БАКТИЯР ТОКТОРОВДУН ЫРЫ “УУРДАЛДЫ”

№840

«Биз” тобунун визиттик карточкасына айланган “Ыйлай-ыйлай” аттуу ырын орусиялык “Сборная союза” деген топ орусчалап ырдаган видео интернет айдыңына жайылып кетти. Анда ырдын сөзү, обонун жазган автор катары топтун мүчөсү Евгений Журин көрсөтүлгөн. Эки ырдын айырмачылыгы – Бактияр Токторов “буй-буйласа”, орусча вариантта “ой-ой-ой” деп сыздайт. Бирок аранжировкасы, обону башынан аягына чейин окшош. Ким-кимден уурдады деген шек жаралат. “Сборная союза” тобунун “Я – однолюб” аттуу бул ыры 2017-жылы жарыкка чыккан, ал эми ыр социалдык тармакта талкууга алынып, көпчүлүгү “Биз” тобунан көчүрүштү” деп жазышууда. Бул тууралуу ырдын автору Бактияр Токторовго байланыштык. Ал: “Мен бул ырды 2006-жылы чыгарып, патенттеп алгам. Аталган ырдын аудиосун мындан 2 жыл мурун уксам керек. Алар “Ыйлай-ыйлай” деген чыгармамдан таасирленип аткарышыптыр, бул мага жагымдуу. Ырдашса ырдай беришсин. Эгер авторубуз деп уялбай айтып жатышса, ал өздөрүнүн абийиринде. Эң негизгиси менин ырым экенин өзүм билем да”,- деген жооп узатты.

Ал эми өзүн автормун деп атаган Евгений Журинге байланышып, жооп ала алган жокпуз.

Эскерте кетсек, Бактияр Токторовдун аталган ыры өзбекче, татарча да аткарылып жүрөт.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
11.12.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Орустар деле жакшы ырдашыптыр. Бирок Токторовго жетпейтко))
11.12.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен ойлосо Чыпалак баатыр уурдап алган гоооо деп
11.12.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даана эле билиниптир уурдап алганын, жок дегенге Бакыт байке менен байланышып, уруксат сураса болмок да
11.12.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул да бир болсо Бактияр байкеге жетишкендик.
11.12.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сотко берип кичине коркутуп койбойбу уялбагандарды
11.12.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок Бактыяр байке бул менин обонум деп ушул ырдаган орустарга өзбектерге өзүңүздү бир көрсөтүп койсоңуз жакшы болмок. Бул Кыргыздын обону бул кыргыздын ыры бул менин чыгармам деп жөн гана кол шилтеп койбой
11.12.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо Бактияр байкенин бул ыры ото кучтуу чыккын го
13.12.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдын аудиосун жиберип койгулачы орустар ырдаганын админ сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо