Гүланда Асанбаева, Ош облусунун тургуну: «ЖОЛДОШУМДУН КӨЗҮ 5 ЖЫЛ МУРУН КӨРБӨЙ КАЛГАН. ЭМИ БООРУН ТЕЗ АРАДА АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК»

№840 7-13-декабрь, 2018-жыл

Үй-бүлөдө ата-эненин өзүнчө, балдардын өзүнчө алмашкыс орду бар. Учурда бир үй-бүлөнүн кожоюну балдарына атасын жоктотпош үчүн оор дарт менен күрөшүп келет. “Жолдошум ооруганы балдарыбыз дароо чоңоюп, токтоло түшүштү” деген Гүланда Асанбаева элден жардам суроодон башка чара таппай жатышканын айтат.

“КӨЗҮ КӨРБӨСӨ ДА, ДЕНИ САК БОЛСУН ДЕП ТИЛЕП КАЛДЫК”

– Оштун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында жашайбыз. Мен мектепти бүтүп, ОшМУнун филология факультетине тапшыргам. Окуумду аяктап жаткан жылы жолдошум Канболот ала качып кетип, экөөбүз түтүн булатып калдык. 2002-жылдан бери аталган айылда мугалим болуп эмгектенем, жолдошум болсо соода-сатык, дыйканчылык менен алектенчү. Эл катары тиричилигибизди кыбыратып жатканда Канболот ооруп калды.

Мындан 5 жыл мурун жолдошумдун көрүүсү начарлап баштаганынан ооруканага алып барсак, врачтар “бул генетикалык оору, жардам бере албайбыз” деп коюшту. Бирок биз моюн сунбай, коңшу Казакстан, Орусияга чейин барып текшерттик, баарынын жообу бирдей чыгып жатты. Акыры көзү көрбөсө да негизгиси дени сак болсун деп тилеп калдык. Такыр көрбөйт эмес, үрүл-бүрүл көрсө керек. Үйдүн ичинде кайсы буюм кайсы жакта турарын жатка билет, андыктан мүдүрүлбөй, урунбай, жыгылбай эле жүрөт. Көчөгө чыгарда коштоп барышыбыз керек болот.

“ЖОЛДОШУМ КАН КУСУП, ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ТҮШТҮ...”

– Көзү көрбөй калганын кабыл алып, кадимки жашообуз улана баштаганда башка дарт тооруп калды. Былтыр ноябрь айы болчу, Канболот бат-баттан эле “ашказаным ооруп жатат, жеген тамагым аш болбой эле” деп тамакка табити тартпай баштады. Текшертип көрөлү деп райондук ооруканага барсак, гепатит деген диагноз коюшту. Дары-дармек жазып берип, "кайра 10 күндөн кийин келип текшерилгиле" дешкен. Белгиленген убакытта барсак, оорусу күчөп гепатит В түрүнө өтүп кетиптир. Ошентип ар 2 ай сайын барып текшерилип турдук, гепатиттин В дегенинен кийин D, N деген түрүнө өтүп жолдошумдун абалы оорлой берди. Мүнөздөп тамак-ашын, дарысын калтырбай ичсе деле жакшы боло албай койду.

Ушул жылдын июнь айында ооруканага барганыбызда врачтар "боордун циррозу" деп, дарыланып жатканына бир жума болгондо жолдошум кан кусуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Врачтар “боорун алмаштырбаса болбойт” дегенде бир топко ойлонуп-толгондук. Анткени ага көп каражат кетет экен (35 миң доллар). Буга чейинки дарылануусуна эле бир топ каражат кеткен, кайним дагы үйүн сатыкка койгон эле. Шашылыш маалда үйдү да арзан баага алышат тура.

“ЭЛДИН БААРЫ ЭЛЕ МЕНДЕЙ ТИРИЧИЛИКТЕ ЖАШАП ЖАТСА, КИМ ЖАРДАМ БЕРЕТ ДЕЙТ”

– Айлабыз кеткенде “Бишкекке баралы, кантсе да борбордун врачтары башка айласын табар” деп Бишкекке келгенибизде врачтардан “3-жолу кан кетсе токтотуу кыйын болуп калат, тез арада боорун алмаштыруу керек. Өзү 40тагы жапжаш жигит экен, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Аракет кылгыла” деген жооп уктук. Операция Индияда жасалат экен.

Элден жардам сурайлы деген чечимге келиштин өзү оор болду. Канболот “элдин баары эле мендей тиричиликте жашап жатпайбы. Кантип башкага жардам беришет, өз жандарын араң багып жүргөндө? Кантип жардам сурайм” деп аябай кыжалат болду, каршы чыкты. Анан туугандар, тааныштар урушуп, кыйын күндө жардам сурагандын уяты жок экенин айтып көндүрүштү.

“БАЛДАРДЫ СӨЗСҮЗ ОКУТУШУҢ КЕРЕК ДЕП ТАБЫШТАП, ЗЭЭНИМДИ КЕЙИТЕТ”

– Ой күлүк. Анын үстүнө ооруп жатканда оюна ар нерсе келет окшойт. Канболот “Гүланда, сен күчтүү бол. Окубасаң алыска бара албайсың, андыктан балдарды канткен күндө да окутушуң керек” деп табыштап, зээнимди кейитет (каарманым ыйлап жатты).

Улуу балабызды да окусун, дүйнө таанымы кенен болсун деп Бишкектеги №5 лицейде окутуп жатканбыз. Балабыз жакшы окуп, лицейге өзү сынак тапшырып өтүп кеткен. Азыр 10-класста окуп жатат. Манас таануу боюнча сынакка катышып, алган дипломдорун көрсөтсө сыймыктандык эле. Атасы ооруп калганда "балабыз айылга эле келсин, жардам берсин" десем, жолдошум такыр болбой койду “окуусунан калтырба” деп.

“БАЛДАРЫБЫЗ АТАСЫ ООРУГАНЫ КАДИМКИДЕЙ ЧОҢОЁ ТҮШҮШТҮ”

– Ортобузда 4 балабыз бар. Улуу балабыз 15те, андан кийинки кызыбыз 13тө, 8 анан 2 жаштагы уулдарыбыз бар. Балдарыбыз атасы ооруганы кадимкидей токтолуп, чоңоё түшүштү. Алар деле баарын сезип, билип жатышат да. Улуу балам “апа, кантсем экен?” деп жүргөн. Лицейдеги мугалими менен кеңешсе, кайрымдуулук концерт өткөрүү жөнүндө айтыптыр. Балам “концерт болуп калса, билеттерди өзүм көчө кыдырып сатат элем” деп жүрөт. Үйдөгү балдарым атасынын кийим-кечесин жууп-тазалап, үтүктөп, бут кийимдерин майлап даярдап коюшат. Аларды ушундай кылгыла деген деле адам жок. Болгону ар бири оорубузду жеңилдеткиси келсе керек. Аларды карап туруп кантип кол куушуруп отуруп калабыз? Кантип жеңилип беребиз?

Балдарыма ата керек, атанын ордун башка эч ким баса албайт, анын тарбиясын башка эч ким бере албайт. Мен балдарды материалдык жактан багып кетишим мүмкүн, бирок моралдык жагын толтура албайм да. Көчөгө чыкканда да баланчанын баласы деп башын бийик көтөрүп жүрсө дейм, эртең эле чоңоюп куда-сөөк күтөбүз. Жалгызсыратпай, атасы жок дедиртпей жанымда жүрсө дейм.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
11.12.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Канболот мырзага жардам берем дегендер үчүн номерлер: 0773 048604.
Элсом - 0772 100606.
Расчетный счет - 1280076052524807
11.12.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыпаасын берип айыгып кетсин
11.12.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оо кудай мынча эле ооруулар кундон кунго кобойо баштады. Ата -энеден баланы ажырата корбо. Кудайым шыпаасын берсин.
11.12.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
буюрса айлыкты алсам сөзсүз акча котором.Көөп болбосо да колдон келишинче.Кыргыздар көп түкүрсө көл болот дейт,жардам берели.Бирөөнү жамандап,жашоого нааразы болгондон эч нерсе өзгөрбөйт.Ынтымакта болуп,жок дегенде 100сомдон болсода жардам берсек.
12.12.2018. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Akylai_aktan,Ушунча айткан созунда чоон жардам оа жардам берели кыргыздар.
12.12.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кудай сактасын жакшы болуп кетсин агабыз балдарынын бешенесине
13.12.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле балдарынызды окусун таштабай эле коюнуз. А анан айтып кетче нерсе. Рассетный счет деген номер силерде да туура эмес деп жатабы. Терсем ката деп атат ко. Админ карап берип коесунарбы.
14.12.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызга кыргыз жардам бербесе, озбек же татары келип жардам береби? Бул аганын да биздей балдары, жубайы бар. Кантсе да баарыбыз "Манас" атанын урпагыбыз. Манас атанын 7 дубанын биринде бир жакадан баш бир женден кол чыгарган ички биримдиги деп откон. Озубуздун мекендешибиз, жердешибиз, коомдошубуш экен. Жардам берели. Жок дегенде "айыгып кетсин" деп чын конулдон тилоо да пайдасын берет. Баарыбызды аябайлы. Анткени 999 сомго 1 сом кошсо 1000 болот эмеспи. Сиздин 1 сомунуз да
bekbolot_04 түзөттү 2018-12-14 23:11:34
14.12.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы?сбербанктын карточкасы барбы россиядагылар учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо