ЧАРЧАП КАЛГАН НАРИСТЕНИН АТЫНДАГЫ ПАСПОРТ. КЫРГЫЗ ПАСПОРТТОРУ КИМДЕРГЕ МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН?

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл

Кыргыз өлкөсүнүн паспорттору буга чейин чет өлкөлүк жарандарга, кримтөбөлдөргө мыйзамсыз берилген фактылар көп эле катталып келген. Бул жолкусунда көп жыл мурун каза болгон адамдын атынан паспорт берилгенин милиция кызматкерлери аныктап чыгышты.

“ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН АДАМ КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ МЕНЕН ИСПАНИЯДА КАРМАЛГАН”

Бул кылмыш тууралуу ИИМдин криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы) жетекчиси Азамат Токтоналиев төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 2018-жылдын январь айында Испанияда Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1967-жылы туулган Борис Матузный аттуу Орусиянын жараны кармалган. Уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү эсептелген Борис Матузный мурда Уссурийск шаарынын бокс федерациясын жетектеген. Ал адам өлтүрүүнү уюштуруу кылмышына шектелип 2013-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Кармалган учурда анын жанында Кыргыз өлкөсүнүн 2 паспорту болгон. Ага бул паспорттор 2016-2017-жылдары Руслан Назаров деген ат менен берилгени аныкталган. Алгачкы паспортун ал 2016-жылы Сузак районунан алган, буга байланыштуу тиешелүү кызматкерлерге кылмыш иши козголгон. Дагы бир паспорт Аламүдүн районунан алынганы аныкталган. Бул райондун калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүн текшерүү учурунда андан башка да мыйзамсыз паспорт берүү болгондугу аныкталган.

“КИМДЕР ПАСПОРТ АЛГАНЫ АЗЫРЫНЧА АНЫКТАЛА ЭЛЕК”

– Мына ушул ишти иликтеген биздин кызматкерлер тарабынан жакында жалпы жарандык паспортторду мыйзамсыз берүү боюнча дагы 4 факты аныкталды. Тагыраагы, 1973-жылы туулган Исмаил Атабаев, 1996-жылы туулган Фотима Атабаева, 1998-жылы төрөлгөн Захро Атабаева жана 1993-жылы жарыкка келген Давлатхожа Шавкат уулу деген жарандарга паспорт берилген. Бул адамдар паспортторун Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн алышкан. Аталган бөлүмдүн башчысы менен бул бөлүмдүн кызматкери 2017-жылдын 18-декабрында паспортторду жасап беришкени аныкталган. Паспорт алган бул жарандар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары эмес экендиги аныкталганы менен, алардын кимдер экендиги, кайсы өлкөнүн жарандары болгондугу азырынча тактала элек. Мындайча айтканда, паспорт бөлүмдүн кызматкерлери кимдерге паспорт жасап бергенин өздөрү дагы билишпейт. Паспорт алган жарандар 2017-2018-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн чек арасын кесип өткөн жарандардын арасынан табылган эмес. Демек, бул адамдар паспорт алып жатканда өлкө аймагында болгон эмес.

“ЧАРЧАП КАЛГАН БАЛАНЫН АТЫНАН ПАСПОРТ БЕРИШКЕН”

– Давлатхожа Шавкат уулунун атына жалпы жарандык паспорт 1993-жылы 2-декабрда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде 2018-жылы январда Жалал-Абад шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө берилген. Бирок жашаган жерин текшерүү учурунда Давлатхожа Шавкат уулу 1995-жылы 2 жашында эле чарчап калганы аныкталган.

Мындан тышкары Фотима Атабаеванын атындагы ПИНдер менен эки адамга паспорт берилген. Алгачкысы 2017-жылдын 18-декабрында берилсе, экинчиси 2018-жылдын 11-январында берилген. Айырмачылыгы – паспорттордо эки башка адамдын сүрөттөрү чапталган.

Бул адамдарга берилген паспортто алардын жашаган даректери да туура эмес жазылган. Паспортто көрсөтүлгөн даректерде таптакыр башка адамдар жашаган же ал даректе турак үй эмес, административдик мекеме жайгашканы аныкталган.

“КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР ҮЙ КАМАГЫНДА”

– Мыйзамсыз паспорт бергенге шектелип Аламүдүн районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы, учурда Ош шаарынын Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жаткан У.О. жана Аламүдүн паспорт столунун мурдагы кызматкери А.Н. деген жарандар кармалган. Экөөнүн үстүнөн ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү) жана 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип кармалгандардын баш коргоо чарасын караган сот аларды үй камагына чыгарган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Кубан Жумамидинов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(18)
25.12.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Апам байкуш паспортун жоготуп канча жылдан бери ала албай жүрөт же пенсияга чыга албай. Булар эле кантип алып алат билбейм
25.12.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Өлүп калыпсынар го бир жолу эми лолулорго да паспорт бергиле кыргыз деп улутун жазып
25.12.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Россиянын бир жеринде журушот да,биздин паспорттун аркасы менен уже Российское гражданство алып алышса керек.
25.12.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биякта мен паспорттумдун срогу буттуп алалбай атсам, ким экени белгисиз болгон адамдар алыптырго
25.12.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир тажик озу мага айтып Берген, озу тажик жарандыгы бар туруп Бишкектен кр жарандыгын сатып алып анан кантип рф жарандыгын алганын. Бизде баары сатылат го чиркин керек болсо озунун энесин деле сатып жиберет бул жепжутарлар
ady-88 түзөттү 2018-12-25 12:32:37
25.12.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир азербайжан киши айтып жатат,мени менен чогуу иштеген кыргыз кызга.
Менин үкама Кыргызстандын паспортун алып берчи деп,ал кызда макул болуп жаткан.Аябай жиним келди булар патент төлөгөндөн качып кыргыз паспорт алгылары келет экен
25.12.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кытайларга паспорт берип жатышат, кыздарыбыз кытайларга тийип жатышат.
25.12.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bek_tash, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
25.12.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Паспортума кыргыз деген создун жазылышын талап кылам. Ким макул
31.12.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elhan123,мен
25.12.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мен кошулам,улуту жазылыш керек кыргыз деген
26.12.2018. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Россияда толтура озбек, тажик, лакайлар журот кыргыз паспорт которуп! Кээ бирлери Кыргызстандан алса кээ бирлери казанский вокзалдан жасалма жасатып алышкан
26.12.2018. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин чондор адам болбойт окшойт, айбан манкурт болуп отуп кетишет окшойт
26.12.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай ай ай акчанын кулу болуп калдыкго,мен 20кун чуркап пасспорт ала элекмин,азыр пасспорт алыш оной болуп калган дешет билбейм мени атана бар апана бар кылып раса чуркатышты,блииин адамдарда адамдык сапат калбаптыр бир нерсе сурап калсан жакшына жооп берип коюшпайт
28.12.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bek_tash, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
28.12.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда тажик балдардан уккам Кыргызстандан паспорт сатып алып жатышат магада керек эле тааныш паспорт столдор болсо сүйлөшүп алып бер сенин акыңды да төлөп берем деп. Баардык паспорт столдорду 20 жылдан бери берген паспорторун текшерсе көп нерсе чыкмак.Себеби паспорт стол менен ЗАГС та иштеген кызматчылар укмуш байыган кымбат үй,машина.Алган айлыктары көп болсо 200 доллардан.
29.12.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай фактылар бардык паспорт столдо чыкса керек жакшылап чукуса,
бизда загран паспорт алмаштыралбай журобуз, уйдун ID номери болуш керек экен
01.01.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз паспорт столдогу ишчилер ХХХХ, Кыргыздарды бут олкого жаман корсотуп буттунор, акча берсе башка улуттарга Кыргыз паспортун берип, силердин айынардан мигранттарга кыйын болду
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-01 21:02:48
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо