Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА АРНАЛГАН КОЛЛЕКЦИЯЛЫК МОНЕТАЛАР ЧЫГАРЫЛДЫ

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Тарыхый окуялар» сериясында улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» аталыштагы коллекциялык монетасын 2018-жылдын 29-октябрынан тарта жүгүртүүгө чыгарды.

«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ - 90 ЖЫЛ»

«Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» монетасынын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Оң тарабында болсо монетанын номиналы көрсөтүлгөн. Монетанын четин тегерете «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov – 90 years» жазуусу орун алган.

Ал эми монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы ак кеме менен бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Төмөн жагында монетанын чыккан жылы (2018) көрсөтүлгөн.

Ар бир жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

ЖАЗУУЧУНУН УРМАТЫНА МУРДА ДА МОНЕТАЛАР СЕРИЯСЫ ЧЫГАРЫЛГАН

Белгилей кетсек, залкар жазуучубуздун урматына чыгарылган бул алгачкы монета эмес. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2009-жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган монеталардын сериясын чыгарган. Ал монеталарда улуу жазуучунун коомчулукка билим берүү жана тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп калган боорукердикти, акыйкаттыкты жана гумандуулукту даңазалаган чыгармалары чагылдырылган.

Серия 6 монетадан турат. Анын биринде Чыңгыз Айтматовдун портрети түшүрүлсө, калган бешөөндө жазуучунун “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат” жана “Ак кеме” чыгармалары түшүрүлгөн. Бул чыгармалар бүт дүйнө элинин рухий дөөлөттөрү болуп калган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган монеталарды бириктирген элемент – бул монеталардын алдыңкы беттерине тартылган ачылып турган китеп.

Ар бир монетанын жогорку бөлүгүндө айлананын ичине кыргыз жана орус тилдеринде чыгарманын аттары жазылган. Бардык 5 монетанын тең арткы беттери окшош, ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашса, астында жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн жана монетанын чыккан жылы жазылган. Монетанын четин тегерете “Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы” жана “Произведения Чингиза Айтматова” деген жазуу түшүрүлгөн.

“Чыңгыз Айтматов” монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети – жазуучунун портрети жана куштун канаты. Ошондой эле монетанын номиналы жазылган. Арткы бетинде болсо Кыргыз Республикасынын герби, учуп бараткан турналар, тоолордун сөлөкөтү жана монетанын чыккан жылы (2009) түшүрүлгөн.

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

 

“Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары” сериясындагы монеталардын баары 2010-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн «Монетное созвездие – 2010» IV эл аралык конкурсунда "Библио-Глобус" соода үйүнүн атайын байгеси жана ардак дипломдору менен сыйланган.

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
18.12.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага кызык неге Төлөгөн Касымбековго уважение көрсөтүлбөйт, мисалы сынган кылыч кыргыздардын шедевр китеби,кайра кайра окугун келет, мамлекет аны сыйлап да койгон жок, канча кыйынчылык көрүп жашаган адам,даже эстелиги жок, мен башка жазуучуларга караганда ушул адамды бийик коём.
nazarnew түзөттү 2018-12-18 14:12:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо