Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАИчилер МЕНЕН МАМИЛЕҢИЗ КАНДАЙ?

№840

Машина айдаган ар бир адам МАИ кызматкерлери менен байланыштуу окуяларга туш болот. Гезитибиздин бул санында жылдыздардын айдоочулук маданиятын байкап көрдүк.

Назми Байзакова, ырчы: “МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНИН ФОБИЯМ”

– Мен курт-кумурска, жырткычтарга караганда МАИчилерден көбүрөөк корксом керек. Эмнеге экенин билчү эмесмин. Ойлоп койчумун мурунку жашоомдо МАИ кызматкерлеринин колунан каза тапкан окшойм деп (күлүп). Же алардан жамандык көрбөсөм, анчалык эмнеге корком деп ойлончумун. Бир ирет өзүм рулда элем, кызымды алдыңкы орундукка отургузуп алгам, анан МАИчилерди көрө калып, кызымдын башын ылдый басып жатпайымбы. Ошондо эстесем, кичинемде апам мени дагы алдыңкы орундукка отургузуп алып “МАИчи” деп айтса эле мен дароо алдына кирип кетчүмүн. Ал учурда МАИ эмне экенин түшүнчү эмесмин, “абдан коркунучтуу бир нерсе го” деп ойлоп койчумун. Азыркы учурга чейин рулда болобу, таксиде болобу, МАИ кызматкерлерин көргөндө кубарып, колум калчылдап, жүрөгүм лакылдап баштайт.

Айнура Салахидинова, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨРҮБҮЗДҮ АЛМАШТЫРЫП МАИГЕ КАРМАЛГАМ»

– МАИ кызматкерлери менен мамилем жакшы. Жол эрежелерин сактап, МАИчилерге кармалбаганга аракет кылам. Кармалган учурларым болот, кечирим сурасам коё беришет. Көпчүлүк учурда тойго шашып баратканда кармалам. Бир ирет улуттук кийим менен унаа айдап баратсам, МАИчи тосту. Документтеримди берсем алып жолдун аркы бетине кетип калды. Артынан баратсам машиналар токтоп, чогулуп алышты. Эмне кылар экен дешти окшойт (күлүп). Анан уялганымдан шашып эле айдоочулук күбөлүгүмдү берсем “бул сизби?” дейт, “ооба, анан ким болмок эле?” десем, “сиз даана артистсиз го” деп күлөт. “Болгулачы шашып жатам” десем, атымды сурайт, "Атым Айнура" десем “бул жерде Санжар деп турат” дейт. Көрсө, жолдошум Казакстанга кетерде менин айдоочулук күбөлүгүмдү, мен анын айдоочулук күбөлүгүн алып кетип калыптырбыз (күлүп). Экөөбүздүн документтерибиз бир жерде болчу да. Баарын түшүндүрсөм, түшүнүп, коё беришкен. Дагы жакшы, жолдошум МАИчилерге кармалбаптыр. Ал келгенде айтып берсем, аябай күлгөн. Ушул окуядан кийин документтерибизди өз-өзүнчө коюп калганбыз.

Эркин Эгембердиев, актёр: “МАИЧИ ТОСУП АЛЫП, ӨКҮЛ АТА ШАЙЛАДЫ”

– Мен МАИчилер менен жакшымын, көбүнчө таанып коё беришет. 7 жылдан бери машина айдайм. Эң көп 375 сом айып төлөгөм. Жол эрежесин бузбаганга аракет кылам. Жакында эле Медеров жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде бир жаш МАИчи тосуп алып таанышып, “мен сизди көптөн бери издеп жүргөм, жакында үйлөнөм, мага өкүл ата болуңуз” деп телефон номеримди алып калган эле. Тамашалады го десем, жакында чалып “тойго келиңиз” деп тойго чакырды. Мен таңданып эле калдым. Ошентип, буюрса, 21-декабрда МАИ кызматкерине өкүл ата болгону жатам. Мен негизи МАИчилерди сыйлайм, кээде өздөрү эрежелерди билбегенде жиним келип кетет. Өзүмө керектүү белгилерди бир аз болсо дагы окуп билип алгам. Бирок радиодо иштеп жүргөндө бир кызыктуу факт окуган элем. Мындан 10 жыл мурун Европада, кайсы өлкөдө экени так эсимде жок, МАИ кызматкерлери жолдон жашынып тосушса коррупцияга шектелип, жумуштан алынчу экен, бизде болсо МАИчилер жашынып эле тосуп жатышпайбы, көрүнбөй бурчтан чыга калып. Көрүп турса эч ким эрежени бузбай айдамак.

Актан Рыскелдиев, тамашоучу: “МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖАКШЫ КӨРӨМ”

– МАИчилер менен достук мамиледемин. Негизи жол эрежесин көп бузбайм, тойго же бир жакка шашып баратканда далбастап кетип, ошондон кармалам. Эрежени бузуп токтоткондо, “сразу” эле: “Кечирим сурайм, буздум, шаштым, минималдуу айып жазып берип коюңуз, ээ?”- дейм. Коркутуп-коркутуп туруп коё беришет, “азаматсың, чыгармачылыгыңды сыйлайбыз” дешип. Кээ бирлер бар, тааныса дагы таанымаксан болуп айып жазып киришет, ошондо жетонунун номурун көрүп туруп, атын сурап айтам, “баланча номуру бар байке жөнүндө видео же вайн тартып салбасамбы” деп. Тартпайм деле да. Анан жанындагы башка МАИчилер “кой, коё берели” дейт. Бир эле жолу айып төлөгөм. Түшүп барып, “Байке, алдымда кетип бараткан унаалар “алдыда МАИ кызматкерлери бар” деп фарасы менен белги бербей койбодубу” деп тамаша менен кырдаалдан чыгып кетейин десем болбой айып жазып берди. Барып төлөп келе калгам. Бишкектеги МАИчилер жакшы. Баарына салам! Жакшы көрөм силерди. Кийин кармалганда жүзүм жарык болсун да (күлүп).

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
11.12.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушу Актан коп жакпайт, эмнегедир, ашыкча эле жалжактай берет. эми, ызы-чуу эле болуп жатып калбагыла, менин жеке оюм, эч кимге тануулаган жокмун
11.12.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Азыркы учурда супер инфодо иштин женил туруно отуп алды.башка сайттар сыяктуу маалыматы жеринен изилдеп,интервью алып эчкандай иликтоо жургузбойт.маалыматты башка сааттан кочуруп жуктоп коюшат.эн Оной жол артисттерден интервью алуу, андадагы берилген суроолор ото маанисиз. Азыркы команда жетекчилик ишти ото начар алып барууда
11.12.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jojotai,Башка рубрикаларын окуу да анда, Турмуш крим иликтоо кенеш дегендерине кирип окуу да
11.12.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
комментарий жазгандар жакты:-)азаматсынар, денгээлибиз осуп жатканы байкалат
14.12.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актанды бироо таанып билип журуш керек экенда ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо