УЧУРДУН ЭҢ КЫМБАТ МАШИНАЛАРЫ

№401 9-15-июль, 2010-ж.

1931-жылы чыгарылган Bugatti Royale Kellner Coupe аттуу машина 1987-жылы аукционго коюлуп, 8 700 000 долларга сатылып, эң кымбат унаа катары тарыхта калган. Ал эми биз учурдагы эң кымбат заманбап машиналар тууралуу кеп кылмакчыбыз.


1-орун 1 700 000 $
Bugatti Veyron

Кубаттуулугу – 1001 ат күчү
Ылдамдык алышы – 100 чакырым/саат ылдамдыкка 2,5 секундда жетет
Максималдуу ылдамдыгы – 407 чакырым/саат

«Volkswagen AG» концернине таандык «Bugatti Automobiles S.A.S.» аттуу француз фирмасы бул машинаны 1999-жылы иштеп чыгып, 2005-жылы гана жолго чыгарган. Ылдамдык алуусу 370 чакырым/саатка жеткен соң автоматтык түрдө коопсуздук системалары иштей баштайт. Ал эми мындан жогорку ылдамдыкты багындыруу үчүн айдоочу атайын ачкычты буроосу абзел. Эң ылдам машиналардын алды болгон Bugatti Veyron трассанын “куюну” болуп келе жатат.


2-орун 1 400 000 $
Lamborghini Reventon

Кубаттуулугу – 650 ат күчү
Ылдамдык алышы – 100 чакырым/саат ылдамдыкка 3,3 секундда
Максималдуу ылдамдыгы – 340 чакырым/саат

Lamborghini Reventon 19 даанасы жасалып бүтө электе, башкача айтканда, чогултулуп жатканда эле сатылып кеткен. Ал эми бирөө гана Лас-Вегаста аукционго коюлган.


3-орун 970 000 $
McLaren F1

Кубаттуулугу – 627 ат күчү
Ылдамдык алышы – 100 чакырым/саат ылдамдыкка 3,2 секундда
Максималдуу ылдамдыгы – 387 чакырым/саат

90-жылдары жарыкка чыккан бул машинанын салмагы 950 килограмм гана болгон. Кыймылдаткычы BMW үлгүсүнө тиешелүү. Балким, ошол себептен ылдамдыгы жагынан шамал менен жарышканга да даярдыр.


4-орун 670 000 $
Ferrari Enzo

Кубаттуулугу – 660 ат күчү
Ылдамдык алышы – 100 чакырым/саат ылдамдыкка 3,6 секундда
Максималдуу ылдамдыгы – 350 чакырым/саат

Жарышка түшүүчү машиналарга колдонулуучу материалдар менен жабдылган бул үлгүдөгү машиналар сатып алуучулардын санын тез эле көбөйткөн. Мисалы, 2002-жылы 400 машина чыгарылып, 670 миң доллардан сатылып кеткен. Эми компания ушул эле Enzo үлгүсүн 900 ат күчүнө теңдөө үчүн жаңы тетиктерди издөөдө.


5-орун 665 000 $
Pagani Zonda C12 F

Кубаттуулугу – 602 ат күчү
Ылдамдык алышы – 100 чакырым/саат ылдамдыкка 3,6 секундда
Максималдуу ылдамдыгы – 345 чакырым/саат

Дүйнө жүзүндөгү аз санда чыгарылган машиналардын бирине Pagani Zonda C12 F кирет. Анын башка кымбат баалуу машиналардан айырмасы – жеңилдигинде (кузову “карбон” деп аталган жеңил материалдан жасалат) жана сырткы келбетинин сулуулугунда.

АЛ ЭМИ...

6-орун. SSC Ultimate Aero ТТ, баасы – 655 000 $
7-орун. Saleen S7 Twin-Turbo, баасы – 580 000 $
8-орун. Koenigsegg CCX, баасы – 565 000 $
9-орун. Mercedes Benz SLR McLaren Roadster, баасы – 495 000 $
10-орун. Porsche Carrera GT, баасы – 440 000 $


ЖОГОРКУ ЫЛДАМДЫКТЫ СҮЙҮҮЧҮЛӨРДҮН КАТАРЫНА КИРЕСИЗБИ?

Иса Өмүркулов,
Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу:
– Ылдамдыкты бала кезимден эле жактырбайм. 17 жашымда атам Жигули сатып бергенде алгачкы жолу рулга отуруп “мен үчүн биринчи орунда коопсуздук” деп сөз бергем. Азыркы чымын-куюн кылып айдаган жаштарга да коопсуздукту ойлогула деп айтар элем. Көптөн бери кызматтык машина менен жүргөндүктөн, менчик машинам жок. Өтө кымбат машиналарды көп деле жактыра бербейм. Ошондуктан “С” классындагы орточо баадагы Мерседестер жагат.

Жамбыл Камчиев,
куудул:

– Катардагы айдоочулардай эле 60-80 чакырым/саат ылдамдык менен жүрөм. 100дөн ашыкча газды баскандардын баарын өлгүсү келгендер деп эсептейм. Ылдам айдап өзүн көрсөтөм деп көпкөндөрдүн айынан канчалаган өмүрлөр кыйылып жатат. Учурда эл катары Фольсваген Мультиан деген машина алып койгом. 2 жылдан бери бузулуп, чаң басып, айдалбай жатат.

Канат Бегалиев,
спортчу:

– Маанайым жакшы болгондо жана машыгууга кечигип жатканда гана катуу айдайм. Эң максималдуу дегенде спидометр 140ка барат. Бирок ушунун айынан МАИчилерге көп кармалып калам. Ошентип, айдоочулук күбөлүгүмдү деле далай жолу алдыргам. Учурда Жип Тойота Прадо үлгүсүндөгү машина айдап жүрөм. Бирок жакында кубаттуулугу жогору машина алганы турам.

Бакыт Байсариев,
бийчи:
– Жогорку ылдамдыкты абдан жакшы көрөм. Кээде 180-200 чакырым/саат ылдамдыкка чейин басам. Ошол себептен машинаны бензинди көп жегенине карабай, кубаттуулугуна карата тандайм. Учурда Хонда Легенда үлгүсүндөгү машинаны айдап жүрөм. Бирок машина алмаштыруу адатка айланып бара жатат окшойт. Ушуга чейин 14 машина алмаштырдым. Ошондо жылына төрттөн машина алмаштырат экем.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
12.07.2010. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катуу ылдамдыктан мээ сергийт дегенге кошулам. айына бир жолу 180-200го айдап кою жакшы. бирок айдай турган жерде!
Канаттын 140 макси дегенине ишенбейм :) ал ылдамдыкка ыраазы болбосон керек.
14.07.2010. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугати вейронду под конвейер салып салышканго )).
а ламборгини ревентон болсо болгону 20 даана. сатыла турганы 19 даана бироону ламборгининин музейине коюшкан. россияда экоо эле (азырынча) бар бири питерде нефтяной магнаттыкы экинчиси чечня президенти Рамзан Кадыровдуку
14.07.2010. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2010 ламборгини Lamborghini Reventon ROADSTER деген маркасын чыгарган ал да 20 даана питердеги roadster маркасы ))
18.07.2010. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык го эмне МИКАСА экообуздон башкасы кызыкпайбы манишелерге ))
24.08.2010. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамбыл Камчыев агабыздын айтканына толук кошула бербейм.Анткени эгер озуно,машинасына ишенсе анан басыш керек мен да ылдамдыкты суйгондордун катарындамын
17.10.2010. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамбылды камчыласан да 60 ашбайт.
28.12.2010. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогорку Ылдамдык бул негизинен АДРЕНАЛИН ошон учун баары жактырат
02.01.2011. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшек арабадан отоору жок!
16.06.2011. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура,колдойм
01.07.2011. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса вертолёттун мотору коюлган машина алам.:))))))ылдамдыгы 450км/ч.:))))
05.07.2011. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
асманда учсан айкырып,
жердегилер клат кайгырып
дегендей эле болот экенсин да axmed88
29.08.2012. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен хонда фит менен ооруп жатам...
01.09.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айдасанар бмв айдагыла ошондо адреналин кармайсынар!
21.07.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bugatti Veyron машинам долгондо, сатып жиберип Мерс S класс алып, омур бою иштебей жашайт элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо