БУРУЛАЙДЫН ӨЛҮМҮ: МАРС БӨДӨШЕВ 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл

Мындан жарым жыл мурун өлкөдө акылга сыйбаган кылмыш иши катталган. 27-май күнү 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Ала качуунун арты кыздын өлүмү менен аяктаган. Бурулай башка жерде дагы эмес, райондук ички иштер бөлүмүнүн ичинде бычакталып, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза тапкан. 11-декабрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту бул иш боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, сот Бурулайды Марс Бөдөшев өлтүргөн деп таап, ал 20 жылга эркинен ажыратылды.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ...

2018-жылдын 27-майында медициналык окуу жайдын 20 жаштагы студенти Бурулай Турдали кызын Марс Бөдөшев аттуу жаран Бишкектен Таласка ала качкан. Бирок алар Сосновка айылындагы посттон өткөндөн кийин кармалып, Жайыл РИИБине жеткирилген. Жайыл РИИБинин имаратынын ичинде Бурулай Турдали кызы да, Марс Бөдөшев да бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ооруканадан Бурулай жан берсе, Бөдөшев анын өлүмүнө шектелип кармалып, айыккан соң ооруканадан абакка которулган.

Бул окуяда милиция кызматкерлери шалаакылык кылгандыгы үчүн коомчулуктун сынына кабылып, 23 милиция кызматкери ар кандай жаза алган.

Марс Бөдөшев соттук отурумдагы көрсөтмөсүндө Бурулай менен кыз-жигит катары 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөндүгүн айтты. Буга далил катары анын жакындары экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн да жарыялашкан эле. Бирок бул маалыматты Бурулайдын жакындары четке кагып, кыздын август айында башка жигитке турмушка чыгууга камданып жүргөндүгүн айтышууда. Бөдөшев Бурулайга жана өзүнө бычак сайганы эсинде жок экендигин айтууда. Эксперт-криминалист Эрмек Саманчиев кылмыш орун алган жерден бычакты көргөнүн, бирок окуяны көрүп нес болгондугунан андан бармак издерин албай калганын айткан. Башкача айтканда, эксперт окуя болгон жерге барып туруп, негизги милдетин аткарбай койгондугун өзү тастыктап жатат. Аталган жагдайга сот тарабынан көңүл бурулган жок. Дагы бир жагдай, окуя болгон күнү Жайыл
РИИБиндеги камералар эмнегедир иштебей калган.

Сот залында мамлекеттик айыптоочу соттолуучуну кыз ала качуу жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыптуу деп таап, жалпы 23 жылга эркинен ажыратууну, ал эми ала качууга көмөктөшкөн Акмат Сейитовду 7 жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Бөдөшевдин жактоочусу болсо бул иш боюнча толук иликтөө жүрбөй жатканын айтып, кылмыштын курамы толук аныктала электигине байланыштуу айыпталуучуну актап берүүсүн суранды.

Жыйынтыгында Свердлов райондук соту тарабынан Марс Бөдөшев кылмышты жасаган деп табылып 20 жылга, ал эми кыз ала качууга көмөктөшкөндүгү үчүн Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары жабырлануучу тараптын доо арызынын негизинде Марс Бөдөшев Бурулайдын жакындарына материалдык чыгым катары 300 миң сом, моралдык чыгым катары 500 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

“БИЗ АЯГЫНА ЧЕЙИН КҮРӨШӨБҮЗ. УУЛУМ КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕС”

Гүлийпа Бөдөшеванын уулу абакта жатса, сентябрь айында ал жолдошунан айрылып, кара жамынган. Көзүнөн аккан тамчы жашын улам сүрткөн эне уулунун акталышы үчүн дагы да чуркай берерин айтат:

– Сот уулумду 20 жылга эркинен ажыратты. Акыйкат, чындык кайда? Соттук отурумду баарыңар көрдүңөр. Айыптоочу тарап уулумдун күнөөсүн далилдөөчү бир далил келтирдиби? Жок. Кана бычактагы бармактын издери? Бычактын өзү кана? Бири 12 сантиметрлик бычак дейт, экинчиси 29 сантиметрлик дейт. Бири сары бычак десе, экинчиси ак бычак деп көрсөтүштү. Бычакты милиция кызматкерлеринин бири баштыкка ороп столго койгом десе, башкасы дагы башкача айтып көрсөтмө берип жатышат.

Дагы белгилечү жагдай, уулум эс-учун жоготуп жатканда 28-май күнү бир тергөөчү барып көрсөтмө алып жатат. Кана ал тергөөчү? Эсине келе албай жаткан адамдан кантип көрсөтмө алды? Уулум ооруканада жатканда 7-8 күндөн кийин суранып жатып кирсем, балам мени тааныбай койгон эле. Анда ал кантип көрсөтмө берген? Адам өзүнө 4 жолу бычак сая алабы? Аны да териштиришкен жок. Жактоочубуз айткан жагдайларга сот көңүл бурган жок. Баламды ак жеринен соттошту. Кантип чындыкка жетип, акыйкатты кайдан издейм, кимден жардам сурайм, билбейм (ыйлап).

“УУЛУМ БУРУЛАЙДЫ 27-МАЙ КҮНҮ АЛА КАЧКАН. БИРОК 4-МАЙДА КЫЗ ӨЗ КӨҢҮЛҮ МЕНЕН ЧЫККАН”

– Окуянын чоо-жайын уулумдун өз оозунан угайын десем ага такыр жолуктурбай жатышат. Баламды сот залынан гана көрүп жатам. Анда да балам көрүнчү жерге бирөө туруп алса, жиним келип аларды кубалап, ошол жактан болсо да баламды көрүп алууга ашыгам. Уулум күнөөлүү эмес. Күнөөлүү болсо жазасын алсын. Бирок күнөөсүн далилдеп беришсин, ишенейин. Мындан тышкары сот жабырлануучу тарапка жалпы 800 миң сом төлөп берүүбүздү милдеттендирди. Марс өзү камакта жатса, мен аны кантип төлөйм? Өзүм 4 миң сом гана пенсия алам.

Ооба, уулум 27-майда ал кызды ала качыптыр. Бирок 4-майда ала качкан эмес. Анда кыз өзү көңүлдөнүп уулум менен чогуу Таласка кеткен. Балам кызды өлтүргөн эмес. Ичим сыйрылып жатат. Эмне себептен иш мындай нукта жүрүп жатат, түшүнбөйм. Уулумдун акталышы үчүн чуркайбыз, күрөшөбүз. Эми жактоочулар менен кеңешип, кийинки инстанцияга арыз жазабыз.

 

Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Сот залына кирип жатканда ал “сот туура чечим чыгарса, эч жакка кайрылбайм. Туура эмес чечим чыгарса, мындан ары да күрөшөм” деп билдирген.

АЛА КАЧУУ – КЫЛМЫШ!

Буга чейин канчалаган кыздар ала качуунун курмандыгы болуп келишкен. Алардын көпчүлүгү коомдун басмырлоосунан улам арыз жазуудан да тартынышкан. Арыз жазган күндө деле күнөөлүүлөр жаза алган учурлар жокко эсе. Ала качуу кылмыш экендигин жана ал мыйзам аркылуу жазаланарын коомго түшүндүрүү үчүн Бурулайдын өлүмү керек беле?

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
18.12.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сабыр берсин Марска да, досуна да, апасына да.
Бурулай жайы жаннатта болсун.
Кыз баланын Бишкектеги квартирасында квартирант болуп жашачу деп окудум беле?
18.12.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Далили жок кантип 20 жыл берди. Бычак кайда? Камералар эмнеге иштеген эмес? Эксперт-криминалист өзүн жоготуп, манжа издерин албай + бычак жоголуп. Эмне деген шумдук? Карга карганын көзүн чукубайт эле болуптур. Соттук процессти көрдүм, Бөдөшев эч нерсе айта албай койду го, катуу коркутуп коюшкан деп ойлоп калдым сүйлөгөндөн деле корккондой абалы.
Актагым келген жок бирок, ушундай денгээлдеги кылмыш болгондон кийин соттор да туура чечим чыгарыш керек эле да
18.12.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Президентибиз тапшырган иш ушундай тергелип калдыбы? Ужжаааас!!!
18.12.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кыргызстанда акыйкаттык бар беле!!! Просто Гана ичин куйот да. Колдон келбесе Айла жок! Кайсы далил мн 20 жыл беришти?!!! Жалгыз энесин чыркыратып, анан дагы 800 мин сом милдеттендиришип!!! 800мин сом эмес 8 сомдун балекетин алгыла!!! Кыздын Ата энеси озу куноолуу!!! Мейли, азыр акча роль ойноп Турсун силерге, тиги дуйнодо эмненерге ишенет болдунуз экен?!!!
18.12.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Туура,кыздын атасы куноолуу,уяты жок киши экен,кызды сураганга Бер дегендей,тынч эле батасын берип койсо соттун ордуна той болуп бапырап катышпайт Беле,окунучтуу
18.12.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Жигитте куноо жок. Куноо милициялар да, анан кыздын туугандарында. Суйлошуп жургон кызын суйлошподу деп кызынын абийирин жапкандагы кези го. Суйлошпогон болсо экоо кучакташып суротко тушобу. Бейкуноо баланы камап, баласынын айынан атасы каза таап.Энеси тируулой баласынан, олуу куйоосунон ажырап атат. Кызынын олумунон акча ондуруп бир пенсиянер аялды какшатып кантип анын акчасын жейсинер? Бурулайдын атасында
18.12.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бурулайдын атасы адилеттуу караса болмок. Кызын да корундо тынч жаткызбай койду го.
18.12.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Анан эмне милициялар экону бычактап койуптурбу? Аларга эмне кызык ?
18.12.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Судмедэксперт калп айтат,кудай сактасын жумушу боюнча ушундай нерселерди коп коргонго туура келет,анан дайыма эле нес болуп жумушун чала же аткарбай журо берсе иштебей эле койбойбу
18.12.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Марстын апасына айтаар элем,президенттин озуно кайрылыныз,балким ал кишиге башка маалымат жеткиришип жатышкандыр
18.12.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Күнөө кимде экенин билбейм. Бирок тиги шалаакы менттерди камаш керек болчу экспертине жок дегенде 5 жыл бериш керек деп ойлойм. Ушуга окшогон колунан эч нерсе келбеген эшектердин айынан жаш кыздын өмүрү үзүлдү. Жакындарына сабыр
18.12.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кымызды ичкенге бер ,кызды сураганга бер...Турдаали ава Таласты алыс деп бергиси келбеген го,оздору Жалалабаттан болчу...Алла озу сактасын мындай окуядан
18.12.2018. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Экспертке эмне болгон нес болду деп, жатып эле албаптыр, андай эксперттер уялсаңар. Эртеби кечпи баарибир баары жазасын алат. Жигитте күнөө жок экендиги көрүнүп эле турбайбы? Ушундайларга ыйман берсин...
18.12.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Balasi kandai bolbosun ene da .enesine boorum oorup ketti
18.12.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шордуу энеде не айып!!! Оюу боюнча, милициялар экоону бычактап, анан буларга шылтаватабы. Чындыкты бир Аллах билет. Бирок, ачууга алдырып, кызды да озун да олтурмок да, анан озу олбой калып... эркекче, олтурсон олтурдум депле айт да
19.12.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам озуно 4 жолу бычак сая албаса керек. Айтор бир мандем бар. Эки жашты оюна эле койгондо мынчалыка барбайт эле. Кудай тубун тузосун.
20.12.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
al79mi,туура адам озуно торт жолу бычак сая албайт мени бир сайганда эле кулагам жоон ичегини тешиптир эки жеринен марстыкы торт жеринен деп окугам бир кудай билбесе мен билбейм
19.12.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жазасын отоп чыгат, олтурдубу отурсун 20 жыл, энелерге го эмне эч качан баласын олтурду деп айтпайт, кашанын баарын кылган Марс тунку каракчыдай болуп кызды эмне ала качат, эмне бычак саят, эми турат былтыйып мойнуна албай , баарын милициянын мойнуна артып кутулам дегенго, намысы уяты жок бала экен бир окунуп жок дегенде Бурулайдын апасынан кечирим сурап койбойбу кекирейбей, омур бою камап салса туура болмок, канча энени боздотту, канча атаны сыздатты, канча бир тууганды ыйлатты, досу
19.12.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Avrora2017,досун кошо ала кетти кошоктоп, анын семьясыда куурады, озун эле ойлогон эгоист , даже ата энесинин авторитети жок бул балага, ата энеси тарбия берген эмесда
21.12.2018. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Avrora2017, эн туура создорду жазыпсын.
21.12.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Avrora2017,турдаалыга ынсап берсин!
21.12.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha,Турдали акеге асылганын асылган, карызын бар немедей, чап кенедей жабыштын го байкуш кишиге
19.12.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимисине ишеништи билбейм го. Бирок. Ушунчалык жаман болуп ичим ачышып жатат.
19.12.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми сиз ыйынызды док кылбаныз балан тируу, Бурулайдын апасыда ыйлап сыздап журсо керек куну туну Бурулайды кайрый албайт алар, силер аягына чейин чыгабыз дейбергиле куноону мойнунарга албай Бурулайдын атасы да доконца барат, кудайым ошол кишиге Турдали акеге куч кубат денсоолук берсин
Avrora2017 түзөттү 2018-12-19 16:55:17
21.12.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Avrora2017,куч кубаттан мурда ичине ыйман тиле!
24.12.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha,ыйманды озуно тилеп ал, ар ким озу учун жооп берет
20.12.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул жерде Турдалы аваны куноолуу деп жазгандар силерда ушул аванын абалын сезгиле. Ошондо тушуносунор, мончоктой кызынан айрылуу кандай болор экенин. Милицияга анан экспертерге какая разница по большому счету экоонун проблемасын бурмалап. Не милиция экоону мурда издеп журду беле колго тушсо олтуробуз деп, же эксперттер соттор бурмаласа пайда коробу аларга баары бирдей.
21.12.2018. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Марсты ментер кечирбейт, бут милициянын бетине коо жапканы учун, кылган куноосун бутундой милицияга оодаргысы келген учун, жомок айтып, зонадан бир жазасын алар, кыз олтургондорду ал жерден оздорун кыз кылат, Сооронбай Жеенбековго кайрылгыла дейсинер, анын башка иши жоктой, кайрылган кундо да эмне демек эле киши олтурдубу камагыла дейта, может милицияларды дагы жазага тартат шаалакылыктары учун эсли президентке чейин жетишсе, то что эконуу бир кабинетке калтырып ушундай болгону учун
21.12.2018. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Avrora2017,же эмне силердин оюнар боюнча бодошевди башынан сылап сот залынан актап чыгарып ийиш керекпи милициялар куноолу деп, тан калам комментерге тим эюэле прям актап жибергиле деп кыйкырып аткандарга, кантип киши олтургуч акталат, камалсын отурсун 20жыл, тартсын азапты, Бурулайдын уй булоосуно кылган азапты озу да тартсын, бир жакшынакай жаш кыздын жанын кыйып, чири эми турмодо
21.12.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Марстын куноосуу жок го дейм бул жерде милициялардын тиешеси бар го болбосо камераны жок кылышпайт эле
21.12.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тергоо так болбоптур бычак жок болсо колунун изи жок камера ошол куну иштебей калса анан кантип сот ишенип жатат ички тую сезими кучтуу сотбу.Криминалист кунуго коргону олум болсо керек кантип анан эс учун жоготуп койду же практикант бекен? мен баланы актап же каралоодон алысмын. Кызыл китепке кирчуу кыргыз сотторунда кана кумонум бар. Кайра тергоого жонотуш керек болчуда.
21.12.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жашасын биздин соттор, эн туура чечим чыгарышты бодошевге, негизи ушундай киши олтургучтор кыз зордогон, кичик балдарды аесуз сабагандарга 20 жылдан ашык бериш керек, киши олтургучторго эч кандай пощада болбосун
24.12.2018. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Avrora2017,мен да мурда комментарийди сендей жазчумун ,"Марс куноолуу"-деп.Бирок бул макаланы окугандан сон пикирим озгорду.Анткени каерде кылмыш болсо ошондогу куралды сары майдай сактап,сотто негизги курал катары колдонот.Элди келесоо ойлоп "бычак жоголду ,колунун изин албады"-десе ким ишенмек эле. Демек кызды милициялар олтургон. Акыйкат сот болушун эл жапа тырмак талап кылыш керек.А нтпесе бала жок жерден камалып атат
24.12.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Avrora2017,Кызынардын арты кайрылуу болсун.Коп баспа,коп жигиттин башын чимирбе,озунду эр ойлосон бироону шер ойло деп тарбия берсенер болмок экен...Озу эле кетпей канча адамды шорлотуп кетти.
25.12.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган.
Avrora2017, barakcha, коомдук адепти сактагыла. Жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо