№843 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл

«ЖЫЛДЫН СУПЕРЛЕРИ» АНЫКТАЛДЫ. ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ОШ, КАЗАКСТАНДАН БЕРИ КЕЛИШТИ

  1. 24-декабрь күнү Бишкектеги «Бишкек парк» соода борборунда Жылдын мыктыларын тандоо аземи болуп өттү. Кечеге маданият чөйрөсүндөгү атактуу инсандар, кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары чогулуп, быйыл жемиштүү эмгек кылган инсандар сыйланышты.

    Эске салсак, “Жылдын суперлери” наамына талапкерлер декабрь айынын башында SUPER.KGпорталына добушка коюлуп, эң көп добушка ээ болгондору жеңүүчү аталышкан.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  2. Жылдыздар Кызыл килемден өтүштү.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  3. Сыйлык тапшыруу аземин «Deka Dance» бий тобу k-pop стилиндеги шаңдуу бийи менен ачты.

  4. Кечени шоумен, телеалпаруучулар Санжар Мыкыев, Мыктыбек Мукаев жана ырчы, телеалпаруучу Чолпон Талипбек алып барышты.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  5. «Жылдын супер дебюту» – Ишен Назаров
    https://www.super.kg/article/show/46665

    Ырчы мырзага сыйлыкты «Заманыбыздын супер ырчысы» Каныкей тапшырды.

  6. Тушоосу ийгиликтүү кесилген Ишен мырза Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен дуэт аткарды.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  7. «Жылдын супер ыры» – «Апакем»
    https://www.super.kg/article/show/46665

    Алина Жетигенова «биринчи бул ырды укканда ыйлагам» деп чыгарманын аткаруучусу Ишен Назаровго сыйлыкты ыйгарды.

  8. «Кыргыз тилдүү супер вайнер» – Эмил Токтошев
    https://www.super.kg/article/show/46665

    Эмилге сыйлыкты куйкум сөздүү куудул Тынар Курбаналиев «Эмилдин вайндары Бишкекте турган оштуктарга расса жагат да» деп тамашалай тапшырды.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  9. «Жылдын супер тасмасы» – «Ата»
    https://www.super.kg/article/show/46665

    2018-жылы көп тасмалар тартылды. Алардын арасынан мурунку тамашоучу, актёр, сценарист Бакыт Осмонканов режиссёрдук кылган драма мыкты аталып, сыйлыкты Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер, продюсер, «Курманжан датка» тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз тапшырды.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  10. «Жылдын супер актёру» – Асылхан Төлепов
    https://www.super.kg/article/show/46665

    «Көк бөрү» тасмасында башкы ролду жараткан казак актёру добуш берүүдөн утуп чыкты. Казакстандан жол арытып келген актёрго сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова ыйгарды.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  11. «Жылдын супер актрисасы» – Альбина Имашова

    Актрисага наамды ыйгаруу жоопкерчилиги режиссёр Актан Арым Кубатка берилди.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  12. Актан Арым Кубат: – Мен өзүм көп сүйлөбөйм, бирок азыр сүйлөшүм керек болуп турат. 1997-жылы Альбинаны мен тапкам. Бешкемпир жакшы көрүп калган кыз ушул Альбина да. Бишкектен Тоң районуна каарман таппай, өзүм кыдырып барып, түрк лицейинен Альбинаны тапкам. Азыр Альбина эң көрүнүктүү актрисалардын бири. Ошол кезде бул кыз менден уялып турду эле, эми болсо мен Альбинадан уялып турам, чырайлуу актриса болуптур (күлүп).
    https://www.super.kg/article/show/46665

  13. «Жылдын супер клиби» – «Мурас»
    https://www.super.kg/article/show/46665

    "Заманыбыздын супер ырчысы" Мирбек Атабековдун "Мурас" аттуу ырына тартылган клип быйылкы жылдын талашкыс жеңүүчүсү аталды.

  14. «Жылдын супер ремейки» – «Жакшы сөз айтчы мага»

    Жыл ичинде жаңыча аткарылып чыккан мурунку ырлардын арасынан Сайкал Садыбакасова аткарган ыр добуштан озуп чыкты. Сыйлыкты «Заманыбыздын супер тобу» аталган "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов тапшырды.

  15. «Жылдын супер дуэти» – «Мен сени сүйөм, өмүр»
    https://www.super.kg/article/show/46665

    Бул жылда элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармалардын бири – «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу дуэт болду. Бул чыгарма добушка коюлганы бир да атаандашын алдыга узатпай супер аталды. Сахнага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева чыгып «Өзүм деле ушул ыр утат деп ойлоп жаттым эле» деп Алтынай Нарбаева жана Мирбек Атабековду наамдары менен куттуктап өттү.

  16. «Жылдын супер ырчы айымы» – Сайкал Садыбакасова
    https://www.super.kg/article/show/46665

    Ырчы айым бул сыйлык ага күтүлбөгөн сюрприз болгонун айтат.

  17. «Жылдын супер ырчы мырзасы» – Нурлан Насип

    Аталган наамга талапкерлер коюлганда эле Нурлан алдыга озуп, эч кимди жеткирген жок. Ырчы мырза 4-ирет «Жылдын супер ырчы мырзасы» аталды.

  18. 2018-жылдын мыктылары

    «Жылдын супер дебюту» – Ишен Назаров;

    «Жылдын супер ыры» – «Апакем» (Ишен Назаров);

    «Кыргыз тилдүү супер вайнер» – Эмил Токтошев;

    «Жылдын супер ремейки» – «Жакшы сөз айтчы мага» (Сайкал Садыбакасова);

    «Жылдын супер дуэти» – «Мен сени сүйөм, өмүр» (Мирбек Атабеков, Алтынай Нарбаева);

    «Жылдын супер клиби» – «Мурас» (Мирбек Атабеков);

    «Жылдын супер тасмасы» – «Ата»;

    «Жылдын супер актёру» – Асылхан Төлепов («Көк бөрү»);

    «Жылдын супер актрисасы» – Альбина Имашова («Мегатой-2»);

    «Жылдын супер ырчы айымы» – Сайкал Садыбакасова;

    «Жылдын супер ырчы мырзасы» – Нурлан Насип
    https://www.super.kg/article/show/46665

  19. Ишен Назаров: – Мен башында жеңериме ишенген жокмун. Бирок добуш берүү аяктаарына 2 күн калганда алдыда келе жатканымды көрүп ишеним пайда болду. Баарына ыраазычылык билдирем жана ишеничти актоо үчүн дагы талыкпай эмгектенем.

  20. Эмил Токтошев: – Эмоциям ашып-ташып турат. Мага добуш берген жалпыңыздарга рахмат. Сиздер бар, ушул статуэткам бар.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  21. Сайкал Садыбакасова: – Мен бир эмес, эки наамды утам деп ойлогон эмесмин. «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу менен биринчи жолу эки наамга татып отурам. Мени колдогон күйөрмандарымдын баарына рахмат.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  22. Алтынай НарбаеваМирбек Атабеков: – Эл-журт колдоп, "Жылдын супер дуэти" аталганыбызга кубанычтабыз. Демек, "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасын баары жакшы көрүшөт экен. Бизге жеңиш алып келген чыгарманын авторлоруна чоң ыраазычылык.

  23. Асылхан Төлепов: – Мени ушундай чоң мааракеге чакырганыңыздарга чоң рахмат. Кереметтүү актриса Жамал Сейдакматованын колунан сыйлык алуу мен үчүн чоң сыймык. «Жылдын супер актёру» наамына көрсөтүлгөнүмдү укканда кубандым, ошол эле учурда сыймыктандым. Жеңишти мага тартуулаганыңыздарды мен эки өлкөнүн достугу деп билем. Бул менин гана эмес, «Көк бөрү» тасмасынын режиссёру Руслан Акундун, продюсер Нурбек Айбашовдун да жеңиши.
    https://www.super.kg/article/show/46665

  24. Нурлан Насип: – Мен буга чейин 3 жыл катары менен «Жылдын супер ырчы мырзасы» аталгам. 4-ирет ушундай наамды багындыруу мен үчүн чоң сыймык. Бизди колдогон угармандарыбызга рахмат. «Супер-Инфо» – элдик гезит!
    https://www.super.kg/article/show/46665

  25. Альбина Имашова: – Актан Арым Кубат чынында сахнага, киного, театрга жол баштап берген менин устатым. Ага терең ыраазычылык. Мына 21 жылдан кийин устатымдын колунан «Супер-Инфо» гезитинин сыйлыгын алып отурам, бул мен үчүн чоң кубаныч. Үйдө кыздарым да апабыз «супер актриса экен» деп кубанып отурушат. Рахмат баарыңыздарга.
    https://www.super.kg/article/show/46665

    https://www.super.kg/article/show/46665

  26. Бакыт Осмонканов: – «Супер-Инфо» гезитине, SUPER.KG порталына ыраазычылык. Бул тасма менин дебюттук драмалык тасмам болду. Атаандаштык күч болсо да утканыбызга кубандык. «Супер тандоону» мен элдик тандоо деп билем. Андыктан бизди колдогон элибизге рахмат.

  27. «Бишкек парк» соода борборунун пиар директору Батма Казакбаева:

    – Сыйлыкты тапшыруу аземи мыкты деңгээлде өттү. Жылдыздар да жакшы даярданышыптыр. Быйыл сиздер жаңы форматта концерт өткөрүп жатыпсыздар, бизге аябай жакты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайбыз!

  28. Гүлжамал Абылкасымова  
    Адилет Бектуров 
    Жаңылай Кекеева
    star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(11)
02.01.2019. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен добуш бергендерден супер дебют, супер ыры менен И. Назаров, супер ремейк С. Садыбакасова, супер дуэт М. Атабеков & А. Нарбаева жана супер тасма (Ата) өтүптүр да.
02.01.2019. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылдын супер актеруна Болот Тентымишов татыктуу деп ойлоймун.Ата,сундук предков деген кинолордо жакшы ойноду эле.
02.01.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмил Токтошевге кандай тийип калды бул наам?кайра куч албаса болду тантырап.болбогон вайн тартып
02.01.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне Ош башка мамлекетке карайбы? Ошту Казакстанга кошуп мейман кылып коюпсунарда
02.01.2019. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал баягы талант 60к нын клибиндеги кызга аябайле окшоп калыптыр го
02.01.2019. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Альбина Имашова чын эле татыктуу!
Алмаз Шаадаев "Эми мага баарибир "деген ырды ырдап чыккан.Чындыгында клипи мыкты болгон болчу,бул жакка илешпегине тан калдым!?
Джоннинин "Куттум ай" ыры да хит болду!
Анан тиги казак дегени Музамандын "Тушунбодун" ырынын клипинде тартылган беле же ал башкабы??

02.01.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошту болуп суйлоо газетага жетиптирго эми.
03.01.2019. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экиден наам алып жиберишкен го
03.01.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тиги казак актерго кимдер добуш берди экен, мин укмуш болсо деле кыргызга эле добуш беришсе керек эле го, мисалы мен Эржан Осмоновко бергем добушумду.
06.01.2019. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тушунбой калдым жылдын мыкты ырчы айымы Асел Кадырбекова мырзасы Данияр Эрматов болчу го
07.01.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты дебют Жонинин "Күттүм ай" ыры болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо