Анжелика, ырчы: “КЫЯЛЫМДАГЫ УНААНЫ 49 МИҢ ДОЛЛАРГА АЛДЫМ”

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл

Анжелика жыл соңунда жаңы тулпарлуу болду. Lexus NX 300 унаасын 49 миң долларга сатып алып, 11 жаштагы улуу кызы Айымага белек кылды. Ырчы эмнеге бул унааны тандады? Баарын төмөндөгү маектен окуңуз.

– Анжелика, темир тулпарың кут болсун, дайыма жакшылыкка айда!

– Рахмат. Кудай берем десе берип коёт экен. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот окшойт. Lexus NX үлгүсүндөгү унааны былтыр интернеттен көрүп, аябай кыялданып койгом. Буга чейин Mercedes-Benz W221 үлгүсүндөгү унаа айдачумун. Кыймылдаткычынын көлөмү 6300 сантиметр куб болчу, майды укмуш иччү. От алдырганда эле 1000 сом кетет (күлүп). Иштерим көп болгондуктан машинамдын токтоп турганы аз болот. Ошондон улам шаар ичине ылайыктуу, Мерседеске салыштырмалуу үнөмдүү машина издеп жаңы унааларды сатуучу борборго баргам. Каалаган машинаңды айдап көрүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Баарын айдап көрүп, ушул Lexus NX 300дү сүйүп калдым. Мынчалык өмүрүмдө эч кимди сүйбөптүрмүн. Жадакалса түшүмө да кирди. Кыскасы, уктасам да, ойгонсом да көз алдыма келип туруп алды. Машина саткан борбор “эски машинаңды бер, жаңыга алмаштырып беребиз” деп калышты. Мерседесиме ашык болуп жүргөн тааныштарым бар эле, аларга сатып жиберип, ушуну алдым.

– Экөөнүн баасындагы айырма бир топ болушу керек, үстүнө каражат кошуптурсуң да?

– Эски машинамдын акчасы жаңы машинамдын 30 пайызын төлөгөнгө жетти. Калган акчасын 3 жылга насыя алдым. Кыялданган нерсеңди насыяга алуу иштегенге стимул болот деп ойлойм. Үй алдым, эч кандай насыям жок. Машинанын акчасын төлөй аларыма көзүм жетти. Ата-энем кепил болуучу адам болуп беришти. 14-декабрь күнү “машинаңызды алып кетиңиз” деп чалышты. Ал күнү машинаны эмес, кызымдын туулган күнүн ойлоп чуркап жүргөм. Концерттердин бирине катышуу үчүн кызыл көйнөгүмдү кийип, сахнада кезек күтүп тургам. Айыманын туулган күнүнө туш болгонуна сүйүнүп, сахнага чыккан жатканыма карабай ошол бойдон барып калдым. Келсем эле апам, бир туугандарым, жардамчы кыздарым, эжелер машинага бантик байлап, шар үйлөп, гүл алып сюрприз кылып күтүп жатышыптыр. Кызыл көйнөгүм машинанын кызыл бантигине окшошуп атайын даярдангандай болуп калды.

Ошентип кыздарым менен жапжаңы, эч ким айдай элек машинага отурдук. Айлин түшөрү менен “бул менин машинам” деп кыйкырды. Бул унааны Айыманын туулган күнүнө ырымдап ага белек кылдым. Айрымдар муну түз түшүнүп алышы мүмкүн. Кызым азыр 11де, 6 жылдан кийин 17ге чыкканда, менин бере турган белегим бар. Мен 16га чыкканда атам да унаа белек кылган. Буюрса, 2024-жылы унаамды кызыма берип, өзүмө ошол жылы чыккан тулпар алам деп ниет кылдым. Негизи чоң эле кыялданып, Кудайдан чоң сураш керек экен. Чоң нерсенин кичинекей бөлүгүнө ээ болсок деле кандай жакшы. Дүкөндөн жаңы кийим тандап алгандай, унааны да дүкөндөн тандап алам деп ойлобоптурмун.

– Турмушуңда баары эрте болду окшойт. Эрте турмушка чыгып, эрте эне болуп, эрте жашыңдан атың чыгып дегендей. Эстеп көрсөң, биринчи жолу канча жашыңда машина айдадың?

– Айдоочулук күбөлүктү 17 жашымда алгам. Бирок, жогоруда айткандай, атам 16 жашымда унаа белек кылып, ошондо эле айдай баштагам. Атам машинаны бергенде эле мен турмушка чыктым. Апам “машинаңды таштап кет, күйөөң алып берет” десе болбой айдап кеткем. Аны кийин өзүбүздүн бизнеске жумшоо үчүн сатып жибердик.

– Бул ошондо канчанчы машинаң?

– Кызым экөөбүз отуруп алып санадык, бул онунчусу экен.

– Коомдук унааларга түшө элегиңе канча болду?

– Бир ай мурун өзүмдүн долбоорум менен троллейбуста көзөмөлдөөчү болуп бир күн иштедим. Кыздарым да биринчи жолу коомдук унаага түшүштү, алар такыр түшүп көрүшө элек экен. Жайында, буюрса, велосипед менен жүрөйүн деген оюм бар.

– Машина айдоодо ырым-жырым колдоносуңбу?

– Колдонбойм деле. Болгону жаңы алганда дароо ата-энеме айдап барам. Апам ырымдап 4 дөңгөлөгүнө, рулга сары май сүйкөп, ак жоолугун байлайт. Мына азыр да руль сары май жыттанып жатат. Анан түрдүү дубалар бар китеп дайыма жанымда жүрөт.

– Айдоочу жол кырсыгына кабылса, кайра бат эле рулга отурушу керек, болбосо машина айдагандан коркуп калат дешет. Сенде андай учур катталган эмеспи?

– Машинаны жаңы айдап жүргөндө кырсыкка учурагам. Алдымдан маршруттук такси чыга калып, рулду башкара албай калгам. Чайпалып барып, жол жээгиндеги тосмолорду сүзгөм. Он күн ооруканада жаттым, бир бутум эшикке кыпчылып, баш мээм чайкалган экен. Бирок кайра эле жаңы машина алып берип, “жашоодо ар кандай болот. Урунасың, чалынасың, коркуп калбашың керек” деп рулга отургузуп коюшкан. Кийин бир жолу бир машина келип аркамдан сүзгөн. Анда да “ишиң эми алдыга кетет” деп жакшылыкка жорушту.

– Рахмат маегиңе. Унааң да, маанайың да эч качан бузулбасын.

"Машинамды кызым Айымага белек кылдым".
"Жаңы унаа алганда дароо ата-энеме айдап барам. Апам ырымдап 4 дөңгөлөгүнө сары май сүйкөп, рулга ак жоолугун байлайт".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(54)
25.12.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу элдерге тан каламда макул жаман жагы менен элге корунду косяк кылды эл адамы болуп туруп. Но машина алганда жон эле куттуктап койгула анан иий олдум ХХХХХ дей бербей. Колунан келеби сен бер жардам муктаждарга. колунан келбейби ХХХХХ отура бер туз ######. Просто коро албагандарга тушуно да кирбейт да мындай машина
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-25 14:29:00
25.12.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
VIP_,туура айтасын, коро албай олуп кала жаздайбызда бироонун ийгилигин
25.12.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец, Анжелика менен Ассоль Молдокматова кыргыздын бизнес вумендери, өз аракеттери менен жетишти. Ушундай айымдан стимул алсаңар диванда олтуруп алып критик боло бербей,пока силер ушактаганча карып бул дүйнөдө эч нерсеге жетишпей каласыңар бала багып бактылуу болгондон и эринердин мээсин чукугандан башка, ушакташкандын ордуна иштегиле силер да эки бут эки колуңар бар бир нерсе тигип жасап дегендей.
25.12.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ice-creme, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
25.12.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын,машинан озунорго насип этсин,кыздарынын мандайында аманбол.Сенен жуксун!
25.12.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул Анжелика качан мактангагын таштайт же ХХХХХ ? Уят эле арыдан бери болсо болмок эл катары
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-25 15:12:49
25.12.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жозофиня
25.12.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфонун ар бир санында Анжелика
25.12.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын Анжелика алган машинан кут болсун.Кудайым бизге ушундай машиналарды насип кылсын.
25.12.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Машина кут болсун!Бирок менде бир суроо бар да ушул Анжелика озу суранабы менден интервью алгыла деп же Супер инфон озу барабы?
28.12.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
asdef,мен да коп ойлоном ушуну)))
25.12.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
bir krutoidu kaiyrmagina iliptirsin da
27.12.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aimai,кылгыра караап ээ?)))
25.12.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лексус кут болсун! Ак жолтой болуп кыздарына, уй булооно кызмат кылсын. Негизи лексус бир башкача сонун машина да. Канча машина айдап коруп лексус айдагандар, лексустале журуп калышат. Ошончо комфорт бар. Жакшы кундорго айда.
25.12.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кут болсун. Бизге дагы жуксун
26.12.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жакшы үйдүн акчасы экен да ушунча акча чогултканына азамат.
26.12.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай берип жатат эң негизгиси кимдир бирөөлөргө окшоп бирөөнүн казанына кол салган жок баарына өзү аракет кылып жетишип жатат
28.12.2018. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baku88,ушу сенин коменнтерин абдан жагат мага.))))
26.12.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бышкан ашка кол салам деп өзүнүн казаны комкорулуп түшүп калса деле журушпойбу элдер оозу мурду кыйшайбай ага караганда Анжелика тын үнү жок болсо да аябай аракет кылып өзү сөзүн жазып
26.12.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эбин тапсан эки жейсин дегендей эптеп жатаго кайдан болсода .
26.12.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мынча акча кандай адамдарда бар тушумдо да коргон эмесмин
26.12.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анжелика кыялданып койсо эле бир жылда кыялы аткарылып калат экен да ээ.
Анжелика мен учун да жакшы кыялданып койчу.Сенин кыялдарын жакшы иштейт окшойт...
26.12.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын, кут болсун. Мага да жуксун
27.12.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Машина кут болсун!!! Бизге да жуксун,Аллах насип этсин.
27.12.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге да Кудай насип этсин!
27.12.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодец
27.12.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кут болсун Акжолтой унаа болсун.
28.12.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсында Анжелика, сана ийгиликтер эле. Эмнегедир Урмат экоон кайра эле бирге болотургандай сезиле берет.
28.12.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кут болсун бизге да буйурсун.
28.12.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бизде даа лексус(бирок куйомдуку жок) лексусту чынырта айдайт элек гооо бирок куйом экобузго да насип эстин мага да ушундай жалпак лексус жагаааат
28.12.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатсан мага сат?
30.12.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай акчаны кайдан табат?
01.01.2019. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы да тилеген ой максаттарын орундалсын...
02.01.2019. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эрктүү адам экенсиз! Кыздарыңыз менен бактылуу, ден соолукта болуңуз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо