№840 7-13-декабрь, 2018-жыл
“Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим” дейт кыргызда. Апам каза болгон күндөн тартып ушул макал улам кулагыма угулчу болду. Анткени апам тирүү болгондо жокчулукка карабай мен да эрке-талтаң болуп чоңоймокмун. А мен 8-классымда апамдан айрылгам. Атам... А атам бешөөбүздүн көздөрүбүздү жалдыраткан бойдон таштап, өзү апам өлгөндөн жыл айланбай башка аялдын этегин кармап кетти. Учурда мен 3 баланын апасымын. Бул таттуу көз караштарды кантип башка нерсеге алмаштырып кетүү мүмкүн? Такыр түшүнбөйм.
Апам каза болгондон кийин бешөөбүз беш жакка чачырадык. Бир туугандарымды алыскы туугандар алып кетип багышты. Мен апамдын курбу кызынын үйүндө чоңойдум. Материалдык жактан жетиштүү жашоо кечиргеним менен, жүрөгүмдү өйүгөн суроолор көп эле. Алар айласыздан көзүмдөн жаш чыгарышчу. Атамдын кылыгы үчүн тегерегимдеги адамдардан уялчумун. 18 жашымда турмушка чыктым. Мага Кудай баласаак күйөө берди. “Ал атама эч жери менен окшош болбосун” деген пунктту баса белгилеп тиленчү окшойм, экөө эки башка планетада жашагандай ар башка.
Мен азыр да атамды дайым ойлоном. Адам жакшы көргөн адамына караганда жаман көргөнүн көбүрөөк ойлонот экен, жек көрүүгө себеп болгон жагдайлардын жообун издей берет экен. Мен да атамдын кылыктарынын жообун издеп таппай келем. Ал кишинин "сүрөтүн" бир мисал менен тартып берейин.
Кыш... Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан айылдагы бирөөнүн эски времянкасында жашачубуз. Үйдүн ичиндеги шарттар тууралуу айтпай эле коёюнчу. Кыскасы, апам эч нерсени элге билдирбей жашачу. Кандай абалга туш болсок да, апам дайыма эл менен күлүп-жайнап сүйлөшөт эле. Ошол кыштын күнү да дайымкыдай үй суук болчу. Үшүп жатканбыз. Апам төрөтүнө жакын калганы үчүн иштебей үйдө отуруп калды. Ошол себептүү бул күнү да ачка калдык. Анткени атам иштечү эмес. Ал күндөгүдөй эле күндүз уйкусун кандырып алып, кечке маал достору менен жолукканга кетип калган.
Бир маалда катуу шамал болуп, үйдүн чатырындагы бир шифер учуп кетип, үйгө кар аралаш жамгырдын суусу ага баштады. Ичин чендейтип алып апам тамдын башына чыгып, ал тешикти бир нерселер менен жаап бүтөдү. Өзү шүмүрөйүп суу болуп, титиреп үйгө кирип, от жакты. Кайра эшикке чыгып, биздин курсагыбызды тойгузайын деп кошунадан нан сурап келди. Курсагыбызга бир нерсе киргенине ыраазы болуп уктап калганыбызда атам адатынча мас болуп келип, эшикти күчүнүн болушунча каккылаганда баарыбыз ойгонуп кеттик. Үйгө кирип эле апама асылып сөгүп, балтайган муштумдары менен туш келди койгулап калды. Болгон шылтоосу – “Сен эмнеге мен келгенде шыр эшикти ачпайсың?” эле. Арык, итирейген, эртеден бери тыпырап чарчай түшкөн апам далдайган чоң, семиз кишиден корунмак тургай сөз айтууга да алы келбей турган.
Түндө атамдын таш жарган коңуругунун арасынан апамдын үнүн араң басып ыйлап жатканын сездим. Ошондо гана апама мынча жүктү көтөрүп жүрүш канчалык оор болгонун түшүндүм, жүрөгүм ийне менен улам сайгылагандай ачышып ооруп чыкты. Бирок колумдан эмне келет? Эртеси биздин мектепке кийчү кийимдерибиз үчүн алынган насыяны төлөөнүн мөөнөтү келип калыптыр. Апам аны эстей коюп, ары-бери чуркап, ар кимден карыз акча сурап кичинекей чымчыктай чыйпылыктап жүрдү. Бул учурда атам эмне менен алек болду билесиңерби? Жөн гана телевизордон мультфильм көрүп, каткырып күлүп отурду. Жок, жаман ойлобоңуз. Ал саясат менен дүйнөлүк жаңылыктарды “чаккан”, мамлекеттик деңгээлдеги маселелер тууралуу талашууда эч кимге жеңилбеген, андай маселени чечүүнүн жолун президентке да үйрөтүп коё ала турган, акыл-эси жайында эле адам. Бирок өзүнүн кичинекей мамлекетиндеги кумурскадай маселени чечүүгө аралашып, башын оорутчу эмес. Байкуш апам 5 бала менен кайда бармак эле? “Аюу да болсо чалым бар” деп жашап жүрчү окшобойбу.
Жоопкерчилик деген сөздү билбегенден кийин эмнеге үйлөнүп, бала жасайсыңар? Келечекке жүрөгү оорукчан, ар бурулушта күмөн санаган коркок муунду калтырыш үчүн жаралгансыңарбы? Бул эркектердин алсыз болуп баратканынын белгисиби же жөн гана менин тагдырымдын татаалдыгыбы? Башымда тегеренген талаш суроолордун себепчиси болгон адамды ааламдагы бар күч менен жаман көрөм. Өзүм үчүн эмес, эң көп апамдын тарткан азаптары үчүн, аны өлүмгө оңой карматып коюп, кам санабай жашап жатканың үчүн жаман көрөм! Ата, мен сени жек көрөм! Жашоодо сага берилген байлыкты барктай албай, өз жоопкерчилигиңден качкан байкуш болгонуң үчүн жек көрөм!
Ажар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |