараптан колдоо көрсөтүп, долбоорлоруна жардамымды берип жүрдүм. Баарына сабыр кылдым.

Эң жакын адамым тууралуу бир чындык менин көзүмдү ачты. Ага да көз жумуп, дагы бир мүмкүнчүлүк бердим. Мамилебизди сактап калууга 2 жыл аракет кылдым. Бирок аракет бир тараптуу болгондуктан ишке ашкан жок. Мен баарына чекит коюп, ажырашууну талап кылдым, бактыга жараша, тынчтык жолу менен эки жолго түштүк. Учурда балдарыбыз мени менен жашайт. Эльдияр экөөбүз достук мамилебизди сактап калдык. Азыр дагы анын долбоорлоруна жардам берип келем. Бул билдирүү аркылуу мен өзүмдүн үй-бүлөлүк абалымды билдирейин деген оюм жок. Болгону ар бир адам өзүнүн жашоосу үчүн өзү чечим кабыл алуусу керек деген ойду айткым келди”.

Ал эми Эльдияр Кененсаров өзүнүн жеке баракчасына чын эле ажырашкандыгы тууралуу: "Кыскача жазып коёюн. Бул билдирүүдөн кийин эч кандай суроолор жаралбайт деп ишенем. Мен өзүмдү жакшы көрбөйм, көп кемчиликтерим бар. Мындай адам ортодогу мамилеге жарык чача албайт. Өзүмдөн гана бакыт издейм. Эгер ошол бактылуулукту өзүмдөн таба алсам, анда өзүмдүн адамым менен бөлүшөм... Бүттү!"- деп жазган. Кийинчерээк жогорудагы билдирүүсүн өчүрүп, "түшүндүрүп айттым! Бардыгыңарга түшүнүктүү болду деп ойлойм" деген.

Белгилей кетсек, Эльдияр Кененсаров менен Камила Абдил 2009-жылы баш кошушкан. Ортодо бир кыз, бир уулу бар.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(10)
04.12.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жигиттин гулу кооп кетти окшойт.
04.12.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кааааап.ушуларды аябай улгулуу уйбуло деп журчумун.арбир адамдын жашоосу башка бироо учун карангы токой дегени чын окшойт!
04.12.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХХ кайсы арыга гердейет.
Бактылуукту өзүмдөн таба алсам деп ХХХХ жүрдүнбү, аялындын балдарындын бактысычы
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-04 12:54:43
04.12.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kirgizstan, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
04.12.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээээххх эч ким ажырашбай баары тугойлору менен жашашсынчы...
04.12.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуулукту озумдон издейм дегени кандай мааниде тушунбодум азырынча мага тоскоол болуп жатасынар дегениби
04.12.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушу артистер жеткен жалганчы келишет да. -Жашообуз малина, суйуктуумо 1001 роза подарка кылдым ...
...Суйуктуум шамдын алдында романтикалуу кеч уюштуруп берди... ...Тияка барып эс алып келдик.Менин алмазым, анан бриллиантым, жаным деп атып эле, артынан чубалып сандан-санга Санта -Барбаралар башталат. Мен тозокто жашагам, мени колдобой койду, мага конул болбой койду, нанга акчам жок ачка калган кундорум болду деп, биринин артын бири ачып, ит акмагы чыгып жатып калышат. Эл козуно кооз суйло
Aibyikem түзөттү 2018-12-04 22:14:30
05.12.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aibyikem, элдин кулагына тонналап кесме илип жатканда, элди алдап атамбы, же озумду алдап атамбы деп ойлоносунарбы? Бул макаланын ээси эмес, дегеле озун маданият окулумун деген тынчыкмаларга айтып жатам.
Aibyikem түзөттү 2018-12-05 00:55:14
05.12.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашуу менен жашоо токтоп калбайт.Уй булолуу болуп бактысыз болгондон коро ажырашып туура кылган.
11.12.2018. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чымчыктын да уясы бузулбасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо