Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АБАЙЛА, АЙЫП ПУЛДАР КӨТӨРҮЛДҮ!

№844 4-10-январь, 2019-жыл

Жаңы кирип келген жыл менен кошо кыргызстандыктар үчүн жаңы эреже, тартип бузуулар боюнча жаңы кодекс иштеп баштайт. “Административдик жана Мыйзам бузуулар тууралуу” кодексиндеги айып пулдар бир гана айдоочулар үчүн эмес, жөө жүргүнчүлөр үчүн да эселеп өстү. Бирок жолдогу коррупцияны жоюучу эч бир кескин чара көрүлбөдү. Демек, айып пулдардын өсүүсү МАИ кызматында иштегендердин капчыгын толтурууга жаңы шарт түзүп бермекчи.

ЖАҢЫ ЭРЕЖЕЛЕРГЕ ЫЛАЙЫК

• Калктуу конушта коопсуздук кур тагынбаганы үчүн:

- жеке адамга – 1000 сом

- юридикалык жактарга – 5000 сом

• Калктуу конуштан сырткары жолдо коопсуздук кур тагынбаганы үчүн:

- жеке жактарга – 3000 сом

- юридикалык жактарга – 13 000 сом


• Техникалык жактан мүчүлүштүктөрү бар, айдаганга тыюу салынган транспортту айдаганы үчүн:

- жеке жактарга – 5500 сом

- юридикалык жактарга – 17 000 сом

• Транспортко керектүү техникалык кароодон өткөн эмес унааны башкаруу:

- жеке жактарга – 3000 сом

- юридикалык жактарга – 13 000 сом


• Унааны алкоголдук ичимдик ичип, наркотикалык же токсикомандык абалда башкаруу үчүн:

- жеке жактарга – 17 500 сом

- юридикалык жактарга – 55 000 сом

• Алкоголдук, наркотикалык же токсикомандык абалдагы адамга унааны башкарууга бергендиги үчүн:

- жеке жактарга – 15 000 сом

- юридикалык жактарга – 45 000 сом

• Мас абалын текшертүүдөн баш тарткан айдоочуга:

- жеке жактарга – 5500 сом

- юридикалык жактарга – 17 000 сом


• Кесилиште, ашып өтүүдө жол эрежесин бузуу, тыюу салган жол чырактын сигналынан өтүү, айдап бара жатып мобилдик телефон менен сүйлөшкөнү үчүн:

- жеке жактарга – 3000 сом

- юридикалык жактарга – 13 000 сом


• Саатына 20 чакырым ылдамдык чегин бузганы үчүн:

- жеке жактарга – 1000 сом

- юридикалык жактарга – 5000 сом

• Саатына 40 чакырым ылдамдык чегин бузганы үчүн:

- жеке жактарга – 7500 сом

- юридикалык жактарга – 23 000 сом


• Куткаруучу унааларга жол бошотуп бербей койгону үчүн:

- жеке жактарга – 5500 сом

- юридикалык жактарга – 17 000 сом


• Жөө жүргүнчү, велосипедчи, малга чегилген транспортту башкарган жана мал айдаган жарандар жол эрежесин бузса:

- жеке жактарга – 1000 сом

- юридикалык жактарга – 5000 сом


• Айдоочулук күбөлүгү жок унааны башкарууга:

- жеке жактарга – 5500 сом

- юридикалык жактарга – 17 000 сом

КЕСКИН ЖОГОРУЛАГАН АЙЫП ПУЛДАР

 

Быйылкы жылдан тарта реформаланып бүтпөй койгон МАИ кызматында дагы жаңылык. Жол кыймыл эрежелерин эми ушундай түзүм камсыздайт. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен патрулдук-нөөмөт кызматы бириктирилип, патрулдук милиция түзүлдү. Муну менен катар жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын өлчөмү да бир нече эселеп өстү. Мунун жыйынтыгы жол коопсуздугунун жакшырышына алып келеби же жолдогу коррупцияны гүлдөтөбү, аны жакынкы убакыт көргөзөт.

Дегени менен өлкөбүздө жылдан жылга жол эрежесин бузган фактылар уламдан улам өсүүдө. Алсак, 2018-жылдын 11 айында өлкөбүздө жол эрежеси
927 667 ирет бузулган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 217 миңге көп. Ал эми бир жуманы алып караганда эреже бузгандардын саны 18 242ге чейин жетет. Статистикага таянсак, 2018-жылы эң көп жолу эреже бузулган факт – коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар болгон. Мурун бул үчүн 300 сом айып пулун төлөп келишкен болсо, быйылкы жылдан тарта айып пул 1000 сомду түзөт. Ички иштер министрлиги билдиргендей, жалпы 8 пунктка өзгөртүүлөр киргизилди. Эми эреже бузгандыгы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтурулат. Айып пулдар 1 ай ичинде төлөнүшү керек, эгерде талап аткарылбаса, айып пул күнүнө 0,5 пайызга өсөт.

КООМДУК ЖАЙЛАРДА ТҮКҮРМӨЙ ЖОК! АЙЫП ПУЛ 5500 СОМ

 

2019-жылдан тартып көчөдө жана коомдук жайларда түкүргөндөргө да айып пул салынат. Бул үчүн 5500 сом айып тагылат. Мындай чакырыкты 2016-жылы Куштар Мамыталиев аттуу жаран Фейсбук баракчасынан “Түкүрбө” деген акцияны уюштуруу менен баштаган эле. Эми бул чакырык мыйзам түрүндө иш жүзүнө кирди. “Бул көйгөй башка маселелердин артында калып келген. Бирок көчөгө чыксаң эң биринчи ушул көзгө илинет. “Тамеки чекпегиле, алкоголь ичпегиле” деп айтылат дагы, насыбайдын зыяндыгын, коомдук жайларда түкүргөн жат көрүнүш экендигин балдарга эч ким айтпайт. Эми бул маселе парламентте көтөрүлүп, мыйзам түрүндө кабыл алынды. Көчөдө таштанды таштоо гана эмес, түкүргөн да болбойт экендигин эл билип баштайт. Бирок коюлган айып пулдардын өлчөмү өтө эле чоң деп ойлойм. Менин оюмча, 200 сомдон башташса болмок. Эл көнүп, түкүрбөй баштаганда 500 сомго көтөрсө болот эле. Айып пулдун чоңдугу коррупцияга жол ачпашы керек”,- дейт Куштар Мамыталиев.

 

Түкүрүктөн башка Мыйзам бузуулар кодексинде башка бир катар тартип, эреже бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү жогорулады.

Алардын кай бирлерин алып карасак:

 

• Белгиленген жай эмес жерге таштанды таштоо, өрттөө үчүн – 5500 сом

• Жалбырактарды өрттөө – 7500 сом

• Тыюу салынган жерде тамеки чегүү – 1000 сом

• Лифттерди атайын иштен чыгаруу – 3000 сом

• Кудуктарды, люктарды ачуу – 5500 сом

• “Тез жардам”, милиция, өрт өчүрүү кызматтарын жөнү жок чакыруу – 5500 сом

• Коомдук жайларда тынчтыкты сактабоо – 1000 сом

• Үй жаныбарларын кармоодо эреже бузуу – 1000 сом



ЧӨНТӨКТҮ КАККАН РЕФОРМАБЫ?

 

Алгачкы алкоголдук ичимдик ичип алып, унаа башкарган айдоочу 1-январь күнү Ысык-Көл облусунда катталды. Экспертизанын жыйынтыгынан соң жаранга 17 500 сом айып пул салынды.

Өлкөдөгү орточо айлык акы 15 752 сомду гана түзөт. Айып пулдардын баасы элдин айлык акысын да карап, түзүлүшү керек эле. Дээрлик 3 эсеге өскөн айыптар азыртадан эле кайчы пикирлерди жаратып баштады. Эреже бузган айдоочулардын эсебинен казынаны же коррупционерлердин чөнтөгүн толтуруу аракети болбошу керек. Айдоочулар олчойгон айып пулдан сестенип, эрежени бузбай айдоосун камсыздоо биринчи орунда турат.

Мындай өзгөрүүлөр жол коопсуздугун камсыздоодогу максатына жетеби? Адегенде ушул тармактагы коррупцияны жоюу башкы маселе эмес беле? Үлкөн чиновниктер, криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү, чоңдордун эрке-талтаң балдары эч бир эрежеге баш ийбей айдап кеткен, бир нече адамды жолдо өлтүрүп салып деле жазага тартылбай жүргөн учурлар көп. Айып пулдардын жогорулашы баягы эле карапайым калктын чөнтөгүнө тийгени турат.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(8)
08.01.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тукургондорду,ичип алып машина айдагандарды жакшы эле кылышыптыр.
08.01.2019. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
7500 тологучо гаиге 500 сом берип кетип калатда.Ана коррупция гаилерди эле багабызда.Мамлекетке тушсо жакшы эле болот эле.Каяктан ага жеткирбей эле бироолордун чонтогуно тушот
09.01.2019. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошого жараша айлык акы төлөнбөйбү анда
09.01.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошол тартип бузган жаранды видео,фотого тартып алып барсаң,айып пулдун 50%ти сеники десе сонун болмок да...
09.01.2019. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГАИлердин заманы келди эми байкайсынар корупция куч алат гаилерге.
10.01.2019. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura kylyshyptyr, men koldoim bul reformany, antkeni, kanchalyk shtraf kop bolso oshoncholuk jol erejesin saktalat, evropada eldin ailygy jogoru shtrafty toloi alyshat, andai dele jogooru emes, oshentse dagy adamdar ichip alyp rulga oturgandan korkup, jol erejelerin buzbaganga araket kylyshat eken, men 18jyldan beeri Franciyada jashaim, korup atam tartip kandai ekenin!
10.01.2019. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdarga ushundai reforma kerek bolchu!
shtraftyn koptugu adamdardy oilontoor beken, jee dagy ech nerseden korkpogon kyrgyz dagy dele korkpoi tobokelge salyp, ichip alyp aidap jol erejelerdi jonu jok buzusha berebii, kim bilet?
10.01.2019. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учун калп айтышат орточо айлык 15752 сом деп. Карапайым элдин айлыгы 2000 сомдон- 4900 сом эле алышат!
Taalaibek. түзөттү 2019-01-10 21:09:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо