Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айзуура Иманалиева: “АПАМДЫ САГЫНГАНДА КҮЙӨӨМ, СИҢДИМ ҮЧӨӨБҮЗ КУЧАКТАШЫП ЫЙЛАГАН КҮНДӨРҮБҮЗ БОЛДУ”

№845 11-17-январь, 2019-жыл

Кыргыз элинин таланттуу кызы Гүлбү Ороскул кызы каза болгондон бери бир жылдан ашуун убакыт болду. Аркасында калган эки кызы бул жоготууну кантип көтөрүштү? Ырчынын акыркы керээзи эмне болгон? Атактуу акын Элмирбек Иманалиев жашоосунда кандай из калтырган? Мунун баарын ырчынын тун кызы Айзуура Иманалиева эскерип отурду.

“АПАМ АТАМДЫН КИЧҮҮ ЭКЕНИН КИЙИН БИЛИПТИР”

– Апам бир жарым жашында атасы каза болгон экен. Ал эми иниси төрт айлык болуп таенемдин ичинде калыптыр. Таенем жалгыз бой болуп, апамды таята, таенеси багып чоңойтуптур. Таенеси тартипке бекем, айткан сөзүнөн кайтпаган адам болгон экен. Апам кемпирдин тарбиясын алып чоңойгон, бул нерсе аны турмушка бышырып, чыйрак, сергек, күчтүү кылган болсо керек. 8-класста борборго келип, таенем жетелеп барып Ашыраалы Айталиевдин тобуна кошкон экен. Кийин музыкалык окуу жайында окуп жүргөн учурунда атам экөө бирин-бири жактырып калышат. Апам кээде гана айтып калбаса көп деле экөөнүн сүйүү баянын айтчу эмес. Билишимче, атам 16 жашында, апам 18 жашында баш кошушкан. Атам өзүнүн жашынан улуу көрүнчү окшойт, апам анын 16 жашта экенин үйлөнө турган учурунда билиптир. Анан “жок, сага турмушка чыкпайм” деп чалкасынан кетиптир (күлүп). Ошол учурда атамдын “Карап, карап, кайрадан сени самап” деген саптары бар “Жалгыздык “ аттуу ыры чыгып хит болуп калат. Бул ыр апама арналган экен. Атам “үйлөнбөсөк, мен жашабай деле коёюн” деген сыяктуу көп “концерттерди” коюп жатып апамдын макулдугун алып үйлөнүшкөн экен. Чоң энем атамды 48 жашында төрөптүр, ошондон улам “уулумдун жакшылыгын эрте көрөйүн” десе керек. Апам жак деле эки жаш бирин-бири жакшы көрүп жатса деп каршы чыгышпаган окшойт.

Кийин атам менен апам ажырашып кетишти. Мен ал кезде 12 жашта элем. Ата-энемдин ажырашуусун оор кабыл алып, үйдөн качып деген сыяктуу жорук кылган жокмун. Апам бул чечимди туура кабыл алышыбыз үчүн бизди жакшы даярдады. Көп сүйлөштү биз менен. Үй-бүлөдө уруш-талаш болуп тил табыша албаса, тынч эле бөлүнүп кеткени жакшы эмеспи. Апам үйдө эркек башкаруусу керек деп тарбияланган. “Эркек кандай болсо да аял киши көтөрүш керек деп ойлоп көп нерсеге чыдап 14 жыл жашаптырмын” деп айтып калчу. Атам барда деле үйдө электр розеткаларын апам оңдоп койчу. “Жасап кой” деп айтчу эмес, менимче, атамдын талантына, акындыгына түшүнүү менен мамиле кылчу. Атам гастролдо көп жүрчү. “Атаңар китеп окуп жатат, иштеп жатат, калемсабын албагыла, ал отурган бөлмөгө кирбегиле” деп турчу. Бул да болсо апамдын акылмандыгы деп ойлойм. Азыр эле оюн-зоок, балдар ойной турган жерлер чыктыбы же ал кезде аталардын баары эле балдарына көп көңүл бурчу эмес беле билбейм. Эсимде, сиңдим Сезим экөөбүз отуруп алып атама “Ата, бизди сейил бакка алып барып келчи” дегендей мазмунда каттарды жазчубуз. Апам болсо бизге “атаңар элдин кишиси” деп айтар эле. Атамдын жан дүйнөсүн түшүнүп, анын дүйнөсүн бизге жеткиргенге аракет кылчу. Апамдын эң туура чечими болгон деп ойлойм, натыйжада биз атамды жакшы көрүп чоңойдук.

“ЖАЛБЫРАКТАН БОЛСО ДА ТАМАК ЖАСАП БЕРЕР ЭЛЕ”

– Апамдын мүнөзү ачык эле, бетке айтып кээде эркек кыла албаган, духу жетпеген нерселерди кылып койчу. Эркектин да ишин кылганды билчү, аялдыкын андан бетер сонун билчү. Эсимде, биз Туңгуч кичи районунда жашачубуз. Азыр үйлөр түшүп калды, мурун болсо жалаң беде, бака жалбырактар өсүп турар эле. Апам бизди “баскыла, мына ушул жалбырактарды тересиңер” деп тердирип, жууп-тазалап манты, оромо, самсы жасап берчү. Чоңоюп өзүмчө турмуш куруп калгандан кийин мен апамдын ойлоп тапкычтыгына баа бердим. Аял киши үйдө эч нерсе жок деп отура бербей, бир нерселерди ойлоп таап үй-бүлөсүн багуу менен алек болгону сонун нерсе эмеспи. Негизи апам тамакты жакшы жасачу. Эң мыкты жасаганы палоо эле. Мирзат (ред.: Муканов, Айзууранын жолдошу) экөөбүз баш кошкондо ал мага “апам палоо жасаптырбы, барып келбейлиби?” дей берчү. Анткени апам мейиз кошуп, чачыратып укмуш даамдуу кылып жасачу. Кайсы тамакты жасабасын креативдүү кылып бир нерселерди жаңылатып жасай берчү. Азыр кээде мага жумуртка эле кууруп берсе кана деп сагынып кетем (жашып). Кой союлуп калган учурда чыныгы кыргыздын тамактары олобо, быжы сыяктуу тамактарды жасап берер эле. Мен апам жасай алгандардын он бөлүгүнүн бир эле бөлүгүн билет болушум керек.

“АПАМДАН КИЙИН...”

– Кыздары биз эмес, күйөө баласы Мирзат деле апамды жоготуубузду оор кабыл алды. Кээде үчөөбүз кучакташып алып ыйлай берген күндөрүбүз болчу. Кайра бири-бирибизди сооротуп “болду, болду” деп калабыз. Ыйлагандан табылбайт экен. Ушул нерсе бизге жеткенден кийин кайрат кылганды үйрөндүк. Сезим экөөбүз бири-бирибизге “Сен ыйлаба, мен да ыйлабайм. Биз бири-бирибизге жөлөк-таяк болушубуз керек. Экөөбүз тең соолуп, чүнчүй бергенде элдер тебелеп кетпейби. Апам бизди күчтүү көргүсү келет” деп макулдаштык. Сезимдин көңүлүн Мирзат экөөбүз тең карап турабыз. Албетте, апамдын ордун эч ким баса албайт, бирок мага оор жоопкерчилик түштү. Өзүм жаш экениме карабай, 20 жаштагы кыздын, сиңдимдин жоопкерчилигин алууга туура келди. Кээде сиңдим экөөбүздө деле пикир келишпестик болуп кетет. “Сезим, андай кылба” дейм. Кээде апамдын сүрөтүнө барам, акыл сурап, сүрөттүн жанында турсам мага бир күч келгендей болот. Өзүмө келе түшүп “эртең эмне кылышым керек?” деп ойлоно баштайм. Апам “эркек балам жок болсо да эркек балага тете эки кызым бар” деп көп айтчу. Күчтүүлүк сиңдим экөөбүздө тең бар деп ойлойм. Апамдын өзүнүн мүнөздөрүн экөөбүзгө бөлүп бергендей. Мен ачык-айрым, эл менен тез аралашып кетем. Сезим бетке айтат, алдында ким турса да бетине эле “сен туура эмес кылдың” деп салат. Ошондой эле атамдын мүнөзү да бар. Сезим чыгармачылыкка жакын, бирок ошол нерсени көрсөткүсү келбейт. Атама окшоп өз бөлмөсүндө камалып алып эле бир нерселерди окуп, жазып жүрө берет. Күнүнө эки-үч эле жолу көрүнөт.

“СИЛЕР КҮЧТҮҮСҮҢӨР” ДЕДИ АПАМ”

– Апамдын каза болгонун тигиден-мындан көрүп көп жазышты. “Сармерденде” иштеп калганы, Гүлзат Батырканова сыяктуу эки жыл иштеп каза болгону, менимче, дал келүү эле. Мен ушинтип ойлогум келет. Бирок көз тийди дегенге кошулам. Каза болгондон бир аз мурун эле ден соолугун жакшылап текшерткен болчу. Баары эле жайында чыккан. Апам 5 жылдай мурун дал ошентип ооруган. Ушундай эле колу-буту, жүзү муздап, мен дарыгерлерге алып баргам. Бирок дарыгерлер эч нерсе таппай, молдо дем салгандан улам эле жакшы болуп кеткен. Бул жолу деле ушундай болду деп ойлодум. Каргашалуу түнү Сезим экөө чогуу жаткан, саат үчтө апам “жаман болуп жатам” деп ойготуптур. Мирзатка чалып “молдо алып келе калчы” дедим. Дем салдырдык. Сезим дары-дармекке жүгүрүп, мен балам ыйлап, жанында Мирзат болуп калды. “Бир нерсе айтам деп эле айта албай койду” дейт. Менимче, бизди аяп, бир нерсе дегиси келген окшойт. Анан катуу кыйналып чыкты. Апамдын акыркы сөзү “Мен болбой калдым окшойт, силер күчтүүсүңөр, кайраттуусуңар” дегени болду. Кыйналып жатып, комага түшүп калды да, көп өтпөй үзүлүп кетти.

Апам аз жашады, бирок саз жашады. Ошого соороном. Артында жакшы сөзү, таланты, элеси калды. Мен өмүр бою апам айткандай күчтүү болом жана күчтүү аялдын кызы экениме сыймыктанам.

"Апам азыр деле эшиктен кирип келчүдөй күтө берем".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(16)
15.01.2019. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Эне жоготуу кандай оор ээ. Барда баркына жете албай.
15.01.2019. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Гулбү аябай жөнөкөй, адамгерчиликтүү, кичи пейил кыз экен эле, Ошто бир тойдо көрүп сүйлөшүп, сүрөткө түшкөн элек. Ошондо ушундай атактуу кыздын жөнөкөйлүгүнө таң калып, ыраазы болуп баа берген элек. Жакшынын өмүрү кыска болот турбайбы, жаткан жери бейиште болсун.
15.01.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бейишин берсин ата энеден айрылуу эң оор нерсе
15.01.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Дуба кылып ыймандуу кыз бол кооп коп дуба кылып тур намаз окуу апан ошондо сенден ыраазы болот
15.01.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акыркы жылдары таланты ташкындап, аябай сулуу болуп кетти эле. Жарк эткен жылдыз өчкөндөй эле болгонмун укканда. А түгүл ишене албай ыйлагам кантип деп.
15.01.2019. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото жагымдуу аял экен эле.Суйлогондору,баскан-турганы,сулуулугу.Жаткан жери жайлуу болсун!Жакшы из калтырып кетти.Айзуура,Сезимге болсо куч-кубат,аялдык бакыт!
15.01.2019. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куран окуп тургулааа. Энелер коп жашасын
15.01.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуп жатып козумо жаш алдым!Гулбу эженин жаткан жери жайлуу болсун!
15.01.2019. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ашыкча сулуу болгон экен күлгөнү да бир жанга жагымдуу адамдардын эле назары тийди окшойт.
15.01.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гулбу эженин каза болгонун ушунчалык оор кабыл алдым,эстесем журогум ооруйт.Кантип?Эмнеге?Жаш туруп элеби?Орубай этпей элеби деген ойлор жейт.Баардык нерсе Кудайдын каалосундай болот тура аттин.Гулбу эже озгочо жан эле.Бир коргон адамына кылган мамилеси менен бутундой анын жашоосун жакшы жака озгортуп койот эле.жашоонун кереметтигин,жашоонду конулду кылып жашоо оз колунда экенин уйротот эле.Эн башкысы Кудай деп журокту таза карма калганы бут баары болуп корбогондой сонун болот дечу эле.
15.01.2019. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гулбу эжедей адамдарды коро албас,ичи тарлар эле тубуно жетет тура.Убагында не бир ушактын турун чыгарып конулун канча оорутушту.Гулбу эжедей супсулуу ички дуйносу менен сырткы дуйносу топ келген таланттар аз.окунгонум убагында барктай албадык,Сармерденде бир сом айлык албай иштечу
экен,ошондо да жагын койбой шумдуктуу создор менен сындап чыгышчу.Аз убакыттын ичинде сыйлап,баалап калышка ото аракет кылдым бирок улгурбодум.алдыда не бир сонун пландарыбыз бар эле баары бир кундо талкаланды.
fanatka19 түзөттү 2019-01-15 21:06:31
16.01.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аттиң жакшы адам эле көргөн сайын ыйлагым келет
16.01.2019. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
17.01.2019. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турган турпаты, суйлогон созу озуно куп жарашкан не деген керемет жан эле Гулбуу эжебиз.Бирок аттин жакшы адамдарды козу откон сон баалайт экенбиз адамзат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жакындарына сабыр берсин.
al79mi түзөттү 2019-01-17 09:37:56
17.01.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз эли дагы бир Таттыбубудон айрылды, Кыздары неге эскеруу концертин берген жоксунар?жок дегенде Достор тобу концерт коюп эскерип койюшса болмок.
19.01.2019. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым Фирдаус менен сыйласын,абдан жакшы корот элем ушул эжекени,арман дуйно.Аз болсо да саз жашады, Айзуура сага баа берем,азаматсын. Ийгилик сага алтыным
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо