Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл

(Башталышы өткөн сандарда)

Жаш кыз телефон чалды. Журналисти экенин, кайсы бир каналга интервью даярдап жатканын, саясатчылардын баарынан өткөн курултай боюнча пикирлерин сурап жатканын айтты. Эч бир жерге интервью бербей калган эле.

Адатынча баш тартты.

– Келип берсеңиз жакшы болмок, агай,- кыздын үнү тааныш угулду. Ушул салкын тонду, интонацияны бир жерден уккандай. Атайын сөздү созуп сүйлөшүп жатты, бирок эч таппады. Жүзүн көргүсү келди. Бирөөнүн үнүнө окшоштурду. Жалгыз ушул кызыгуу аны жеңип кетти да, интервьюга макул болду.

Телефонду коёру менен Азизанын көздөрү жанып кетти. “Өх, мен кылдым! Мен муну кылдым!” Ичинен вулкан атылып, каны дайрадай ташкындап кайнап жатса да, эч кимге билинчү эмес. Эмоциясын ичине катканды бул эң жакшы билет. Кичинесинен үйрөнгөн. Белгиленген мөөнөттө келди Сыялы Туманов. Алдынан 22-23 жаштардагы кыз каршы алды.

Капкара чачтары артка тыкан жыйылган, ишенимдүү кызды көргөндө таң кала түштү. Бир жерден көргөн муну. Бирок кайдан?

– Биз мурун кезикпесек керек?

– Жок, биринчи жолу кезигип жатабыз,- деди кыздын көздөрү белгисиз учкун чача жалт этип. Эмнегедир оюн жыйнай албай чачыранды боло түштү. Макул болгонуна да өкүнүп кетти. Токтотуп коёюн деп ойлогонунда кеч болуп калган эле. Креслого чалкалай отурган Сыялы Туманов суроолорго жооп берип жатты. Анын жүзүн тиктеп отурган Азиза ичинен көтөрүлүп келе жаткан ысык толкунду байкады. Мына азыр анын капканына түшөт... Аз калды.

– Бул суроолордун аркасында, албетте, сиздин жеке жашооңузга да кайрылып кетпесек болбостур.

– Эми менин үй-бүлөм тууралуу билбегендер аз болуш керек,- деди күлүмүш болгон Туманов.

– Мурунку депутат, көп жылдар алтын кенинде иштеген Аман Алымбеков сиздин күйөө балаңызбы?

– Мындай суроолорго жооп бере албайм...

– Демек, күйөө балаңыз болгон эмес...- деди тактап сүйлөгөн Азиза.

– Жок, болгон эмес.

– Министр болуп турганда эң жакын, ишенген адамыңыз Аман болгон деп айтышат.

– Жок дедим мен!

Гол! Дал бутага тийди. Азиза ичинен жыргап жатты. Эмоцияга алдырып жатканы ага майдай жагып турду.

– Сыялы мырза, үч жыл мурун каза болгон Аман Алымбеков...

– Болду токтоткула. Мен мындай суроолорго жооп бербейм дедим.

Каны башына тээп чыккан Сыялы бакырып-өкүрүп жатты. Көрсөтүүнүн редакторунан баштап, операторуна чейин сөктү. Тез арада көрсөтүүнү монтаждоону талап кылды. Энтиге машинесине келип чалкалай отурду. Азиза болсо редакторго билгизбей Аман тууралуу айткан монтаждарды өзүнө сактап калды.


ххх

Зирек балдарды алып Алим менен айылга кеткенине аз убакыт болгон. Көл жээгине жакын жайгашкан айылдардын бири эле. Кайсы бир жылдары башына жоолук салып, ак тилек кылып кирген айыл ушул болчу. Андан бери эчен суулар акса да, бир топ нерселер өзгөрүлбөгөн экен. Бул үй Зиректин тарыхын билген, жардам берген, түрмөгө далай барган курдашынын үйү болчу. Бул жерди эч ким таппайт деп атайы ушул жакка келишкен эле. Эшик ачылып Жайдар кирип келди.

– Кандайсың, Зирек? Мына булар неберелеримдики. Шаардан алып келишкенде таштап кетишиптир. Сенин неберелериңе керек болобу? Жакында көлдүн сезону ачылат.

Көлгө керектүү ар түрдүү оюнчук баллондорду алып келген экен.

– Рахмат, Жайдар, сен болбосоң эмне кылмакмын?

– Ээк, койчу рахматыңды. Бөтөн бирөө белем?

– Ушунча жылдар бою кол үзбөгөн жалгыз адамым сен болдуң, Жайдар. Рахмат сага!

– Чалыңды да кошуп койсоң,- деди тиги күлүмсүрөй.

– Алимдин сезимине көп жылдар ишенген жокмун. Ишенчүдөй абалда эмес элем. Бирок бул аркамдан калбай койбодубу...- деди Зирек.

– Жаштыгыңды түрмө алды. Эми жок дегенде жаныңды кейите бербей Элинага энеси экениңди айтсаң.

– Анда атасынын акмактыгын кантип түшүндүрөм? Чоң энеси ал үчүн атасын баатырга айлантып коюптур. Ар дайым сүйүү менен эстейт. А мен кантип өлгөн атасы тууралуу чындыкты айта алам? Эми ушунча жылдан кийин кызымдын таза дүйнөсүн чамбыл ала кылгым келбейт.

– Айтымыңда, кызың акылдуу кыз. Кабыл алар беле?..

– Ал күн да келер. Бирок азыр эмес.

– Чоң энеси эстүү киши эле. Сени тиги акмак уулу күйгүзүп кеткенин эмнеге айтпады экен?

– Эне да. Жалгыз уулун жамандай албаса керек.

Жайдар ак баскан чачтарын ичи күйө тиктеп турду.

– Эх, солкулдаган сулуу келин элең. Тиги акмакка жолукпасаң жашооң таптакыр башкача болмоктур.

– Мейли, кызым бар. Эч нерсеге карабай кызымдын, неберелеримдин бардыгына шүгүр кылам.


ххх

Нуриза Азиза менен жолугуп келгенден кийин өңүн купкуу кылып бөлмөсүндө отурду. Кулагына жаңырып жатты. “Аман сиздин күйөөңүз экенин билем. Сиздин үй-бүлөңүз да муну жашырып келгенин билем. Эмнеге? Каза болуп калган адамды жашырууга эмне себеп болду?”

Башын чайкап жиберди. Коркунуч жүрөгүн аптыктырып жиберди. Баары бүттү, өз турмушун кайра жаңы барактан баштап жаза баштадым дегенде бул журналист кыз кайдан чыкты? Эмнеге келжиреген суроолору менен келди? Каалаганы эмне? Калтыраган колдору менен компьютерди ачып Азизаны социалдык тармактардан издей баштады. Тилекке каршы, колго илине турган эч нерсе таппады.

Ошол эле учурда бир кабат төмөндө Туманов бул түйүндү чече албай жаткан эле. Көкүрөгүндө бир тынчсыздануу бар. Ким? Моюнун имергени, курч тиктеши, үнүнөн бери тааныш. Кайдан көрдү аны? Кабинетинде жайгашкан столунда улуу баласынын кызы менен түшкөн сүрөтүн коюп алган эле. Бир саамга ошол сүрөттөгү кыз менен небересин окшоштуруп жиберди. 16 жаштагы небереси анын сыймыгы болчу. Үй-бүлөсүнөн жалгыз ошол кызга ичи жылый турган.

Туруп-туруп тиги журналист кызды небересине окшоштуруп алганына жини келип турду. “Карып баратамбы? Галлюцинациябы? Жинди чал” деди өзүнө.



ххх

Караңгы бөлмөдө эфирди монтаждап жатты. Экрандан Элинанын, Жаныбектин, Тумановдун, Нуризанын жүздөрү тиктеп турду. Бирок бир жери өксүгөндөй, жетишпегендей сезилип жатты.

– Эй, торгой, түнү менен иштедиңби?- деди кирип келген жигит.

– Иштедим.

– Бүттүңбү анан?

– Жок, жетишпей жатат. Пазлдын бир жери жетишпей жаткандай... Амандын акыркы телефон чалуусу энесине болгон. Элинанын айтымында, ал деги эле энесине көп чалчу эмес экен. Бирок ошол күнү чалган. Демек, бир нерсени айтканга аракет кылса керек.

– Ээй, детектив, анча алыска кетпе.

– Сен менин алтынчы туюмума ишен,- деди кыз жөн гана.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 815-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 816-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 817-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 818-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 819-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 820-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 821-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 822-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 823-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 824-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 825-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 826-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 827-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 828-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 829-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 830-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 831-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 832-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 833-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 834-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 835-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 836-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 837-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 838-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 839-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 840-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 841-сан
ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал) 843-сан
Комментарийлер(24)
25.12.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен биринчи мынча аз жазылган
25.12.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2чи
25.12.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ох, аран бир жума кутсом. Дагы кутомунбу?
25.12.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
и жаман азго (((
25.12.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азго коптон эле жазгылачы
25.12.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутойун деп калганго аздан жазып калышты
25.12.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыда Элина аз калды.
25.12.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тубуно жетсе кен
25.12.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азизанын бир тууган эжеси, Тумановко келин болгон окшойт, Уулу да келини да өлгөн чагым, Тумановтун ыпластыгы себепкер. Эми өч алат го дейм...
25.12.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча Азиза Тумановтун никесиз төрөлгөн кызы.Апасын сЫздатып кетсе керек.
25.12.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото аз
26.12.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай курч чыгарма экен калеминиз курчуй берсин
26.12.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ бул чыгарманын автору ким
26.12.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Же силер чет өлкөнун чыгармасын которуп бересиерби
26.12.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baku88, саламатсызбы! Чыгарманын автору Айлин Д. жана чыгарма которулган эмес.
01.01.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы саны жок го
01.01.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ жаны саны эмнеге жок? Бугун майрам деп иштебей жаткан го дейин десен, жанылыктар чыгып атат
01.01.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны санын чыгарып коюнуздар???
01.01.2019. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KOCMOC, Aita1995, Chaki2795, саламатсыздарбы! Гезиттин жаңы саны эртең чыгат.
02.01.2019. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_portal,эрте менен чыгып атпады беле...
08.01.2019. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми окубай калабызбы? Туура эмесго четте жургондор гезитти кайдан алмак элек(((
04.05.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы, мага ушул сериалдын калганын толук жонотуп коюңузчу. Алдын ала рахмат.
21.06.2019. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы мага сериалы толугу менен жибере аласызбы? Алдын ала рахмат.
30.08.2019. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ эмне аягына чыгарбай койгонсуз? Баштагандан кийин аягына чейин чыгарсанар болмок го(((((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо