№840 7-13-декабрь, 2018-жыл
Гезитибиздин өткөн санында Гүлзинат Суранчиева Каракол шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата кайрымдуулук концертин өткөргөнү тууралуу жазган элек. Көп өтпөй биздин редакцияга “Балыкчы шаарынын мугалимдерине Гүлзинат Суранчиеванын концертине билеттерди мажбурлап сатышты. Ушундай болмок беле?” деп нааразы болгон окурман кайрылды. Маалыматтын чын-бышыгын тактоо иретинде Балыкчы шаарындагы мектептердин биринин мугалимине кайрылдык. Өзүнүн аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранган мугалим окуяны тастыктады. “Акча чогултуп бергиле дешкени чындык. Чоң мектептерге 4, кичине мектептерге 3 билеттен таратылыптыр. Бир билет 150 сом экен. Биз да таң калдык, эмнеге кайрымдуулук концертине билетти мажбурлап беришет? Кала берсе Каракол шаарында болуп жатса, биз Балыкчыдан кантип бармак элек? Билетти губернатордон келди деп айтышты. Биз концертке бара албагандыктан акчаны чогултуп бердик”,- дейт.
Ал эми концерт өткөргөн Гүлзинат Суранчиева мындай окуя тууралуу кабары жоктугун айтат.
– Бул концертти Ысык-Көл облустук администрациясы уюштурган. Мен жайында көлдө эс алып жүрсөм мага байланышып, “сиз көлдүк ырчысыз го, биздин акциябызды колдоп бербейсизби?” дешкен эле. Ошол сүйлөшкөн боюнча бардык. Концертке мен, Жанета Баялиева, Байэль, Доорбек деген ырчы балдар менен барып ырдадык. Ал үчүн мен гонорар деле алган жокмун, ‑ дейт ырчы.
Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев болсо кайрымдуулук концертине эч кимди билет алгыла деп мажбурлабадык дейт:
– Гүлзинат Суранчиева өзү бизге келип, “колдоп берсеңер кайрымдуулук концерт өткөрөлү дегенбиз” деп айткан. Губернатор колдоп, кайрымдуулук концерти ишке ашып отурат. Бул жерден биз эч кимди мажбурлаган жокпуз. Болгону мэриядан, акимчиликтерден, коомчулуктан концертке келип соопчулук катары катышып бергиле деп суранганбыз. Андан 150 миң 750 сомдой чогулуп, 3-декабрда комиссиянын чечиминин негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга таратылып берилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бүт өтбөгөн гезиттерди медиктер менен мугалимдерге
таркатып, айына акча чогултуп алат.Андан сырткары дагы канча топтомой бар.Сен үчүн арзыбаган акча
болсо бирөөлөр үчүн жакшы эле сумма.Бир билетге
бир гөлөш келет айылда,аны баласы бир сезон
киет урматтуу бир тууганым.
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Элден зордоп акча алып концерт коюп, чиновниктерден кийин зле элди сулук курттай соргон ушу ырчы -чоорчулар болду. Кимдин заманы жеп-жутаарлардын, ырчы-чоорчулардын заманы болду го атандын гору!