№844 4-10-январь, 2019-жыл

Борончу Кудайбергенов, куудул: «ҮЙҮБҮЗДҮ САЛУУДА ТҮЙШҮКТҮН КӨБҮН ЖУБАЙЫМ ТАРТТЫ»

  1. Бул ирет сакадай бою сары алтын куудул Борончу Кудайбергеновдун үйүнө конокко бардык. Үйү менен жөн гана тааныштырып тим болбостон, “үйдү жеңеңер бүтүргөн, бирок жеңеңердин такыр табити начар. Аны мени тандаганынан эле билсеңер болот” деп тамашалап жатты.

  2. 1-Кабат


    Кире бериш


    – Бул жерге киргенде эле эмеректер көзгө урунат. Бул эмеректерди “Борончу Show” долбооруна демөөрчү болгон эмерек салонунан алганбыз. Баасын айтпай эле коёюн, бирок кымбат. Ушул эле бөлмөнүн астында жер төлө жайгашкан. Үйүбүзгө 4 ирет уурулар кирип, баалуу буюмдарыбызды алып кетишкендиктен, көрүнгөн дагы, көрүнбөгөн дагы жерлерге камера орнотуп койгонбуз.


    Конок бөлмө


    – Абдышүкүр Нарматов ажыбыз менен достук мамиледебиз. Ошол киши үйгө конокко келгенде белек катары куран жазылган картина берген. Бул жерде шарап ичилбесин деген ойдо ушул жерге илип койгонбуз. Коноктордун саны көп болсо ушул жерден сыйлайбыз.


    Конок бөлмө


    – Азыраак конок келгенде ушул бөлмөдө сыйлайбыз.


  3. Ашкана


    – Мен көп тамактардын түрлөрүн жасай алам. Ошондуктан ашкана иштерине аралашам. Өзгөчө ашты жакшы басам. Менин ашымды сагынганда Рахман байке (ред.: Рахман Разыков) “мен баратам” деп чалып калат.


  4. 2-Кабат


    Холл


    – Ал эми бул бөлмө заманбап стилде жасалган. Мунун баары жеңеңердин эмгеги.


  5. Балдар бөлмөсү


    – Бул болсо кичүү уулум Кудайбергендин бөлмөсү.


  6. Балдар бөлмөсү


    – Улуу балам Уландын бөлмөсү. Азырынча толук бүтө элек. Жакында эмеректерди алдырабыз.


  7. Уктоочу бөлмө


    – Жеңеңер экөөбүздүн бөлмөбүз. Бул бөлмөгө атайын чоң терезе орнотконбуз. Кар жаап жатканда сырткы көрүнүш өзгөчө кооз болуп калат.


  8. Иш бөлмө


    – Эң үстүнкү бөлмө менин жеке бөлмөм. Бул жерде менин чыгармачылыктагы сыйлыктарым турат. Силерди келет деп атайын тизип койдум. Сахнадан тапкан досторумдун сүрөттөрү да ушул жерде. Жакында эле эң жакын досум, өзбек куудулу Обид Асомов каза болуп калды. Көп пландарыбыз бар болчу, мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы өкүндүрөт.


  9. Жуунуучу бөлмө


    – Үйдө 2 кабатта тең жуунуучу бөлмө бар.


  10. "Үй салуу оңой жумуш эмес экен"


    – Борончу мырза, бул ак сарайды курууга канча убакыт короттуңуз?


    – Үйүбүздү 4-5 жыл салдык. Чындыгында оңой жумуш эмес экен. "Бирөөнү каргасаң “үй салып кал” деп карга" деп айтып калышат го (күлүп). Бул жерде түйшүктүн көбүн жеңеңер тартты. Баштан-аяк үйдүн салынышын, усталардын кылган иштерин көзөмөлдөп турду. Шүгүр, үңкүр болсо дагы үйүбүз бар.
    Өзүм курулуш иштерине аралашайын десем, убакыт тар болду. Биз гастролдо көп жүрөт эмеспизби. Ар бир гастролдон келген сайын үйдүн бир жери бүтүп калып, мен үчүн жаңылык болуп жатты. Биринчи үйүбүз Республикалык оорукана тарапта жайгашкан эле. Ал үйүбүз “абдан чоң” болчу. Бир тарабы 2, экинчи тарабы 4 метр болгон (күлүп). Конок келгенде кезек-кезеги менен киришчү.


    Борончу мырзанын жубайы Ырыс айым үй тууралуу кепти улады:


    – Бул 6 сотых жер тилкебизди 1993-жылы сатып алганбыз. Үйүбүздү жаңы салып жатканда жакын досторубуздун үйлөрүнөн ар нерселерди көрүп “ушундай кылыш керек экен” деп кыялданып жүрдүм. Бул жерге үй салалы десем Борончу байкеңер алгач каршы болду. Бирок байкеңердин гастролго кеткенинен пайдаланып фундаментин куйдуруп салдым. Келгенден кийин “эми муну кантип бүтүрөм?” деп бир сыйра урушту. Ошентип бир жакка кетип жатканда “бир нерсени баштап жибербе” деп кетчү болгон (күлүп). Ал кеткенде кайра курулуш иштерин баштап жиберип отуруп үйүбүздү бүтүрүп алдык.


    Жаңыл Ниязбекова
    Адилет Бектуров
    star@super.kg



Куудул Борончу Кудайбергеновдун 3 кабаттуу үйүндө конокто

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(33)
08.01.2019. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Соонун үй экен, бизге да насип кылсын Аллахым.
08.01.2019. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Насип кылсын.
08.01.2019. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Сонун уй экен . Канча акча кетти экен е
08.01.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баласына атасынын ысымын ыйгарып койгон го
SUPER.KG видео
08.01.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жубайы кыйын киши да.
SUPER.KG видео
08.01.2019. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ойлогон ой, тилеген максатынарга жеткиле
08.01.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Үйүңөр өзүңөргө насип кылсын.Куттуу үйлөрдөн болсун,уул үйлөп,кыз чыгаргыла.
SUPER.KG видео
08.01.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кандай пейли кенен киши. Аялыңыз чынындале мыкты адам экен. Эркек киши ойчул, аял киши тобокелчил. Ойчул ойлонгончо тобокелчил тоо ашыптыр дегендей эле болуптур.
SUPER.KG видео
08.01.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй- булонуз менен бактылуу болунуздар.
08.01.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бизге дагы насип кылсын
08.01.2019. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизге да жуксун
08.01.2019. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жан дүйнө бүгүн чыккан жокпу же мен таппай калдымбы?
08.01.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ikitaidesu,чыкпайт эми омур бою чыкпайт, супер инфо гезит аркылуу сатат, биз сайттан бекер окуп жатат экенбиз
11.01.2019. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm,))))
SUPER.KG видео
08.01.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун уй экен,бизге да жуксун!Уйунуздо аура жакшы экен.Бактылуулук сезилет
SUPER.KG видео
08.01.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үйү сонунго .Жуксун бизге да !
09.01.2019. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз дагы ушундай уйлуу болсок экен.
09.01.2019. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун, кутту болсун!)))))
09.01.2019. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшылыктар болсун
SUPER.KG видео
09.01.2019. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы уй экен. Аста секин болот бизге дагы. Борончунун курагына жеткенде. Уй кут болсун насип этип бизге да жуксун
09.01.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак оргосу кут болсун! Кыргыздын соз баккан мыкты КУУДУЛУ!ИЙГИЛИК
09.01.2019. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым бизге да уй берсин!
10.01.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сериалды кантип окуйбуз эми ?
10.01.2019. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bazana, акча коротуп гезит сатып алып окуйбуз да эми
10.01.2019. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуу болсун!Чыныгы куудул,сыйлайм .Жонокой корунот...
SUPER.KG видео
10.01.2019. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги бала оомийин кылганды да билбейт экен телефонун чукуп эле отурат
10.01.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун уй экен. Береке толгон уй болсун. Бизге да насип кылсын
10.01.2019. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кут болсун бизге да буйурсун ушундай уйлорду коруп биз да уйлуу бололу деп тилек кылам. мага ийгиликтуу адамдар шык дем берет буйурса баары болот бизде да.
12.01.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо баланыз тескерисинче Кудайберген Бороончиев болобу .?Кызык экен .
13.01.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Берки четте отурган бала баардыгы бата кылып жатышса телефон чукулап отурат го,чоон эле жигит уялса болмок,бир карап коюп жайган алаканын жыйып алды го мусулман эместей болуп..
SUPER.KG видео
13.01.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кодойгон болсода ,,уйу Бийик Экен,,Ак жолтой уй болсун
23.01.2019. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун Боке жашы конушуңуз.Бактылуу болуп жашай бергиле!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо