Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЭКИ ОТТУН ОРТОСУНДАМЫН. АРТКА ЖОЛ ЖОК»

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл

Экөөбүз кайрадан уруштук. Сенин өчүк телефонуңа 100 жолу чалып, 200 СМС жөнөтүп коюп өзүмө-өзүм көйгөй жаратып көз жашымды көл кылып отурам. Сен Бишкекке кеткен сайын ушундай. Сен телефонду өчүрөсүң, мен болсо анын себептерин издеп өзүмдү кыйнайм. Эмне кылып жүргөнүңдү билбейм, бирок башка шаарга кетсең эле көкүрөгүмдөгү кызганыч мени жеп коёт. Уктай албайм. Кээде түнү менен ыйлап чыгам. Сен бул ыйга татыктуу эмес экениңди билем. Экөөбүздүн жолубуз кошулган күндөн тартып туура эмес кадам жасаганымды билем. Сени кызганууга акым жок экенин да билем. Бул мамиле ушул жерден же дагы кийинки бурулуштан токтошу керек экенин түшүнөм. Бирок сени коё бере албайм, башкага ыраа көрө албайм, сенсиз жашоомду элестете албайм. Бек кучактап жалгыз мендик кылып алгым келет.

Бирөөгө баш ийе албаган өзүнчө эле күчтүү кыз сен каалагандын баарына макул болуп, “отур” десең отуруп, “тур” десең туруп калдым. Мага көңүл бурбай койгонуңа чыдай албайм. Кайсы күнү сени алыстатып алам, кимге тарттырып алам деп коркуу менен жашайм. Балким, жашоомдун чоң бөлүгүн ээлеп алганың үчүн анда кадимки адамдардыкындай мамилеге орун калбай калгандыр. Балким, чын эле курбум айткандай, сенден аркы жашоомду көрө албай, айланамдагы башка мырзаларды байкабай келаткандырмын. Ооба, мен алсызмын. Маселе сүйүүгө келгенде мен такыр алсыз экенимди моюнума алдым. Үйүңдөгү аялың, 5 балаңдын бар экенин билип туруп, сен эч качан мендик боло албасыңды билип туруп бул кадамга барганымдын өзү акмакчылык экенин билем.

Ар бир жолугушууга чыдамсыздык менен күтүп, канчалык кубаныч менен чыксам, кайра үйгө келгенде ошончолук көз жаш төгүп, ошончолук жүрөгүмдү кыйнайм. Мага ушул керек беле? Керек эмес экенин мен да билем. Мени азыр ар бириң күнөөлөйсүң. Дүйнөдө жалгыз мен жаңылгандай ар бириң акылмандык кыласыңар, бир тонна адеп сабагын өтөсүңөр. Бирок мага жашоомдо ушул жылуулук жетишпей жаткан болсочу? Мен дайыма мындай мамилени күтүп, эңсеп келсемчи? Мен сүйүүнү сезип, сүйгөнүмдүн кучагында алсыз, назик жан болуп оролуп жатканга муктаж болсомчу? Буга чейинки жигиттеримдин жийиркеничтүү мамилелеринен көңүлүм калган болсочу? А бирок менин сезимдерим менен ким эсептешмек эле? Менин жан дүйнөмдөгү чалкыган көл менен кимдин иши болмок эле?.. Бирок чалынып калган кезде сени менен ар биринин иши болот, сени өмүрү тааныбагандардын да. Жок дегенде жаныңдан өтүп баратып баштан ылдый сынай карап жүрөгүңө ийне сайгандан ырахат алышат.

Эч кимисинин көз карашын көзгө илбей туруп, бүт дүйнөгө “мен бактылуумун” деп кыйкыргым келсе да, оозумду басып, эки жакты алаңдап корко карап, ушул эле учурда “ушундан көрө мени алып тынбайт белең” деп боздоп ыйлагым келет. Бактылуулугумдун да, ыйымдын да себеби сенсиң. Мен тегерегимдеги бардык адамдардын арасынан жылуулукту жалгыз сенден таптым. Каалаганымдын айттырбай орундалышын эңсеп жүрүп сени таптым. Чыныгы эркектик мүнөзгө суусап жүрүп сени кезиктирдим. Жашоомо башкача өң коштуң. Менин муздап калган жүрөгүмө нур чачтың. А мен...

Азгырылдым. “Үй-бүлөлүүлөр менен сүйлөшүү – акмакчылык, эч качан андайга барбайм” деп жүргөн адам ошол өзүнүн эч качан деген сөзүнүн курмандыгы болду, сүйүүгө жеңилип берди. Убагында артымдан чуркаган жигиттер деле көп болгон. Жактырдым, айрымдарына жүрөгүмдү бердим. Бирок ар бири ишенип тапшырган сезимимди тепселеп, жанчып, ылайга ороп ойношту, жүрөгүмдөгү ишеничти, сүйүүнү какшыта сыгып туруп колума карматышкан. Алардын баары мага болгон жылуулугу эмес, атамдын байлыгына болгон кызыгуусунун артынан мени тандагандарын кеч түшүнүп, далай жаздыктарды суулагам. Анан минтип өзүмдүн идеалымды – сени жолуктурдум. Ушунча жолу чайпалып, кагылып-силкинсем да, сенин адамгерчилигиң, эркектигиң менен дагы бир жолу мырзаларга болгон ишеничиме мүмкүнчүлүк бере алдым. Албетте, экөөбүз тууралуу эч ким билбейт.

Ата-энем менен чогуу жашайм. Бирок кайсы ата-эне кызын мындай жолго барат деп ойлосун? Алар менин эки жакты карабай чалынбай, жыгылбай, түптүз жолдо жүрөт деп ишенишет. А менин эң чоң көйгөйүм – ошол ишенич. Сени менен жолугушуудан келгенден кийин алардын бетин кароо оор, кирерге жер таппай калам. Эки оттун ортосундамын. Эки оттун бирөөнөн күйө турган күнүм алыс эмес. Бирок артка жол жок. Антсе да кайра-кайра кайталайм. Мен сени сүйөм! Бишкектен кайра кайтканда телефонуңа жан кирет, сөзсүз чаласың. Балким, жолдо келе жатып да чалып эмне жеп жатканыңды, жол кандай экенин айтып бересиң.

Сен жеткенче мен бүгүнкү көз жашымдын баарын унутуп, жаныма келгениңде кайра эле бир көз карашыңа эрип, баарына макул болуп берем. Азыркы учурда мен башкача жашай албайм. Эч нерсени өзгөрткүм да келбейт. Жылдар өтүп, экөөбүз бири-бирибизге жат адам болуп калганда да бул күндөр үчүн өкүнбөйм. Ошондо көчөдөн көрүп калсаң, капкара, сулуу эмес жүзүңдөгү жагымдуу жылмаюуңду менден аяба!

Миргүл


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(28)
25.12.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Озуну озун алдап, суйуу учун коз жашым дей бер!
25.12.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Оляя Миргул мынча талантуусун аа
25.12.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
100 жолу чалып, 200 смс жазсан анан очурбой каякка барат. Озунду алдап журо бер, сен убактылуу тошок кумарысын, боктон сассыксын, эртен эле ысыгын таркайт. Кунаажын козун сузбосо, бука жибин узбойт.Сага окшогондор озун гана ойлойт, бироонун уй-булосу, балдары менен иши жок. Билип кой ак нике уй-булосун таштабайт.
25.12.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Авторду эн жакшы тушундум... Эки отко куйбонуз, эртен сизде да уй-було болот, сизде куйоо болот. Элестетиниз, сиздин куйоонузду... Ага жол бербеш учун учурунда ойлонунуз. Башканыкы болгон бироону коё бериниз, эже.
25.12.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Озунду актабай эле кой,сага окшогондордун айынын бузулат ыссык уя,сенин кайгын аялынын кайгысынын жанында чымын чакканчалык эмес,ойлосон 5балан менен Эрин сени башкага алмаштырса.Ал байкуш куйоо учун омурун,ден соолугун бардык нерсесин арнаган.Сага окшогондорду Жана ошондой эркектерди жер жарылып жутуп ийсего.
25.12.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Балким уйундо аялы жадаткандыр дешинер мумкун,бар нерсесин тартып алып 5баланы туудурдуп бактырып алып,не десе да которуш керек эркек.
25.12.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин да башымдан откон уй булолуу адамды суйуп озумду арнайм дегенге чейин баргам бирок шугур андай кылган жокмун
25.12.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жашоодо ар турдуу кырдалдар болот экен,алардын алдында суйуу бир тыйын болуп калат экен.
25.12.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Артка жол жок болушу мумкун,бирок жашоонду башка бурушун мумукун,ал нерсе озундун колунда
25.12.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Автор сүйүү үчүн баардыгына бардым деп айткысы келип жатат, бирок ошол эле убакта тирүүлөй жетим кала турган балдарды да ойлосо болмок.
25.12.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Блин ушундай жп лардын айынан мен да эрим менен нары бери болдук. Билип кой уйбулоолу эркек эч качан ойношту тандабайт. Акылдуу эркек болсо балдарын эч качан таштап кетпейт. Сага окшогондорго эркектер убактылуу гана азгырылат озун озу алаксытат кичине болсо да убакыт откорот. Азыркы кыздар олгону калганбы уй булоолу экенин билип туруп журушот. Эптеп кафеге барса, акча салдырса, машинасына тушуп алып видеого тушуп инстаграмга койсо болду болуп калган. Типа крутой машинада журом жигитимдин машина
26.12.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул албетте ойлонуп табылган чыгарма, бирок ушуга окшогон тагдырда жашаган коп кыз бардыр. Ошол кыздарга кайрылаарым, артка жол бар! Жоктой сезилет, бирок бар. Бироонун бактысын талашпай, озунордукун издегиле. Аны унутуу оор болот чыгаар, бирок коп болсо унутууга бир жылынар кетет, мейли эки жыл кетсин, бирок мамиленерди уланта берсенер 1-2 жыл эмес бутундой омурунор талкаланат. Окунбойм дейсинер, бирок сезимдер очкондон кийин эстеп алып окуносунор. P.S. жизнь
26.12.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар кимин ар нерсени суйлой бергиле. Бирок мен бул тагдырды тушуном бул суйуу бул сезим туура кыласын омурдо жакшы кундорду да кору керек.
27.12.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aidarov1988,чыркыратып беш баланы таштатып, беш баланын энесин кошо сыздатып жакшы кундорду коргондон коро олуп алган артык. мээн игтебеген сендейлердин айынан коом бузулуп атат, жашоо бумеранг. Аллахтын жазасынан коркпогондор гана ушуга барышат
26.12.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уй булону бузба.Кайдагы суйуу?!Конуп калгансын.Анан да эркектер антти,минтти депсин.Эркектен башка кылаарга ишин жокпу?Иште жаш болсон,бироого жар болуп балалуу бол.Озунду суйгонду уйрон,ошондо ал беш балалуу эркек сага жаман эле корунуп калат.
26.12.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сен озундун кыял жоругун менен ушундай тагдырга татыктуу экенсин демекчимин сенин журогунду ылайга ороп койбой эле ошол жигит соройлорун озунун тезегине чылап койбоптур . Сен ошого татыктуу шуркуясын...
26.12.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол башка жигиттерин сыяктуу бул да бир куну сени ошол суйуу толгон журогунду ылайга ороп , сезиминди тепселеп кеткенде кантер экенсин ,сен кимсин ал учун ? Сен ал учун каалаган учурда келип чанкагын кандырып кетчу адамсын , сени эч качан тандабашын билген акылдуу акмаксынгоо , артка жол жок туура , бирок алдыда жолдор бар
26.12.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыныгы эркек, чыныгы эркек, идеал, пшш ошол идеал и чыныгы эркек болсо уйдогу аялы баласы бар туруп минтпейт эле, буга чейинки жигиттериндей болуп эле бул жигитин да суйуунду ылайга ороп чапчып ойноп журот урматтуу автор
27.12.2018. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мээримге тойбой оскон бала чонойгондо ар кимден жылуулук издеп, мээрим издеп жакшы соз суйлогон адамга арбалат алданат. Баланарды коп-коп эркелеткиле, кучактап, ооп-жыттап, сени жакшы кором деп айткыла. Туулгандан баштап мээримге, суйууго бологуло.
27.12.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dobrajelatel,сизге 100% кошулам. Журокту мээримге толтуралы
27.12.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булону бузган ХХХ жек кором
Модератор admin_media түзөттү 2018-12-27 20:41:34
27.12.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамиле. Жылуу мамилеге, жөнөкөй, акысына эч нерсе талап кылынбаган мээримге чынында көпчүлүгү зар. Бул нерсени акчага сатып ала албайсың. Заказ менен да жасай албайсың. Мен түшүнөм...
27.12.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу Миргүл! Сага айтаарым өзүңдү колго ал,ат айланып казыгын табат. Сен өзүңдү кыйнап эзилгениң менен сүйгөн адамыңды кайтарып алалбайсың анткени анын жанында кошо каарый турган жубайы бар,5 баласыны,жакшы жаман күндөрдө чогуу болгон аялыны таштап,сага жетип келбейт.Эмне үчүн өзүңдү алсыз сезесин,эмнеге? Анын аялынан сенин эмнең кем? Өзүңдүн теңиңди таап бактылуу болууга сенин акың жокпу?! Ушуну ойлон,анан чечим чыгар.Бирөөнүн аманаты эч качан сага тиешелүү болбойт.Кудай баарын жуп-жубу м
AykaMer түзөттү 2018-12-27 23:33:18
28.12.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Senin kelechekte kuioono da ushundai kylsyn saga okshogon ХХХХХ))
Модератор admin_portal түзөттү 2018-12-28 10:07:12
28.12.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2буздунтагдыр окшош экен. Мен де да ушул койгой. Жаны жылга. Жаны жашоо баштап. Уй буломду 1чи орунга коеюн деп тилеп жатам бирок. Билбейм. Эрк куч керек. Албетте оной эмес
30.12.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээх жашоо жашоо. Миргул эч кимге кулак салба озундун жашоон озун чеч бирок окунбой турган болуп терээн ойлон. Анан бир жагынан эркекти куноолобогуло эркектер ойнош ойногонуна аялдары куноолуу болот. Аялы ээринин оюндагыдай болсооле ошол ээри эч бир башка аялга барбайт. Эркектин бузулганы бул аялынан.
01.01.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муну сүйүү дейт, сүйүүнү сүйүүп көргөн гана адам түшүнөт, сүйүп калсаң эч нерсесине карабай сүйөсүңго, чиркин.
07.01.2019. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirkaa5182, кучтуусуз го брат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо