Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жанета Баялиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БАЛДАРЫМ АТАСЫНЫН ҮЙЛӨНГӨНҮН БИЛИШПЕЙТ»

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл

Ырчы менен борбордогу соода борборлорунун биринде өтүп жаткан кайрымдуулук концертинен жолугуштук. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы маанай тартуулоо менен ар биринин көңүлүн калтырбай сүрөткө да түшүп жатты. Ырчы менен чыгармачылыгы, балдары, жашоо-турмушу тууралуу маектешип кайттык.

– Саламатсыңбы, Жанета? Байкашымча, кайрымдуулук концерттеринен калбайсың, катышпай калган учуруң болобу?

– Башынан эле «сооп иш кылайын» деп кайрымдуулук концерттеринен калбайм. Ырдап, көрөрмандардын көңүлүн көтөргөндөн сырткары кийим-кече, азык-түлүк жагынан да жардам кылам. Кудай бизге ден соолук берди, алты саныбыз аман, акыл-эсибиз жайында, ошондуктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүүгө милдеттүүмүн деп ойлойм. Буга чейин жетим-жесирлерге, абакта, психикалык жактан жабыркагандардын жатак үйүндө концерт бердик. Алардын тагдырын угуп, абалын көргөндө жашоого болгон көз карашым таптакыр өзгөрдү. Андай учурда алар 2-3 күн оюмдан кетпей, жан дүйнөм кадимкидей ооруйт. Бизде болуп жаткан анча-мынча турмуштук маселелер алардын тагдырынын жанында эч нерсе болбой каларын түшүндүм.

Биз көрүп жаткан жарыкты көрө албай калгандар канча? Психикалык жактан жабыркагандардын жатагында профессорлор, илимпоздор, жакшынакай жашап келе жатып эле, турмуштун соккусун көтөрө албай, заматта эс-тутумун жоготкондор бар экен. Айрымдары балдарын жоготушса, кээ бирлери ажырашып кеткенден улам ооруп калгандарды көрдүм. Көрсө, андай жерге мен-мендеген адам деле түшүп калышы мүмкүн экен. Аларды көрүп өзүмө сабак алдым, көп нерсеге көңүл бурбаганга аракет кылдым.

– Өтүп бара жаткан жыл эмнеси менен эсте калды?

– Бул жыл чыгармачылыгымда жаман жыл болгон жок. Кудай берет деген чын экен, күтүлбөгөн жерден грамота, мактоо баракчаларына ээ болдум. Маданият тармагында жүргөнүмө 20 жылдан ашыптыр. Ошол эмгегим да эске алынды окшойт.

– «Колдорубуз көк боёк, тергенибиз бүлдүркөн» деген саптары бар ырды алгач сен ырдап чыксаң керек эле?

– Ооба, ал ырды мен 9 жашымда ырдап чыктым. Сөзү Жолон Мамытовдуку, обону бир тууган таякем Атайбек Бөдөшовдуку. Таякем, Каныкей жеңем бир жолу биз жакка гастролдоп келип калышты. Мен ал кезде мектепте өткөн иш-чаралардын баарын алпарган, активдүү окуучу элем. Ата-энем «таякең менен таажеңең көрсүн» дешип мени ырдатышты. Экөө тең «жакшы ырдайт экен, бизге бергиле, биз менен гастролго чыгып келсин» деп алып кетишти. Ошентип таякем мага «Ай, бүлдүркөн, бүлдүркөн» деген ырды берип, ырдап калгам. Эсиңде болсо «Байкем, эжем жана биз» деген телекөрсөтүү бар эле. Ошол көрсөтүү менин аткаруумдагы «Бүлдүркөн» менен башталып, «Бүлдүркөн» ыры менен жабылчу.

Алгачкы гастролдон эле мени Гүлшайыр Садыбакасова, Айбек Карымов байкаган экен. Өздөрүнүн тобуна чакырып, ата-энемден уруксат сурашты. Алар «мектепти окуп бүтсүн, кайсы кесипти тандайт анан өзү чечет» деп коюшкан. Мектепти аяктаган соң борборго келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун вокал бөлүмүнө тапшырдым. Акырындап чыгармачылыкка аралаштым.

– Акыркы учурда жаңы ыр жаздырганыңды байкай элекпиз. Денис Бобков менен жашап жүргөнүңдө жаңы ырларың байма-бай чыгып турчу эле?

– Ажырашуу кимге болбосун катуу тиет. Ошондон улам чыгармачылыгым бир аз солгундап калды окшойт. Стрессте жүргөнүмдө мени элим колдоп кетти. Телефон чалышып, интернеттен жазышып «Биз сизди сыйлайбыз. Кыргыздын таланттуу кызысыз, ырдаңыз, жаңы ырларды жаздырыңыз» деп мага дем-күч беришти. Мени ошондой учурда көтөрүп кеткен элимди чын жүрөгүмдөн жакшы көрөм.

Азыр, Кудай буюрса, баары жакшы, чыгармачылыгым мурунку калыбына келип калды. Жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып эле жатам. Бирок эмнегедир өлкөдөгү башкы телеканалдан менин ырларымды беришпейт. Күйөрмандарым, журналисттер «эмнеге Жанета чыкпай калды, көп эле концерттер болуп жатат, анын биринде да жок» деп интернетке жазып жатышат. Эмне себептен чыгарбай жатышканын билбейм.

– Балдарыңа атасы каралашып турабы?

– Иштеп турсам балдарымды бутуна тургузуп кетермин. Балдар аныкы, жардам берем десе ким каршы болот? Балам атасын көп сагынат, өзү телефон чалып сүйлөшүп турат. Эркек балага баары бир атанын көңүл буруусу керек окшойт.

– Бой жетип калган балдарды жалгыз тарбиялаш оор болсо керек. Сен көргөндү алар башкача көрүшөт, сен байкаганды алар байкагылары келбейт дегендей...

– Чоңоюп калган балдарды урушкандан өзүң эле тартынып калат экенсиң. Арина 10-класста, Максим 9-класста окуйт. Экөө тең урушканга жеткирбейт. Кудай берген балдарым бар. Мени дайыма колдоп, баарын түшүнүп, аяп турушат. Экөөлөп жеңилимди жерден, оорумду колдон алышат.

– Мурунку жолдошуңду «заманбап той берип үйлөндү» деп жатышат. Уул-кызы тойго барыштыбы?

– Денистин өзүнүн жашоосу, менин өзүнчө жашоом бар. Ага бакыт каалайм. Уул-кызын тойго чакырган жок, алар жадакалса атасынын үйлөнгөнүн билишпейт.

– Кирип келе жаткан жылдын босогосун кандай максат, кандай пландар менен аттаганы турасың?

– Жыл жаңырганга чейин концерт берейин деген планым бар эле, бирок жетишпей калдым. Буюрса, борбордо жеке концертимди берейин деген ниетим бар. Ырдап чыккысы келгендер «сиз мектеп ачсаңыз окуйт элем» деп көп кайрылышат. Ошондон улам ырчы болом дегендерди окутуучу музыкалык мектеп ачсамбы деген ойдо жүрөм. Качан ишке ашат, аны убакыт көрсөтөт.

– Жаңы жылды кайдан тососуң?

– 31-декабрда жылдагыдай эле «Ала-Тоо» аянтында ырдайм. Анан саат 12ни балдарым менен үйдө тосом.

– Рахмат маегиңе, ойлогон ой-максаттарыңа жет. Келе жаткан Жаңы жылың менен!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
18.12.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап эмне себеп болду экен, ажырашканына
18.12.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Орус менен дос болсоң,ай балтаны ала жүр.
18.12.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Кайра эле кыргыз кызын алыптыр го анысы. Мага жакчу эмес да ошол Денмс
Мындайча айтканда жаштыгын, талантын колдонуп коюшту да атасы экоо. Сабыр тилейм. Бактылуу болсун Жанета!
18.12.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
"Денис булардын баарын өз колу менен кылган" деген сөзү эске келди.))
18.12.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Eka.kg,Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт. Андан жаман пиар жасап журушот. Унуталбай кыйналып жатыптырсын. Сабыр тилейм)))
20.12.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eka.kg,мен да ошону ойлой берем Жанеттаны коргон сайын)))))))
18.12.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшы жубайлар эле,экоо тен сулуу.Жанетанын назиктигин коруп ушунчалык суктангамын кичинемде.Эхх,эч ким ажырабасын,эч кимдин уясы бузулбасын.Балдары прелесть экен.
18.12.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Метиска деп коет. Эки башка улуттан жаралган балдар. Алар сулуу да акылдуу да болушат.
18.12.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Балдарым атасынын уйлонгонун билишпейт" деп, кайра газетага жарыялап коюптурго)
18.12.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah,Балким балдары кыргызча түшүнбөйт..
19.12.2018. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah,балдары суперди окубаса кк да
18.12.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Калп интервью берип туура эмес болгон, ал болбосо жакшы коруп сыйлачы элем
18.12.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Aijan2905,ооба бир эмес эки жолу элди алдап ишеничтен чыгып алды. Менда сыйлачумун. Эмнени айтпасын, эмнени жасабасын жасалмадай туюула берет экен.Ишеним жоголбосун качан ишеним!
Ice-creme түзөттү 2018-12-18 13:47:34
18.12.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Юрий кайын атан, бердиртпей жаткандырда ырларынды теле канлдардан..,Алып баруучу болмуш болуп озуда чыгып калатго, биринчи каналдан...
18.12.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге ажырашкан эле
18.12.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
10кун Эле болду го уйлонгонуно...
18.12.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи уйлогондо ырдап чыгыш кан го "суйуу багында" деген ыр болсо керек эле куну бугункудой,эсимде турат, сонун, назик, суктанаарлык эле.
18.12.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
emnesi bolso da Janettanin jashtigin koldondu da bobkovdor
19.12.2018. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чөкпөңүз, стресстен арылууга аракет кылыңыз. Жаңы ырларды жаздырыңыз. Кыргыз эли сизди колдойт. Бүлдүркөн деген ыр дагы эле эсимде. Ал кезде мектепке бара элек болсом керек. Бирок жаттап алып, ырдай берчү элем.
19.12.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmmm
19.12.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журуш турушу жагат эмне бул эле ажырашыппы тарсылдап ырдап журо бериниз эрдин не кереги бар ырас бир уул бир кызыныз бар экен ошолго акыл эс берсин тынчылык эле болсо жашоо ото берет. Денис уйлонсо уйлонуптур да.
19.12.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдары соц тармактан эле коруп угуп алат да. Юрийди кыргызча суйлойт деп укмуш киши деп мактап алабыз бирок ал биз ойлогонлой светой киши эмес.
20.12.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
fanatka19,Святой эле киши,биз деле жакындан билебиз,Дениси андан,атасы мындан жакшы кишилер,просто Жанета калпты азыраак ышкыртса баары нормально болмок жана да сулуунун козу(деп коёюнчу) кургабайт деген макал да туура келет...
20.12.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur777,сен көрүп же шам жагып турдуң беле,күнөө болот билип билбей айта берсе

tursunbaev78 түзөттү 2018-12-20 20:44:13
20.12.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tursunbaev78,шам жакпасам да билем,алар орус болсо дагы ыймандуу келин менен жашагылары келет.
20.12.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир жактан эле кетпесе керек. Эки жактан тең кетет да. Ажырашкандар толтура. Сиз биринчи ажырашып жаткан жоксуңар. Балдарыңарды аман эсен чоңойтуп алгыла! Ден соолук берсин Жаратканыбыз! Баары жакшы болот. Жашоодо баары эле сонун боло бербейт экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо