Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 14-ЯНВАРДАН 20-ЯНВАРГА ЧЕЙИН

№845 11-17-январь, 2019-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Өткөн аптанын көйгөйлөрүн жакшы чечүү үчүн бир өзүңүзгө ишениңиз. Активдүүлүктү, таба билгичтикти колдоно билиңиз. Ошентсеңиз сизге колдоо болуп, ишиңиздин илгерилегенин байкайсыз. Уяттуу адамдар менен баарлашасыз. Оптимист болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Адамдар менен болгон мамиле өзгөрмө мүнөздө өтөт. Чыгымдар менен бирге киреше да кирет. Кирешенин аз же көп өлчөмдө болушу сиздин купуя аракеттериңизге жараша болмокчу. Жашыруун аракеттер, жабык типтеги ишканалар аркылуу пайда табасыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кызмат абалындагы адамдар менен алака кылууда сак болуңуз. Маселе курчуп кеткен учурларда активдүү дос, жакын санаалаш, айрым ишканаларга кайрылыңыз. Жыйынтыгы сизди көп күттүрбөйт. Кубанасыз. Таанышуулар болот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөтөн шаардык өнөктөштөргө, көзөмөл органдарына азырынча ишенбеңиз. Жумушуңузду жакшы аткаруунун үстүндө иштеңиз. Кесиптештердин сизге болгон мамилеси өзгөрүп турат. Колдоону жетекчилик же өкмөт адамдары тараптан күтүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Акча, буюмдарга сак болуңуз. Чыгым чыгышы же акча тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Суроолорду туура чечүү үчүн чыгармачылык менен иш алып барасыз. Башка шаардык адамдар, текшерүүчүлөр, жакындарыңыз менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Акыркы учурда жакындарыңыз менен бузулган мамилелер жөнгө салына баштайт. Ортодо жылуу сезимдер күчөйт. Ошентсе да ортодогу чырга толук чекит коюла элек. Андыктан токтоо болуу сунушталат. Акча же буюм түрдө киреше кириши күтүлүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жумушуңузда жана түрдүү документ иштерин алып барууда сактык, тактык керек. Кесиптештердин бут тосууларына көңүл бурбаңыз. Жардам керек болсо жубайыңызга же өнөктөштөргө кайрылыңыз. Кайсы бир жактан жакшы сунуштар түшөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Романтика, эргүү, өз балдарыңызга байланыштуу суроолор акырындык менен чечиле баштайт. Киреше кирген, чыгаша чыккан учурлар да болот. Акча кирешеси жумушуңуздан кирет же карыз акчалар келет. Айылда жашасаңыз киреше мал, үй чарбасынан келет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Өткөн жумадагы жакындарыңыз жана башка тараптан түзүлгөн каршылыктар бир аз азая баштайт. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Болгону менменсинүүнү токтотуңуз. Көңүлүңүз ачылат. Сүйгөнүңүз же балдарыңыз кубантат. Акылга көп таяныңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кошуна, курбу, туугандар менен созулуп жаткан талаш пикирлерге жакында бөгөт коюлат. Азырынча мыйзам, унаа, документ иштерине жакшы көңүл буруңуз. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Үй чарба жумуштары, купуя иштер жакшы орундалат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Капчыгыңызга, жеке буюмдарыңызга сак болуңуз. Чыгым чыгышы күтүлүүдө. Акчага байланыштуу айтышуулар болот. Дос, өнөктөштөр менен тыгыз байланышта болосуз. Унаа, туугандар, сапарга чыгуу маселеси козголот. Жагымдуу кабар угасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Өткөн күндөрдө пайда болгон тоскоолдуктар азая баштайт. Кызматта иштеген адамдар менен чогуу иш алып барууга туура келет. Маанайлар өзгөрмө мүнөздө өтөт. Эске алыңыз. Активдүү иш-аракеттердин же чечкиндүүлүктүн аркасында колго акча тиет.


Жылдыз төлгө. 14-январдан 20-январга чейин

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо