№844 4-10-январь, 2019-жыл
Кыш. Аппак кар. Лыжа тепкенге эң сонун учур. Андыктан эс алуу күндөрү тоо-лыжа базаларына баруу – эң сонун идея. Эгер мындай ой сизде да болсо Кыргызстандын аймагындагы тоо-лыжа базалары тууралуу маалымат беребиз.
Үйрөнчүктөргө профессионал спортчулардыкындай спорттук күрмө алыштын кажети жок. Ошентсе да айрым нерселерди туура тандоо керек. Биринчи – лыжа бут кийимин тандоодо анын ыңгайлуулугуна көңүл буруңуз. Экинчи атайын лыжа тепкенге ылайыкталган шымдарды алыңыз. Бул сиз үйүңүзгө кургак бойдон кетишиңизге кепилдик берет. Сиз жаңы үйрөнгөндө көп кулайсыз. Кулоо жеңил болушу үчүн коргоочу лыжалык шлем дагы керектелет. Мындан тышкары мээлей менен көз айнек алганды унутпаңыз.
Лыжа тепкенди үйрөнүп жатканда сиз кулаганга даяр болушуңуз керек. Кулоо – бул лыжа тепкенди үйрөнүүнүн бир бөлүгү. Ошондуктан эң биринчи туура кулаганды үйрөнүү зарыл. Тагыраагы, каптал жагыңыз менен кулаганга үйрөнүңүз. Алдыны же артты көздөй кулоо менен сиз олуттуу жаракат алып калышыңыз ыктымал.
Лыжа тепкенди үйрөнүп жатканда сиз кулаганга даяр болушуңуз керек. Кулоо – бул лыжа тепкенди үйрөнүүнүн бир бөлүгү. Ошондуктан эң биринчи туура кулаганды үйрөнүү зарыл. Тагыраагы, каптал жагыңыз менен кулаганга үйрөнүңүз. Алдыны же артты көздөй кулоо менен сиз олуттуу жаракат алып калышыңыз ыктымал.
Эгер сиз бул спортко жаңыдан кызыгып баштасаңыз, сизге кыска лыжалар ылайыктуу келет. Тагыраагы, бойго ченегенде узундугу ээкке же мурунга жетиши зарыл. Кыска лыжалардын дагы бир артыкчылыгы – бурууга оңой болгондугу.
Профессионалдар алгач лыжаны таякчалары жок, тегиз жерде тээп баштоону сунушташат. Таякчаларынын жардамы жок сиз салмагыңызды бир буттан экинчи бутка которууну жана лыжанын кыймылын өзүңүздүн бутуңуз менен башкарганды үйрөнөсүз.
Тепкенди үйрөнгөндөн кийин, эми лыжаны кантип токтотууну да билип алышыңыз керек. Лыжанын эки чети атайын металл менен жасалып, кант деп аталат. Токтоо үчүн таманыңызды четке буруу менен басымды дал ушул канттарга жасайсыз. Канттарга болгон басым канчалык күчтүү болсо, ылдамдык ошончолук азаят.
Лыжа тепкенди үйрөнүп жатасызбы же профессионал болуп калдыңызбы, эң негизгиси лыжа тебүү – бул кызыктуу көңүл ачуунун бир түрү.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |