Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№840

ОҢОЙ ЖАНА БАТ ДАЯРДАЛУУЧУ САЛАТТАР


ТҮРП САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Түрп – 300 грамм

Сууга бышырылган эт – 400 грамм

Пияз – 2 баш

Ашкөк же укроп – 6-7 талча

Майонез – 120 грамм

Өсүмдүк майы – 5 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша


Даярдоо ыкмасы:

Түрптү аарчып, сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Андан соң үстүнө жылуу суу куюп, 5 мүнөттөн соң төгүп салабыз (ачуусу чыгат).

Алдын ала сууга бышырылган этти таякча түрүндө туурайбыз. Бул салатка уйдун, тооктун, үндүктүн эти жарайт.

Пиязды аарчып, майда туурап, соолуганча майга кууруп алабыз.

Куурулган пиязга этти, түрптү, майда тууралган ашкөктү, майонезди жана татымына жараша мурч, туз салып аралаштырабыз. Даамдуу, тоюмдуу салатыбыз даяр!


ПЕКИН КАПУСТАСЫНАН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:

Пекин капустасы – 100 грамм

Бадыраң – 1 даана

Консерваланган жүгөрү – 4-5 аш кашык

Сыр – 60 грамм

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Лимон ширеси – 1 чай кашык

Туз, мурч – татымына жараша


Даярдоо ыкмасы:

Пекин капустасы менен бадыраңды жууп, ичке, ал эми сырды төрт чарчы формада туурайбыз.

Тууралган азыктардын үстүнө консерваланган жүгөрүнү, лимон ширесин, өсүмдүк майын жана татымына жараша туз, мурч салып аралаштырып коёбуз. Салат даяр!


«КҮЗ» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кызылча – 1 даана

Сабиз – 1 даана

Алма – 1 даана

Грек жаңгагы – 5 даана

Уксус (9%) – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 2-3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша


Даярдоо ыкмасы:

Грек жаңгагын чагып, маңызын бөлүп, майда туурайбыз.

Кызылча менен сабизди аарчып, жууп, сүргүчтөн өткөрөбүз. Ал эми алманы кабыгы менен сүргүчтөн өткөргөн оң.

Сүргүчтөн өткөрүлгөн азыктарга өсүмдүк майын, грек жаңгагын, уксусту жана татымына жараша туз, мурч салып жакшылап аралаштырабыз. Уксустун ордуна лимон ширесин пайдаланууга болот. Даяр болгон салатты тарелкага салгандан кийин грек жаңгагынын маңызы менен кооздоп коёбуз.


«МОЗАИКА» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Пекин капустасы – 300 грамм

Колбаса – 200 грамм

Консерваланган буурчак – 100 грамм

Майонез – 150 грамм

Туз – татымына жараша


Даярдоо ыкмасы:

Колбасаны төрт чарчы формасында туурайбыз.

Капустаны жууп, 2х2 сантиметр өлчөмүндө төрт чарчы формасында туурайбыз.

Тууралган капуста менен колбасага консерваланган буурчакты (суусун төгүп), татымына жараша туз жана майонез кошуп аралаштырып коёбуз.



Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
11.12.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызылча менен сабизди сууга бышырып алабызбы
11.12.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulun05,жок чийки бойдон сүргүчтөн өткөрүп аралаштыра бересиз
11.12.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мозаика абдан жагат да,сонун салат
12.12.2018. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пекин капуста жанагы узунбу китайский капуста деген?
13.12.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazir08,ооба
13.12.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызылчаны да чийки сургучтон откоруп, чеснок, майонез кошуп койсо болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо