Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 24-ДЕКАБРДАН 30-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Ишиңиздин илгерилешин кааласаңыз, өз алдыңызча купуя аракеттерди көп жасаңыз. Жакындарыңыз менен жагымдуу сүйлөшөсүз. Үй чарба иштери ойдогудай орундалат. Спортко, чыгармачылыкка жана эс алууга убакыт бөлөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иште жамааттагылар ортосунда түшүнүүчүлүк жогорку деңгээлде болот. Кошуна, бир туугандардын урматтаганын байкайсыз. Күнүмдүк тиричилик жакшы жолго коюлат. Булардын баары көңүлдүн көтөрүлүшүнө алып келет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада ийкемдүүлүк жана активдүүлүк керектелет. Жакшы нерселер сизге эки тараптан келет, бири өкмөт адамдары жана жетекчиликтен болсо, экинчиси жакын санаалаштар же кесиптештер жактан. Колуңузга акча тиет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Көзөмөл органдары, жогорку кызматтагы адамдар менен жакшы тил табышасыз. Ийкемдүү жана сылык болуп мүмкүнчүлүктү пайдаланып калыңыз. Дин өкүлдөрү, куда-сөөк тарап сизге түшүнүүчүлүк менен мамиле жасайт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Кирешенин акчалай же буюм түрүндө кириши күтүлүүдө. Кирешенин көбүрөөк болушун кааласаңыз башка жактык өнөктөштөр, текшерүү органдары жана абройлуу адамдар менен тил табыша билиңиз. Купуя аракеттерди көп жасаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кесиптеш, өнөктөш жана сүйүктүүңүздүн колдоосуна ээ болосуз. Сиз да аларга көңүл бурасыз. Оптимисттик маанайда болсоңуз тилегиңиздин бири орундалат. Киреше кирчү булактарды алдын ала анализдеңиз. Акча тийиши күтүлүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бирге иштегендер менен ынак мамиледе болуп, башка тармакта иштегендер менен да жакшы тил табышасыз. Досторго, жогорку кызматтагы адамдарга жакын болууга аракет жасаңыз. Аптада алардын сизге болгон көз карашы жакшы.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өзүңүзгө жаккан адам менен жолугасыз. Балдарыңыздын жакшы иштери көңүл көтөрөт. Спортко, чыгармачылыкка көңүл бөлөсүз. Көзөмөл жана укук коргоо органдары менен жакшы тил табышасыз. Аброюңуз жогорулайт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жакындарыңыз менен бирге буюм, эмерек сатып алууга байланыштуу иштерди чогуу аткарасыз. Балдардын талабын орундатыңыз. Колуңузга акча тийиши мүмкүн. Абройлуу адамдар менен баарлашасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Алыскы жана жакынкы туугандар менен сый мамиледе болосуз. Кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз же жакшы кабар угасыз. Жоро-жолдош, өнөктөш, жубайыңыз сиз айткандан чыкпайт. Кээ бир мамилелер жөнгө салынат же таанышуулар болот.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада активдүүлүктү көрсөтүңүз. Ошентсеңиз капчыгыңыз кампаят же жагымдуу сапарга чыгасыз. Дос, тууган жана кесиптештер менен мамилелер чыңдалат. Жакшы сапаттарыңызды колдонсоңуз өкүнбөйсүз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сиздин ак көңүлдүүлүк, боорукерлик сапатыңыз аптада ачык билинет. Алар өзгөчө сүйгөнүңүзгө, балдарыңызга же кесиптештериңизге даана байкалып, сизди урматташат. Тажрыйба жана жөндөмдүүлүктү колдоно билсеңиз колуңузга акча тиет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо