АСЕМА ЖАНА ГҮЛНУР АСАНОВА СУЛУУЛУК САЛОНУН АЧЫШТЫ

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл

11-декабрь күнү Бишкекте актриса жана ырчылар Гүлнур Асанова менен Асема Токтобекова сулуулук салондорун ачышты. Асема салонун өз ысымынан атаса, Гүлнур таенесинин урматына "Салкынай" деп атаган. Ырчы айымдардын жакшылыктары менен бөлүшүп кайттык. Асема жакында визажисттик курста бекеринен окуган эмес экен. Сулуулук жаатында жаңы иш баштап жаткан ал "алгач өзүм окуп, бул чөйрөнү өздөштүргөн соң ишке кириштим" дейт:

– Менден көп киши "Кайсы визажистке барасың? Кайсы чачтарач чачыңды жасады?" деп сурай беришет. Ошондон улам жолдошум "өзүң сулуулук салонун ачып алсаң болмок экен" деп жүрдү. Кайнатам дайым менин ишмердүүлүгүмө кызыгып, колдоп турат. Бул идеябыз ал кишиге да жагып, минтип жаңы салон ачып берди. Сулуулук чөйрөсүндө иштеп жаткандыктан, иштин оош-кыйыштарын жакшы билиш үчүн визажисттик курсту да окудум. Азырынча өзүм администратор, пол жуугуч, чай, кофе ташыгыч болуп иштеп жатам,- дейт Асема.

Аны утурлай эле Гүлнур Асанованын сулуулук салонунун ачылышына бардык. Гүлнур салонду таенесинин атынан апасына сюрприз кылып ачканын белгиледи:

– Көптөн бери визажист болуп эмгектенген курбум мага "салон ачпайлыбы" деп сунуш кылып келди. Эки жыл мурун ачабыз деп жүрүп ишке ашпай калган. Бул ирет апам Бишкекке келгенде сюрприз кылайын деп пландап жаткам. Күтүүсүздөн апам кетиши керек болуп, тез арада ачып калдык. Салон таенемдин атынан “Салкынай” деп коюлду. Апам таенемди эрте жоготкон экен. Бизге апасынын уздугун, жакшы жактарын айтып отуруп, мен таенемди идеалдуу аял катары көрүп калгам. Ошондуктан апама жагымдуу болсун деп ушул салонду таенемдин атынан ачтым.

Гүлнур менен Асемага жаңы ачкан сулуулук салонуңар ак жолтой болсун дейбиз!

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
18.12.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таш ыргытсаң сулуулук салондун шыйпырына тийет, силерге көөп акча алып келсин
Paprikafm түзөттү 2018-12-18 10:00:54
20.12.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm, ошентип ойлойбуз бирок керектуу учурда барсан кабыл алышпайт, бош эмес болушат, жазылуу аркылуу гана тейлешип. Талап коп болуп жатканынан улам го..
18.12.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин кыргыз кыздары аракетчил,кучтуу,сулуу.Элибиз озун-озу багып жатат.Ишинерге ийгилик!
18.12.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишиниздерге ийгилик!
18.12.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкекте эмне көп жолдогу чункурлар менен салон коп
18.12.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Изденгиле укларим салондо пайда жоок башка иш кылгыла
19.12.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары сонун, бирок мээ менен коп ийгилике жетсек э
Mystery түзөттү 2018-12-19 00:03:28
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо