Данияр Эрматов, ырчы: «ҮЙЛӨНСӨМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМ АКСАП КАЛАБЫ ДЕП ЧОЧУЛАЙМ»

№844 4-10-январь, 2019-жыл

Кыздардын жүрөк оорусу, бойдок ырчы жигит Данияр Эрматов жыл сайын “быйыл үйлөнөм” дей берип өзү да уялып калганын айтат. Уялчаак жигит өтүп кеткен жылы кандай ийгиликтерди багынтты, жаңырган жылы кандай пландар менен иштейт, баарын ачыктады.

– Кандайсың, Данияр? Жаңы жылың менен, Кара кийик жылынын босогосун кандай ниет, кандай максаттар менен аттадың?

– Рахмат, сиздерди да куттуктайм. Албетте, көптөгөн максаттар менен 2019-жылды тосуп алдым. Алардын башында “быйыл үйлөнөм” деген ниетим бар. Чынын айтайын, бир аз тайсалдоо болууда. Азыр болгон аракетимдин, күчүмдүн, убакытымдын баары чыгармачылыкта болуп жигердүү иштеп жатам. Балким, үйлөнсөм, көңүлдүн баары үй-бүлөмдө болуп, чыгармачылыгым аксап калбайбы деген чочулоо бар. Март айында Бишкекте жеке концертимди берем. Өзгөчө кылсам деп изденип жаткан учурум. Андан сырткары чыгармачылыктагы досторум Алмаз, Нурлан, Аваз, клипмейкер Эрнист болуп январь айынын ичинде чет жерге барып эс алууну пландадык. Азырынча Таиландды же Дубайды көздөп турабыз. Үй-бүлөлүүлөр түгөйлөрү менен барышат.

– Өтүп кеткен жылга ыраазы болдуңбу?

– Өтө ыраазы болдум, ийгиликтүү жылдардан болду. Ойлонуп көрсөм, жигердүү иштептирмин. 10 ыр жазып, 7 клип тартыптырмын. Мени колдогон күйөрмандарыма ыраазымын. Телеканалдардын биринен “Жылдын мыкты ырчысы” наамын алдым. Андан сырткары чакыруу менен чет жерлерге көп чыктым. Концерттеримде эл батпай жатты. Жеке концертимди берейин дедим эле, бирок үлгүрбөй калдым.

– “Апамдын болчу келини” деген ырың көптөгөн жүрөктөрдөн орун алды. Ырдын каарманы туурасында айтып берсең...

– Ошол ырды ырдаардан мурун апамдан, бир тууган эжем менен карындашымдан уруксат алдым. Себеби биз 3 кыз, 2 уулбуз. Башкача айтканда, “кыз күтүп жүрүп жетпеген, апамдын болчу келини” деп ырдын текстинде айтылган саптардын жеке мага, биздин үй-бүлөгө тиешеси жок. Апамдан, бир туугандарымдан уруксат сураганымдын себеби ушунда. Ошондон улам мага “Данияр, үйлөнбөйсүңбү, үйүңөрдө кыз жок турбайбы?” деген суроолор көп берилет. Ырчылар бир гана өзүңдүн тагдырыңды эмес, жалпы калайыктын тагдырын чагылдырып берет экенбиз.

– Ыр сага кандайча буюрду?

– Эки жыл мурун сахналаш беш дос Красноярск шаарына концерт коюп барганбыз. Жаныбек деген байке концерттен мени четке чакырып чыгып “бир ыр бар, ырдап чыксаң сага жарашат” деди. “Рахмат, ушунча ырчынын ичинен мени тандаганыңызга. WhatsApp`тан жиберип коюңуз” дедим. Чынын айтсам, анда көңүл бурган эмесмин. Ырды жиберди, өзүм көпкө чейин угуп жүрдүм. Жарыкка чыгары менен эле күйөрмандары көп болду, артынан клип тарттык. Ошол байкенин бир туугандары жалаң эркектер экен. Ырды өзүнүн турмушунан алып жазыптыр. Обону да ал кишиге таандык. Кызыгы, азыр Жаныбек байкенин үй-бүлөсүндө жалаң кыздар төрөлүптүр. “Мен ошентип ыр жазсам Кудай мага жалаң кыздарды берди” деген эле. Клипти да ошондой мааниде чагылдырганбыз. Мен үчүн ийгиликтүү ыр болду.

– Тойлор ал ырсыз өтпөй калды окшойт...

– Туура айтасыз, чындыгында, барган ар бир тоюмда ал ырым жаңырды. Ырдын да таасири окшойт, ушул күз айларында күнүгө тойдо жүрдүм. Эс алуу күндөрү эмес, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү да тойлор болду. Ишенесизби, 3 айды эсептегенимде 1 эле күн тойго чакырылбаптырмын. “Эмнеге бул күнү мени эч ким чакырган жок?” деп көпкө ойлондум.

– Жакшы. “Ырчы кызга үйлөнбөйм” деген сөзүңдөн, балким, айныгандырсың. Досторуң ырчы кыздарга үйлөнүп жатышат. Нурлан Насип жакында ата болот, Аваз Акимов Айдана Дека менен сүйүүсүн ачыкка чыгарды.

– Ал досторум көп убакыт сүйлөшүштү. Анын эч кандай терс жактарын көргөн жокмун. Ар бир адамдын “мындай жашасам” деген ички каалоосу болот экен. Менин бир үйдөн бир эле ырчы болсо деген принцибим бар. Мисалы, Нурлан менен Асел жакшынакай жашап жатышат. Асел ырдап да, ата-энесине кызмат да кылууда. Айдана дагы жакшы кыз, ал деле кызмат кылат, буюрса. Апамдар деле “Ырчы кызга деле үйлөн. Экөөң бири-бириңерди түшүнөсүңөр. Ээрчишип жүрө бересиңер” деп калат. Аялымдын ырчы эмес, жөнөкөй аял, эне болушун каалайм. Чыгармачылыктан алыс эле, балдарды тарбиялап үйдө отурса дейм.

– Чыгармычылыкта “мен ушул жылы иштешим керек” деп эле издене берсе ийгиликке жетет бекен же угарманыңа билинбеген сырлары барбы?

– Менин оюмча, чыгармачыл инсандарда 3 сапат болсо, ал сөзсүз ийгиликке жетет. Биринчиден, бир аз да болсо талант болушу шарт. Экинчиден, аракет, үчүнчүдөн, адамгерчилик керек. Ушул 3 нерсенин бирөөсү кем болуп калса да ал артка тартат. Мисалы, аябай таланттуу, аракети да жакшы, бирок эч ким менен мамиле түзө албаса, адамдар менен мамилеси начар болсо, анда кыйын го дейм. Адамгерчиликтүү, бирок таланты жоктор да бар. Алардын элге алынышы да оорчулук жаратат. Жылдыз кылган да, кайра жерге түшүргөн да эл. Мен атайын адамгерчиликтүү болбойм. Мени ушундай кылып тарбиялаган ата-энеме ыраазымын. Бир жерге барып концерт койгондо баары менен сүрөткө түшөм. Сүрөткө түшүүдөн тартынып четте тургандардын жанына барып өзүм түшөм. Мени жылдыз деп көкөлөтүп жаткандарга анан мен кантип жылдыз болом? Жогорудагы 3 сапатка татыктуу болсо анан ырчынын иши алга жылат. Бул 3 сапатка мен татыктуумун деп так айта албайм. Элдин айткандарынан улам татыктуу окшойм деп калам.

– WhatsApp`тагы айрым тайпалардан чычалап, эл менен айтышканыңды байкап калам. Таарынып, чыгып да кетесиң...

– Андай тайпаларда шоу-бизнес өкүлдөрү ынтымактуу болушубуз керек. Ынтымак үчүн ачылган тайпа деп түшүнөм. Жаңы эмгегимди жиберсем сындап койгон байке-эжелер, достор болот. Мисалы, бирөөнүн кылган ишин талкуулап, сынга алып жатышканда сөздү башка жакка буруш үчүн жаңы клибимди жиберип, "бөлүшүп койгула" десем, талкуу ошол жерден токтойт. Жиберген эмгегимдин жаман жагын издеп тургандарына капа болом. Жакшы жагын ашырып, жаман жерин жашыруу деген жок ал жерде. Ал улуу адамбы, урматтуубу, туура эмес сүйлөп жатса эч ким унчукпайт. Менин ушундай мүнөзүм бар, туура эмес сүйлөп жатат деп ойлосом дароо бетине “ошону өзүңүз көрдүңүзбү, далилиңиз барбы? Эмнеге антип жатасыз, оюңуз туура эмес” дейм. “Сен чоңдор менен айтышпа” дешет. Чоңдор туура эмес сүйлөсө баш ийкеп отура берген туура эмес да. Ал улуу-урматтуу да, аны көрүп канча жаштар өсүп келе жатат?

– Рахмат маегиңе. Ой-максаттарыңа жет, буюрса, ушул жылы үйлөнүү тоюңа баралы.


 

"Мени тарбиялап өстүргөн атам менен апама чексиз ыраазымын".

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Данияр Эрматов: "Үйлөнсөм чыгармачылыгым аксап калабы деп чочулайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(26)
08.01.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай жөнөкөй, таланттуу адамсыз сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Аллахым сизге эки дүйнөлүк бактылуулук берсин.
08.01.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
апамдын болчу келини сонун ыр,Даниярга да куп жарашкан. Жаныбек акенин мындан да сонун ырлары бар. ырдасанар созсуз ХИТ болот.
08.01.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Данчик чыгармачылык ийгилик !!!
08.01.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аааа кана сериал????жаман экенсинер
10.01.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Begimay.emir1, :))))
08.01.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер сериалады аябай күттүм эле.Чыгарып койгулачы,элдин назарынан калбай.
08.01.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Магада купуя сериалды жонотуптур койгулачы
08.01.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии нанай Озгонумдун кулуну.Кичине балдардай чырайлуусун укам
08.01.2019. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
баягы баягы эле дей берипсинго а так ийгилик талантыны сыйлайм
08.01.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага да сериалды окуган адамдар жиберип койунуздарчы
08.01.2019. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун балада озу. Абдан жонокой экен.
08.01.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага да жонотуп койгулачы супер
09.01.2019. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эң мыкты жигит,соонун интервью бериптир,чыгармачылык ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
09.01.2019. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы деген сөздү көп кайталайт экенсиз
09.01.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билими бар болду бекен?жалпак тил менен суйлойт экен.
SUPER.KG видео
09.01.2019. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы баягы отукчунун таягыго бул жагы. Аябай коп колдонот экен баягысын.
SUPER.KG видео
10.01.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда той жок эми ырчылар Москвага агыла баштайт.
10.01.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
10.01.2019. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериал окуйт элем, канааа? ,
11.01.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юлия Руцкаядан интервью алыныздарчы
11.01.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baklajan, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
SUPER.KG видео
11.01.2019. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналист кыз татынакай жылдыздуу экен.
11.01.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Данияр ыймандуу бала чын эле бизда бир тойдо чогу суротко тушоалбай уялып турсак,келип кучактап тушкону эч эсимден кетпейт.ал сурот дагыделе бар.рахмат ыйманына береке,ата энене чоон рахмат сендей менменсинбеген баланы остуруп чонойтуп келаткан.ырларыда мыкты.Озгондук экенинди эми билдим.
13.01.2019. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фальшивка! Бул жигит көпкө барбайт...Билими жок,сабатсыз..Вид эле болбосо а так.... Алмаз шаадаев тоже. А Нурлан, Аваз базар жок нищтяк!
14.01.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик
14.01.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо